Factcheck в Мире Избранное

(Кыргыз) Орусия Ооганстандан импорттолгон товарларга төлөмдөрдү жокко чыгардыбы? Текшеребиз

28.07.2022

(Кыргыз) Орусия Ооганстандан импорттолгон товарларга төлөмдөрдү жокко чыгардыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык түйүндөрдө Орусиянын өкмөтү Ооганстандан импорттолуп келген товарларга төлөмдөрдү жокко чыгарганы тууралуу маалымат пайда болду. Ооганстанда бийлик  террористтик «Талибан» кыймылынын колунда экендиги белгилүү, андыктан бул маалымат кызуу талкууга түштү.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

Белгилүү болгондой, 25-26-июль күндөрү Ташкент шаарында «Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү» аталышындагы  эл аралык конференция болуп өткөн.

Иш-чарага БУУ Башкы катчысынын өкүлү Маркус Потцель, Европа, Кытай, Орусия, АКШ, Борбор жана Түштүк Азия, Жакынкы жана Орто Чыгыш, Азия-Тынч океан аймактарындагы өлкөлөрдүн жана Евробиримдиктин атайын өкүлдөрү,  Ислам кызматташтык жана Экономикалык кызматташтык уюмдарынын жетекчилери, эл аралык каржы институттары менен алдыңкы аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышышкан.

Кыргызстандан барган делегацияны президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү  Таалатбек Масадыков жетектеген.

Ооганстандан тышкы иштер жана каржы министрлеринин милдеттерин аткарып жатышкан Амирхан Муттаки жана Хидаятулла Бадрия катышышты.

26-июлда РФ президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү  Замир Кабулов өз сөзүндө Орусия Ооганстандан импорттолчу товарлардын төлөмдөрүн жокко чыгарганын, ошондой эле ооган тараптын буудай жана муңай азыктары бонча өтүнүчтөрүн канаттандырууга даяр экенин билдирген. Анын айтымында Орусия “ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөргө жана өтүнүчтөрүн канаттандырууга толук даяр”.

Демилге кадамы катары Орусия өкмөтү ооган импортуна болгон бажы төлөмдөрүн жокко чыгарды, буга кошумча биз Ооганстандын соода министрлигинен өлкөнү биринчи кезекте кызыктырган товарлардын тизмесин алдык”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында Владимир Путин “Валдай” талкуу клубунун пленардык сессиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө  Орусияда “Талибан” кыймылын тыюу салынган террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарууга ниети бар экенин билдирген. Ошентсе да, азыркы күнгө чейин 2003-жылдын 14-февралында кабыл алынган Жогорку соттун чечими күчүндө. Учурда бул кыймыл дагы да болсо тыюу салынган террористтик уюм катары саналып келет.

Кыргызстанда да ушундай, тактап айтканда “Талибан” кыймылы тыюу салынган террористтик уюмдардын катарында.  Ошентсе да эл аралык иш-чарада КР президентинин атайын өкүлү Талатбек Масадыков  дүйнө коомчулугун азыркы ооган өкмөтү менен мамилелерин оңдоого чакырды.

Белгилей кетсек, Орусияда көз карандысыз ЖМКлар талиб кыймылын тыюу салынган террористтик уюм деп көрсөтүшсө, ал эми Орусия өкмөтүнө караштуу маалымат ресурстары ““Талибанды” террористтик ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциялары астында калгандыгы” тууралуу маалыматтарды таратууда.

Жыйынтык: чындык. Орусия чындап эле Ооганстандан алынып келген товарларга бажы төлөмдөрүн жокко чыгарган жана “Талибан” кыймылы Жогорку соттун чечими менен тыюу салынган уюмдардын тизмесинде болгонуна карабастан, ооган өкмөтү менен кызматташууга даяр.

Иллюстративдүү фото: Rt.com

 

Журналист, фактчекер, расследователь, редактор. Выпускник школы расследовательской журналистики TRACK. Соавтор ряда резонансных журналистских расследований.