(Кыргыз) Мадумаровдун “жарым-жартылай тамашасы” чуу жаратты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун “кыргыз болуш үчүн алгач орус болуу керек” деген сөзү социалдык тармактарда чуу жаратты.  Видеонун үзүндүсү 11-ноябрда твиттер социалдык тармагында пайда болгон. 

Айрым колдоонуучулар Мадумаровдун сөзүн контексттен алынган десе, айрымдары аны сынга алган. 

Factcheck.kg бул тасманын алгачкы булагын таап, ага саресеп салды. 

Мадумаров интервью берген студияда «Национальная служба новостей» (НСН) аттуу орусиялык маалымат агенттигинин  баннерин көрсө болот. Бул ЖМКнын сайтына баш багып, тиешелүү интервьюну табабыз. Интервью аталган ЖМКнын YouTube каналына да жүктөлгөнүн көрсө болот.

НСН сайтында 11-ноябрь күнү Адахан Мадумаровдун катышуусу менен “Кыргызстандагы кризис жана президенттик шайлоо” деген аталышта брифинг өткөндүгү тууралуу маалымат бар. 

Видеонун 58-мүнөтүнүн 20-секундасында алып баруучу заманбап Кыргызстандагы орус тилинин ролу тууралуу суроо салган.  Мадумаров ага мындайча жооп берген:

«Эгер сен чыныгы патриот болсоң, орус тилин билишиң керек. Дал ушул тил кыргыздар менен башка улуттарды байланыштырат. Биз дүйнөлүк адабиятты бир гана орус тили аркылуу тааныйбыз. Айрымдары “сен кыргыз болуш үчүн алгач орус болууң керек” деген сөздү жарым-жартылай тамаша катары кабыл алат. Чыңгыз Айтматов жазгандай, орус тили менен кыргыз тили — бир куштун эки канаты.  Бир канаттуу куш эч жакка уча албайт.  Жалган патриот болуп, орус тилинин статусун саясатташтыруунун кереги жок. 

Жыйынтык: чуу жараткан цитата контексттен алынган. Адахан Мадумаров орус тилинин статусу тууралуу “жарым-жартылай тамашалап” айткан.