(Кыргыз) Алдамчылыкка шектелген талапкер фамилиясын өзгөртүп, шайлоону жеңип чыкты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социал-демократтар партиясынын тизмеси боюнча Султанбек Абдуллажанов аттуу талапкер Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп калышы ыктымал. Ал тизмеде ишкер, курулуш компаниясынын директору катары көрсөтүлгөнү менен чынында Арапбаев экенин жана ал буга чейин алдамчылыкка шектелгенин өздүк булактардын жардамы менен аныктадык. 

Султанбек Абдуллажанов – Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин агасы Мухтар Арапбаевдин уулу. Азамат Арапбаев Оштогу ийгиликтүү ишкер, анын Аравандагы ири цемент заводу учурда жубайы Нурсауле Арапбаеванын наамына катталган. КСДПга мүчө болгонго чейин Арапбаев Бакиевдерге таандык делген “Ак Жол” партиясынан депутаттык мандатка ээ болгон. Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен аттанып, Ош шаарындагы штабды жетектеген. Азамат Арапбаевдин бир тууган агасы Мухтар Арапбаев –  Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри.

Султан Абдуллажанов деген ким?

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра шайлоо өтүп, анда бир канча партиянын катарында  Социал-Демократтар партиясы жеңүүчү деп табылды. Социал-демократтар болжолдуу беш мандатка ээ болот, алардын арасынан Султан Абдуллажанов аттуу талапкер да бар.

Тизмеде Абдуллажанов “Баасыз Строй” ЖЧКсынын башкы директору катары көрсөтүлгөн. Ал май айында үй камагына алынганы белгилүү.

Өздүк булагыбыздын айтымында, Абдуллажанов шаардык кеңешке өтүү үчүн жана мурдагы кыңыр иштери коомчулукка белгилүү болбосун үчүн атайын фамилиясын өзгөрткөн. Бирок, ага карабай, апрель айында Ленин РИИБ тарабынан кармалып, кийинчерээк, Ленин райондук соту үй камагына чыгарган.

Factcheck.kg Султан Абдуллажановдун иши тууралуу жаңы жагдайларды билүү максатында шаардык соттун басма сөз кызматы менен байланышты. Пресс-катчы маалыматты берем деп убадалаганы менен кийинчирээк жооп берген жок. 

Абдуллажанов чынында Арапбаев

Абдуллажанов БШКнын сайтындагы тизмекте “Баасыз Строй” ЖЧКсынын башкы директору катары көрсөтүлгөн. OsOO.kg сайтында бул маалымат тастыкталат. Компаниянын негиздөөчүсү катары Мухтар Абдуллажанович Арапбаевдин ысымы көрсөтүлгөн. Ал Азамат Абдуллажанович Арапбаевдин бир тууган агасы.

Демек, Султан өзүнүн чоң атасынын ысымын алган деген тыянакка келебиз.

Өздүк булактарыбыз маалымдагандай, Социал-Демократтар партиясынын талапкери Султан Абдуллажанов таасирдүү аткаминердин тууганы деген маалымат тастыкталды. Бирок ал шаардык кеңешке өтүү максатында фамилиясын алмаштырды деген билдирүү далилденген жок, себеби  “Баасыз Строй”  компаниясы каттоодон өткөн мезгилде, 2017-жылдын 4-октябрына карата ал жаңы фамилияны алып жүргөн.

Бирөөнүн унаасын күрөөгө койгон

Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматка ылайык, 31 жаштагы Султан Абдуллажанов алдамчылык беренеси боюнча жана документтерди жасалмалады деп айыпталган. Бишкек шаарынын тургуну Азамат Арапбаевдин агасынын уулдарын алдамчылыкка айыптаган.

Жаңылыкта Азамат Арапбаевдин бир тууганынын баласы Султан Арапбаев Адилет Алымовдон автоунаасын күрөөгө коюп, 30 миң доллар алганын ырастаганы жана  күрөөгө коюлган автоунааны айдаганы тууралуу айтылат.

Алымовдун айтымында, ал эл өкүлү Арапбаевдин инилери Султан жана Мирлан Арапбаевдердин балдарына ири суммадагы акча карыз берген. Карызды тез арада төлөп беребиз деп, күрөөгө Lexus жол тандабас унаасын таштап кетишкен. Бирок кийинчерээк алар унаанын ээлери эмес экени белгилүү болгон.

Макалада 2017-жылдагы көптөгөн билдирүүлөрдөн кийин Султан менен Мирлан Арапбаевге карата “алдамчылык” жана “документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча иш козголгону айтылат. Ошол эле жылдын август айында иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бирок 2018-жылдын июнь айында сот айыпталуучуларды кылмыш курамынын жоктугу үчүн актаган.

 340 миң доллардык үй алып, акчасын берген эмес

Социал-демократтар партиясынын талапкери алдамчылыкка айыпталган дагы бир факт белгилүү. 2021-жылдын 27-мартында Бишкек шаарынын тургуну Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Султан аттуу бейтааныш адамга чара көрүүнү өтүнгөн.  Анын айтымында Султан 2019-жылдын август айында 340 миң АКШ долларына үй сатып алып, акчасын бир айдын ичинде бере турган болот. Бирок келишимди шартын аткарган эмес. 

РИИБдин айтымында 2019-жылдын 13-сентябрында Султан Абдуллажанов карыздан кутулуу максатында Севастополь көчөсүндө салынып аткан үйдүн 7 батирин берүүнү убадалаган.

“Бул батирлердин жалпы баасы 279.6 миң доллар, ал эми калган 60.4 миң долларына бетон аралашмасын бере турган болмок (редакциядан: эске салсак, депутаттын жубайы бетон заводуна ээлик кылат). Ал каражатты төлөгөндүгү тууралуу квитанция берген. Бирок Султан кайрадан убадасын аткарган эмес. Жыйынтыгында 340 миң долларлык зыян келтирген”, -деп билдирген РИИБ.

Kaktus.media басылмасы Ички иштер башкармалыгы 30-апрелде тинтүү учурунда шектүү Абдуллажанов кармалганын жана амактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен, ага алдамчылыкка шектүү деген эскертүү берилгенин жазып чыккан. Ошол эле күнү ал тергөө кызматына алынып келинип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк ал Ленин райондук соту тарабынан үй камагына бошотулган.

Жыйынтык: Социал-демократтар партиясынын кандидаты Султан Абдуллажанов (Арапбаев) Жогорку Кенештин депутаты Азамату Арапбаевдин бир тууган агасынын уулу. Ал алдамчылыкка шектелип, үй камагына бошотулган. Учурда анын иши тууралуу маалыматты билүү мүмкүн болгон жок.