(Кыргыз) Бийликти колдогон антимитингге канча адам катышты?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

15-майда Өкмөт үйүнүн тушунда бийликти колдогон митинг өттү. Митингдин катышуучуларынын саны тууралуу жергиликтүү ЖМКларда 1000ден 2000ге чейинки цифралар айтылды.

Factcheck.kg жеринен тартылган сүрөт жана видео тасмаларды текшерип, катышуучулардын болжолдуу санын аныктап көрдү.

Бул маалыматты текшерүү үчүн Герберт Джейкобсдун формуласын колдонобуз. Ага ылайык, эгерде адамдар бири бирине тыгыз жайгашып, алардын арасынан киши өтө алгыс болсо, 1 чарчы метрге 4,3 адам деп эсептелинет. Эгер алардын арасынан адам өтө алса, бир чарчы метрге 2,4 адам деп эсептейбиз. Эгер адамдар кол сунарлык аралыкта турса – чарчы метрге 1 адамдан туура келет.

Митинг кызуу жүрүп жаткан маалда чогулган эл эски анттын дээрлик жарымын ээлегенин жеринен тартылган тасмалардан көрө алабыз. Катышуучулардын арасындагы аралык кенен эле. Алдыңкы катарда эл тыгыз жайгашканы менен, андан кийинки катарларда бир адамга эки чарчы метр аянт жер туура келгенин көрө алабыз.

Герберт Джейкобсдун формуласына ылайык, 1 адамга 2,5 чарчы метр аянт туура келет деп эсептейбиз.

Google Earth сервиси аркылуу митингдин катышуучулары ээлеген аянт 3 миң метрди түзгөнүн аныктайбыз.

Демек, бийликти колдогон митингге 1200 дөн ашпаган адам катышкан.

Митинг бүткөн соң, катышуучулар Тарых музейинин жана Владимир Лениндин эстелигинин тушуна жыйналды.

 Kaktus.media жарыялаган сүрөт жана видеолорго ылайык, митингчилер Тарых музейинин чыгыш тарабындагы тепкичти жана анын тушундагы аянтты ээлеген. Бул учурда адамдардын жыш жайгашканын көрө алабыз. Демек, 1 адамга 1 чарчы метр деп эсептейбиз.

Катышуучулар ээлеген аянт 1290 чарчы метрди түзөт.

Демек, катышуучулардын саны 1200-1300 адамды түзгөн.

Жыйынтык: 15-майда бийликти колдогон антимитингге Герберт Джейкобстун формуласына ылайык 1200-1300 адам катышкан.