(Кыргыз) Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын “кедей” депутаттары канча акча табышты?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясы мурдагы материалында Жогорку Кеңештин эң бай депутаты 2021-жылы расмий маалымат боюнча 147 млн сом тапканын жазган эле. Рейтингдин башында VI чакырылыштын депутаты Азамат Арапбаев турган. Бул жолу VI чакырылыштын эң “кедей” депутаттарынын кирешелерин аныктап көрөлү дедик.

  1. Максат Сабиров — 99.7 миң сом

Баарынан аз Максат Сабиров тапкан. Анын кирешеси 99.7 миң сом. Бул айына орточо 8300 сомдон болот.

Декларация боюнча, анын аянты 187 чарчы метр үйү, 300 миң сомдук бодо малы, 200 миң сомдук майда малы жана 10.8 миң сомго акциялары бар.

Ошол эле кезде жакын туугандарынын кирешелери 450 миң сомду түзгөн. Алардын 84 чарчы метр курулуш объектиси, 416 чарчы метр участогу жана Lexus- 470 маркасындагы автоунаасы бар.

Белгилей кетчү нерсе, Сабиров парламентте «Республика — Ата Журт» фракциясынын өкүлү болуп, 2014-15-жж. анын лидери болгон. Ага чейин бешинчи чакырылышта «Республика» партиясынан депутат болгон эле. 2021-жылы февралда мандатын тапшырган.

  1. Марат Аманкулов – 237 миң сом

Экс-депутат Аманкуловдун кирешелери кескин азайган. Эгерде 2020-жылы анын кирешеси жарым миллион сом болсо (574 миң сом), 2021-жылы – 237 миң сом же айына 19 миң сомдон гана болгон. Бирок анын менчигинде жети үй бар.

Жакын туугандарынын 2021-жылдагы мүлкүн жана кирешелерин Марат Аманкулов көрсөткөн эмес. 2020-жылы аларга эки үй жана негизинен Lexus маркасындагы алты автоунаа таандык болчу.

  1. Жаныбек Бакчиев – 256 миң сом

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев 2021-жылы 256 миң сом тапкан. Бул анын 2020-жылы декларациясында көрсөткөн 660 миң сомдон кыйла аз. Ошондой эле ал Toyota Highlander маркасындагы автоунаасы бар экенин көрсөткөн.

Декларацияга ишенсек, анын жана бир туугандарынын үйлөрү жана батирлери жок.

  1. Мейкинбек Абдалиев – 267 миң сом

Мейкинбек Абдалиевдин кирешеси 2021-жылы 267 миң сомду же айына 22.2 миң сомду түздү. Анын жеке менчигинде үйү (55 чарчы метр) жана участогу (784 чарчы метр) бар.

Абдалиев 2021-жылдын мартында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2022-жылдын мартында Борборшайлооком ага депутаттык мандатты кайра тапшырган. Ал Жогорку Кеңешке Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган Равшан Сабировдун ордуна келген.

  1. Алайбек Алымбаев – 457 миң сом

Алайбек Алымбаевдин кирешеси 457 миң сомду же айына 38 миң сомду түзгөн. 2021-жылдын октябрында ал «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеги боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырлышынын депутаты болуп шайланган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, экс-депутат “Дели-Синлиан” ЖЧК, “Титан Интернешнл Секьюрити” ЖЧК фирмаларынын негиздөөчүсү болуп саналат. Бирок декларациясында бул компаниялар тууралуу эч бир маалымат берген эмес.

  1. Шайлообек Атазов – 461 миң сом

Атазов декларациясында 461 миң сомдук бир жылдык кирешесинен башка эч нерсе көрсөткөн эмес. Бирок ошол эле кезде, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал “Стандарт профи” коопсуздук агенттигинин негиздөөчүсү болуп эсептелет.

  1. Аккулу Бердиев – 495 миң сом

Экс-депутат Аккулу Бердиев 2021-жылы 495 миң сом тапкан. Анын төрт участогу жана алты капиталдык курулушу бар. Жакын туугандарына батир (164 чарчы метр) катталган.

  1. Самат Исманов – 528 миң сом

Самат Исманов 2020-жылы депутат болгон. Ал жылы анын кирешеси 79 миң сомду түзгөн болчу, ал эми 2021-жылы ал 528 миң сом тапкан.

Декларацияда жакын туугандары деген жерде аянты 282 чарчы метр үйдү көргөзгөн.

  1. Пархат Тулендыбаев – 540 миң сом

Пархат Тулендыбаевдин жылдык кирешеси 540 миң сомду түзгөн. Декларациясына ишенсек, анын үйү жок, гаражы жана турак эмес жайы бар.

Эскерте кетсек, Пархат Тулендыбаев 2021-жылдын октябрында мандатын тапшырган болчу.

  1. Нурбек Тотонов – 572 миң сом

Онунчу орунда Нурбек Тотонов. Анын жылдык кирешеси 572 миң сомду түзгөн. Анын менчигинде Lexus 470 маркасындагы автоунаасы гана бар.

Депутаттардын айлыгы канча?

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары айлык акыларын жогорулатып алышкан, ал тууралуу талкууну жабык эшиктин артында өткөрүшүп, айлык акыларынын өлчөмдөрүн айтышкан эмес. Кийинчирээк VII чакырылыштын депутаты Алишер Козуевдин сөзүнөн кийин белгилүү болгондой, анын айлыгы 25 миң сомго жакын көбөйгөн.

Ошондо эле журналисттер аныктагандай, депутаттардын транспорттук чыгымдарын жапканга, мобилдик байланыштарына жана кеңсе буюмдарына жумшала турган фонддун өлчөмү 40 миң сомдон 80 миң сомго чейин өскөн.

Белгилей кетсек, мурда депутаттардын оклады 25 миң сомду түзөт эле. Андан сырткары стажына жана класстык чинине карата кошумча төлөмдөр каралган.