(Кыргыз) Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мифтердин бетин ачабыз: эмнеси чын, эмнеси калп?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мифтер жана фейктер адамдарды жаңылыштырып гана тим болбой, климаттык кризистин кесепетин азайтыш үчүн тийиштүү чараларды өз убагында көрүүгө залакасын тийгизип келет. Factcheck.kg глобалдык климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эл арасында кеңири тараган мифтерди жана фейктерди талдап чыкты.

Дүйнөлүк жылуулануунун аркасында саясий кызыкчылыктар жатат

YouTube коомдук тармагында биз публицист Анатолий Вассерман: «атаандаштарынын өнөр-жай өндүрүшүнүн өнүгүүсүн каалабаган бир нече өнүккөн өлкө жылуулануунун парник теориясын колдоп келет», – деп айткан видеону таптык. Видео бир нече миң жолу көрүлгөн экен (2:06-2:19).

Сандар эмне дейт? АКШнын экологиялык маалыматтар боюнча улуттук борбордун (NCEI) билдирүүсүндө, жылдын орточо температурасы жыл сайын өсүп келет. Сайтта 1850-жылдан 2024-жылга чейинки маалыматтар келтирилет, андан температура жогорулап жатканын көрсөк болот.

Борбордун талдоосуна ылайык, 2024-жылы март айында жердин бетиндеги температура орточо температурадан 2,09 градуска жогору болгон. Ал эми океандын температурасы тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, орточо температурадан 1,01 градуска жогору болгон. Бул 2016-жылы катталган мурдагы марттагы эң жогорку температурадан 0,18 градуска жылуураак. Ошол эле кезде бул катары менен катталаган 12-айдын рекорду болуп эсептелет.

Кыргызстанда орнотулган NASA метеостанцияларынын маалыматтарына кайрылсак, андан да температуралар жыл сайын көтөрүлүп жатканын байкайбыз.

БУУнун отчету боюнча, глобалдык жылуулануунун негизги себеби – адамдын ишмердүүлүгүнүн негизинде парник газдарынын бөлүнүп чыгарылуусу. Бул 1850-жылдан 1900-жылга чейин абанын температурасынын 1,1 градуска көтөрүлүшүнө алып келген. Жакынкы 20 жыл аралыгында бул көрсөткүч 1,5 градуска жетээри же андан ашып кетээри күтүлөт.

Окумуштуулардын божомолунда, жакынкы он жылдыктарда климаттык өзгөрүүлөр планетабыздын бардык жерлеринде күчөйт, мисалы, ысык мезгил узагыраак созулуп, муздак сезондор кыскара баштайт. Цельсия шкаласы боюнча глобалдык жылуулануу 2 градусту түзгөндө биринчилерден айыл чарба жабыркайт жана саламаттык сактоо тутумуна күч келет.

Тыянак: калп. Климаттын өзгөрүп жатканын БУУ, NASA жана АКШнын экологиялык маалыматтар боюнча улуттук борбору тастыктайт. Ошол эле кезде климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселени чечүү өнүгүүсүнүн деңгээлине карабай бардык өлкөлөргө пайдалуу. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү адамдын ден соолугун чыңдоого, экотутумду коргоого жана экономикалык өсүшкө дем берүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

Муз доору башталат

Factcheck.kg редакциясы жакынкы убакта глобалдык жылуулануу эмес муз доору башталат деген билдирүү менен таанышты. Мындай божомол айтылган видео 54 миңден ашык жолу көрүлгөн.

Видеонун автору 2020-жыл менен 2030-жылдын ортолорунда күн циклдери бири бирине таасир этип, бири биринин күчүн жокко чыгаргандыктан күндүн активдүүлүгү кыйла төмөндөй түшөт дейт.

«Башкача айтканда жер бетинде абанын температурасы кыйла төмөндөп, жаңы Маундердин Минимуму башталат – көп убакытка созулган күн бетиндеги тактардын азайышы, мындай көрүнүш 1645-жылдан 1715-жылга чейин болгон. Ошондо ал эмес Лондондогу Темза дарыясы тоңүп калган болчу», – дейт видеонун автору.

Видеонун автору айтканына кошумча далил катары глобалдык жылуулануу менен муз доорунун башталашынын ортосундагы байланышты келтирет.

