(Кыргыз) 472,5 миң сом айып пул салынган унааны ким башкарат? Фактчек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Дээрлик жарым милиллион сомдук айып пул салынган табышмактуу унаанын айдоочусу ким? “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 472,5 миң сом айып пул салынган Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаа коомчулукта кызуу талкууга алынды. Айдоочу жалпы жонунан 199 ирет жол эрежесин бузганга жетишкен. 

 

 

Колдонуучулар айып пул төлөбөгөн айдоочуну кескин сынга алышты.

Factcheck.kg дээрлик жарым миллион сомдук айыпты көзгө илбеген айдоочу ким экенин аныктап чыкты. 

Ачык булактарда Нарын облустук ооруканага гуманитардык жардам жеткирилгендиги тууралуу маалымат жарыяланган. Сүрөттө оорукананын кызматкерлерин жана ишкер Бакыт Жумагуловду көрүүгө болот. Ал эми алардын артында Lехus 470 үлгүсүндөгү,  «1221 BC» номерлүү уна тартылган.

Бул сүрөт Facebook социалдык тармагында 2020-жылдын 27-мартында тартылган.

Ал эми Бакыт Жумагуловдун соцтармактагы баракчасында Бишкек-Торугарт трассасында баратып, жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкканын даана көрүүгө болот.

Бакыт Жумагулов деген ким?

Жумагулов Бактыбек Осмоналиевич Нарын облусунун тургуну.  Ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргыз жылуулук энерго” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясынан номер 34-болуп депутаттыкка аттанган.

Жумагулов Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Узун-Булак” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Бул компания көмүр казып алуу иштери менен алектенет.

Социалдык тармактарда анын Күрөш федерациясынын вице-президенти, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсө болот. 

Массалык маалымат каражаттарында анын региондордо спортту колдоп келе жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

“Мыйзамды сыйлайт”

Биз Жумагулов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал айып пул тууралуу интернеттен жакында эле кабар алганын жана 15 күндүн ичинде төлөрүн билдирди. Ал ошондой эле мыйзамга баш иерин кошумчалады.

Айып пул эки эсе төлөнөт

Мыйзамга ылайык, төлөнбөгөн айып пул эки эсе көбөйөт.”Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыпты төлөөгө алгач 30 күн убакыт берилет. Андан соң ар бир күнгө 1% пеня тулуп, 100 күндүн кийин айып эки эсеге көбөйөт дагы, андан ары өндүрүү үчүн сотко жөнөтүлөт.