(Кыргыз) Президент Садыр Жапаров декларацияда жубайынын бизнесин көрсөткөн эмес

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президент Садыр Жапаров декларацияда жубайынын бизнесин көрсөткөн эмес

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы жакында аткаминерлердин 2021-жылдагы кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларды жарыялады. Президент Садыр Жапаров салык отчетунда 2021-жылы кирешеси 998 миң сом болгонун көрсөткөн. Бирок ал отчетуна бардыгын киргиздиби, же жокпу, аны Factcheck.kg тактап чыкты.

Эскерте кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө мыйзамга ылайык, декларант жакын туугандарынын – жубайынын, жашы жете элек балдарынын, анын багуусунда же болбосо толук камкордугунда турган адамдардын мүлкү тууралуу маалыматты ачыкташы керек.

Мисалы, мамлекет башчы декларациясында аянты 0.6 гектар айыл чарба багытындагы жер участкасын көргөзгөн. Жеке мүлкү катары Садыр Жапаров башка эч нерсе көрсөткөн эмес.

Жакын тууганынын мүлкү деген графага президент 17.2 чарчы метрлүү гаражды гана жазган. Салык отчетуна ылайык, Кыргызстандын биринчи айымынын башка кирешеси жана бизнеси болгон эмес.

Бирок Factcheck.kg редакциясы президенттин жубайы Айгүл Жапарованын коммерциялык компаниясы бар экенин аныктап чыкты.

Айгүл Жапарова экс-депутат Жунус уулу Адылдын (Садыр Жапаров аны досум деп атаган, ред. түш.) эми мурдагы аялы Турсун кызы Туран менен биргеликте коммерциялык бизнес жүргүзөт – алар 2021-жылдын мартында “Ак-Үмүт” ЖЧКсын негиздешкен.

Турсун кызы Туран жана Айгүл Жапарова

Компаниянын директору болуп Рыспек кызы Жазгүл эсептелет. Ишмердүүлүгүнүн түрү – «Бизнес жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүү».

 

Журналисттер бул компания тууралуу уюштуруу документтеринен тышкары башка маалыматты таба алышкан жок. Анын сайты жана социалдык түйүндөрдө баракчалары жок.

Бирок OsOO.kg сайтындагы маалыматтар базасына ылайык, “Ак-Үмүт” компаниясы ачылганынан бери салыктарды туруктуу төлөп келет, бул анын такай иштеп жатканын жана анын кирешеси бар экенин көрсөтөт. 2021-жылы компания 280 миң сом салык төккөн, ал эми 2022-жылы салыктын көлөмү 1 млн сомду түзгөн. Жаңы 2023-жылдын толук эмес бир айында салыктык төлөмдөрү 77 миң сомду түздү.

Фирма “Асман” бизнес-борбору жайгашкан Ибраимов көч., 96 дареги боюнча катталган. Бул имарат ирандык инвесторлорго 800 миң долларга турган – алар бул суммадагы каражатты имаратты куруу үчүн Жунус уулу Адылга беришкен болчу. Жыйынтыгында алар акчасыз да, имаратсыз да калышкан, ал эми узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин бул имарат ал кезде никеде турушкан Жунус уулу Адылдын жубайы Турсун кызы Туранга өткөн. Мамлекеттик каттоо кызматындагы учурдагы маалымат боюнча, Жунус уулу Адыл жана Турсун кызы Туран ажырашып кетишкен.

Кененирээк маалыматты “800 миң доллар чыгым тарткан инвестор менен Садыр Жапаровдун байланышы” макалабыздан алаласыздар.

2021-жылдын октябрында кадастрдык билдирмеге ылайык, “Асман” имараты толугу менен саясатчылардын жубайлары ээлик кылган компаниянын менчигине өткөн. Ушул эле имаратта Айгүл Жапарованын эки коомдук фондусу катталган, ал эми президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Садыр Жапаровдун штабы жайгашкан болчу.

Тыянак: президент Садыр Жапаров декларациясында жубайынын кирешелерин жана чыгымдарын, ошондой эле бизнестеги үлүшүн көрсөткөн эмес. Компания төлөгөн салыктарга ылайык, Айгүл Жапарова кошо негиздөөчү болуп эсептелген фирманын кирешеси бар. “Ак-Үмүт” 2021-жылдын мартында катталган, а демек жылдын жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров компанияны декларацияда көрсөтүшү керек болчу.