(Кыргыз) Сибирь жарасы Кыргызстанда. Колбасаларды, фастфудду жана самсаларды жесе болобу?

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Кеминде сибирь жарасы менен ооругандар табылды деген аудио билдирүү коомдук тармактарда таркатылып жатат. Анын автору фастфудду, самсаларды жана колбасаларды эки ай жебей турганга чакырат, анткени, анын пикиринде, эт Токмокто сатылып, Бишкектеги колбаса чыгаруучу цехте иштетилиши мүмкүн. Factcheck.kg’нин редакциясы бул билдирүүнүн калп-чынын текшерип көрүүнү туура көрдү.

Акыркы айда Кыргызстанда сибирь жарасы менен ооруган канча адам катталган?

ЖМКлардын билдирүүлөрүнөн Жалал-Абад облусунда сибирь жарасына байланыштуу үч учур катталганы белгилүү. Бул майдын башында болгон. Эки адам аймактык саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып жатат, бирөөсү Бишкектеги ооруканага которулган. Белгилүү болгондой, алар бир малдын тамакка колдонушкан.

9-майда дагы бир учур катталган болчу, бирок Бишкектин Мамсанэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы врачы Кубан Кундашев ал кайсы аймакта катталганын тактаган эмес.

Бир айыл тургуну уюн ветеринардык текшерүүдөн өткөрбөстөн союп, этин кошуналар арасында таратканы белгилүү.

«Этти жегенден кийин бир нече адамда сибирь жараларынын белгилери байкалган. Учурда алардын бири Бишкектеги ооруканада дарыланып жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 15-майда сибирь жарасына шек менен Кемин районуна караштуу Кароол-Дөбө айылынын тургуну ооруканага жеткирилген болчу.

Кемин районундагы окуяга байланыштуу Factcheck.kg редакциясы Эпизоотияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Адилет Сотовалдиевге кайрылды.

Анын айтымында, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары азырынча чыга элек, ошондуктан Кемин районундагы ооруну жуктуруу фактысы тастыктала элек. Ал эми ооруган малдын эти базарда сатылганы тууралуу кепти адис четке какты.

«Базарда эт ветеринардык текшерүүдөн өтөт. Демек ооруган малдын эти базарда сатыла албайт. Сапатсыз эттин базарда сатылышына бөгөт коюш үчүн электрондук сертификация киргизилген. Эт сатылган жерлердеги QR-коддорду көрсөңөр керек. Эгер ошол кодду сканерлесеңер, мал кайсы жерде союлгандыгы, кайсы лабораторияда экспертиза өткөрүлгөндүгү тууралуу маалыматты алаласыңар. Базарга шектүү, текшерилбеген эт сатыкка чыкпай тургандыгына 100% кепилдик берсек болот», – деди ал.

Кароол-Дөбө айылында сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, оорукчал жана шектүү мал байкалган эмес.

Кыргызстанда мурда оору жуккан учурлар качан катталган?

Акыркы бир нече жылда сибирь жарасын жуктуруп алган бир учур катталган – ал 2020-жылы Кара-Суу районунда болуп, карантин киргизилген болчу. Ошол эле жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда дагы эки учур катталган.

Сибирь жарасы эмнеси менен коркунучтуу?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, сибирь жарасы – кепшөөчү жаныбарлардын (мисалы, уй, кой, эчки) илдети. Сибирь жарасы адатынча бир малдан экинчи малга же бир адамдан экинчи адамга жукпайт. Сибирь жарасынын бактериялары организмге ооруган малдын этин жегенде, дем алганда аба аркылуу, теридеги жара аркылуу жугуп, көбөйүп, токсиндерди чыгара баштайт.

Сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү бир нече сааттан үч жумага чейин созулушу мүмкүн. Бул мезгилде инфекциянын жугуу жолуна жараша адамда бул оорунун үч түрүнүн бири пайда болушу мүмкүн.

  • Сибирь жарасынын теридеги түрү эң кеңири тараган түрү болуп эсептелет, мындайда инфекция жуккан жердеги териде кычышкан ыйлаакчалар пайда болуп, кийин алар бат эле кара жарага айланышат. Андан кийин айрым адамдардын башы, булчуңдары ооруп, ысытма байкалып, куса баштайт.
  • Сибирь жарасынын ашказан-ичегидеги түрү тамак-аштан ууланууга окшош баштапкы симптомдорду жаратат, бирок күчөп, ичтин катуу оорушуна, кан аралаш кусушуна жана катуу диареяга алып келиши мүмкүн.

Диагноз лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Бул илдетке чалдыккандар ооруканага жаткырылат. Инфекциянын булагы менен байланышта болгон адамдар профилактикалык дарылоодон өтүшү мүмкүн.

Бул илдетти дарылоонуну натыйжалуу жолу болуп антибиотиктер эсептелет, өзгөчө пенициллин. Дарылоо өз убагында башталса бул оорудан каза болуу коэффициентин 1%дан азыраак деңгээлге түшүрсө болот.

Эскерте кетүүчү жагдай, сибирь жарасы адатынча ооруган малдын этин жегенде, дем алганда аба аркылуу, теридеги жара аркылуу жугат. Мындайда ооруган малдын этинен жасалган колбасалар, фастфуд жана самсалар инфекциянын булагы болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, 125°C температурада 45-60 мүнөткө чейин кармалганда сибирь жарасынын бактериялары (Bacillus anthracis) толугу менен зыянсыз болуп калат.

Тыянак: бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда сибирь жарасын жуктуруп алган тастыкталган төрт учур белгилүү. Үчөөсүндө (Жалал-Абад облусунда) адамдар бир ооруган малдын этин тамакка колдонушкан, бирөөсүндө – айыл тургуну уюн ветеринардык текшерүүдөн өткөрбөстөн союп, этти кошуналар арасында тараткан. Дагы бир жуктуруу учуру азырынча тастыктала элек, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чыга элек.

Ошентип, жогоруда аталаган аудио билдирүүнүн автору колбасалар, самсалар жана фастфуд тууралуу маалыматты тастыктала элек маалыматтарга таянып таркаткан.