(Кыргыз) Украинага акча каражат топтолуп атканы чын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Украинанын аскер күчтөрүнө жана согуштук аракеттерден жапа чеккендерге каражат чогултуу тууралуу билдирүү кеңири жайылды. Каражат чогултуу  Razom for Ukraine долбоорунун алкагында жана PlantATreeCo веб-сайты тарабынан ишке ашырылат.

Украиналык ЖМКлар бул билдирүүнү төгүндөп, фейк деп атады. Ал эми Factcheck.kg бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип көрдү. 

 

Razom for Ukraine долбоору Украинада 2014-жылы негизделген. “Разом” – “биргеликте” деп которулат. Аталган долбоор кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоорлорду демилгелеп, Украинага жардам берген өнөктөш уюмдар менен кызматташат.

Көптөгөн басылмалар каражат чогултуу тууралуу билдирүүнү фейк деп атаган соң, Razom for Ukraine долбоору социалдык тармактардагы баракчаларында акча чын эле алардын эсебине түшүп жатканын ырастаган бир катар билдирүү жасаган. Ал ошондой эле PlantATreeCo компаниясына маалымат таратууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Белгилей кетсек, PlantATreeCo компаниясынын Instagram аккаунтуна 1 миллион колдонуучу катталган. 

 

ЖМКлардагы маалыматка ылайык, PlantATreeCo компаниясы Австралиядагы ири өрт учурунда өлкөгө жардам берүү үчүн каражат чогултууну жарыялаган. Ал эми журналисттердин айтымында каражат чогултулган учурда реалдуу жардам көрсөтүү фактылары болгон эмес. Бирок журналисттер бул тууралуу конкреттүү далилдерди келтиришкен эмес. 

Белгилей кетсек, украиналык VoxUkraine фактчекинг ресурсу буга чейин каражат чогултуу жараянынан күмөн санаган материал жарыялаган. Бирок кийин аны өчүрүп салган. 

Жыйынтык:  Razom for Ukraine долбоору чогулган каражат анын эсебине түшүп атканын тастыктаган билдирүү тараткан.