«Глобалдык жылуулануу кантип муз дооруна алып келиши мүмкүн? Мөңгүлөрдүн тез эригенине байланыштуу жылуу агымдардын жүгүрүүсү бузулат. Андан кийин Европада, Түндүк Америкада жана жалпы эле жер бетинде температура түшөт: жылуу агымдардын жүгүрүүсүнүн бузулганына байланыштуу экватордон жылуулук Европага жана Түндүк Америкага келбей калат. Бирок эң коркунучтуусу – Европа өлкөлөрүндөгү жылуу климаттын себепчиси Гольфстрим жылуу агымы толук токтогондо болот. Канчалык кызыктай угулбасын, бирок глобалдык жылуулануу бара-бара муз дооруна алып келет».

Өз кезегинде, Космос аба-ырайы жана климаты (JSWSC) журналынын изилдөөсү боюнча, Маундер Минимуму жана Кичи муз доору бири бири менен түз байланышта эмес.

Окумуштуулардын билдирүүсүндө, муз доорундагы күндүн активдүүлүгүнүн ролу азырынча белгисиз жана ал андан аркы изилдөөлөрдү талап кылат. Күндүн активдүүлүгү климатка, өзгөчө аймактык деңгээлде жана айрым мезгилдерде, таасир тийгизе алат.

Байкоолор жана моделдик изилдөөлөр көрсөткөндөй, күндүн активлдүүлүгү төмөн кезде Европада кыш суугураак болот. Бул жалпысынан жылуулуктун азайышына эмес, анын бөлүштүрүлүшүнө байланыштуу. Таасири өтө эле аз жана аны статистиканы колдонгон учурда гана байкаса болот.

Ошондой эле окумуштуулардын пикиринде, аба-ырайынын кайсы бир кубулушун же климаттын өзгөрүшүн жалгыз гана күндүн активдүүлүгү менен түшүндүрүү жарабайт.

Тыянак: далилденген эмес.

Глобалдык жылуулануу табигый процесс болуп эсептелет

«Глобалдык жылуулануу табигый процесс болуп эсептелет, ал Жердин абалына байланыштуу жана мындай өзгөрүүлөр планетабызды мурда да болгон. Болгону миң жыл мурун Жер бетинде азыркыга салыштырмалуу 5-10 грауска жылуураак болгон. Ооба, анда термометр жок болчу, ошондуктан кыйыр көрсөткүчтөрдү колдонууга туура келет. Бирок акыркы жарым миллион жылдагы Антарктидагы муздун курамы аны тастыктайт. Ар бир глобалдык жылуулануу башталган соң бир нече он жылдан кийин абада көмүр кычкыл газынын үлүшү көбөйө баштайт. Физиканын мыйзамдарына ылайык бул жылууланууну толук токтото албаса да, аны бир аз жайлатат жана космостук себептерге алып келет», – дейт публицист Анатолий Вассерман “Известия” каналында.

Ролик дээрлик 6 миң жолу көрүлгөн.

Nature журналныны маалыматы боюнча, акыркы 2000 жыл аралыгындагы эң жылуу мезгил 20-кылымга туура келет. Климаттын өзгөрүшү жер бетинин 98%ында байкалууда. Бул дагы бир жолу учурдагы климаттын өзгөрүшүн кокус өзгөрүүлөр менен эмес, CO2 жана башка парник газдарынын антропогендик бөлүп чыгаруулары менен түшүндүрсө болорун көрсөтөт.

«Мурдагыга салыштырмалуу, кеминде дегенде акыркы 2000 жыл аралыгында, орточо глобалдык температура 20-кылымда жогорураак гана болбостон, жылуулануу эми биринчи жолу бүткүл планетада байкалып жатканын биз мурда билбейт элек», – дешет окумуштуулар.

Тыянак: жарым жартылай чындык. Ооба, Жерде мурда да жылуулануулар болуп турган. Бирок мурда жылуулануу Жердин бардык бетинде эмес, айрым гана аймактарында байкалчу.

Эмне үчүн бизди бир же эки градуска глобалдык жылуулануу тынчсыздандырышы керек? Биз жашаган жерде температура күн сайын ары-бери өзгөрүп турат эмеспи.

Алгач аба-ырайы менен климаттын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз керек. Аба-ырайы абадагы кыска мөөнөттүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, ал эми климат кайсы бир узак мөөнөттүү мезгилде кайсы бир аймакта кандай аба-ырайы боло турганын көрсөтөт.

Ошентип, эгер климат өзгөрүп отуруп, жылуулануу 2 градуска жете турган болсо Жердеги деңиз жээктеринин 70%нан ашыгында деңиз деңгээли 0,2 метрден ашык көтөрүлөт. Бул көп жердин суу астында калышына, жээктердин кемирилишине, суулардын тузданышына жана дагы башка адамдардын жашоосуна жана экологиялык тутумдарга терс таасирлерге алып келет.