Жогорку Кеңештин VI жана VII чакырылышындагы эң бай депутаттардын Топ-10у

Мамлекеттик салык кызматы КР Жогорку Кеңешинин VI жана VII чакырылышындагы депутаттардын декларацияларын жарыялады. Factcheck.kg редакциясы депутаттардын кимиси эң бай экенин аныктап көрүүнү чечти.

Белгилей кетүүчу жагдай, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылдын 28-декабрында ант беришкен.

Жалпы кирешесинин суммасы боюнча, биринчи орунда VI чакырылыштын депутаты Азамат Арапбаев турат. Анын декларациясы боюнча, ал 2021-жылы 147 млн сом таап, 79 млн сом короткон. Ошол эле кезде анын туугандарынын кирешелери 756 млн сомду түзүп, 1.3 млн сом коротушкан.

Декларациясына ылайык, Арапбаев ошондой эле «ДаннурЮг» ЖЧК (үлүшү 100%), «АлтынСуу» ЖЧК (57.5%), «Ош Ойл ЛТД» ЖЧК (үлүшү 100%), «ШорБулак кыш заводу» (үлүшү 67%), «Узген Энерго Уголь» ЖЧК (үлүшү 33.4%) компанияларына жана бир катар кыймылсыз мүлккө ээлик кылат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы экс-депутат уулунун үйлөнү тоюн шаардын четиндеги гольф-клубда өткөргөн. Белгилүү орус шоумени жана артисти Валдис Пельш бул тойдо алып баруучу болгон. Тойго ошондой эле америкалык актер Стивен Сигал чакырылган болчу.

Андан сырткары Арапбаев 2022-жылы тойго учуп барыш үчүн ӨКМдин тик учагын ижарага алганы менен белгилүү.

Экинчи орунда VII чакырылыштын депутаты Жылдыз Сарыбаева турат. Анын кирешеси 105 млн сомду, ал эми туугандарынын кирешеси 8.3 сомду түзгөн. Анын төрт батири, эки жеке менчик үйү, бир дачасы жана Range Rover автоунаасы бар. Ал ошондой эле  «Фармамир» компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Үчүнчү орунда 36 жаштагы VII чакырылыштын депутаты Бакыт Тентишев. Анын жылдык кирешеси 63 млн сомду түзгөн. Депутаттын Mersedes E220 маркасындагы эки автоунаасы, бир батири (187 чарчы метр), жер участогу (4 га) бар.

Декларацияда туугандарынын кирешелери 663 миң сомду түзгөнү келтирилет. Аларга төрт үй катталган.

Биографиясына көңүл бурсак, ал 2021-жылы С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун ишенимдүү башкаруучусу болгон.

Төртүнчү орунда VI чакырылыштын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев турат. Ал 54 млн сом тапкан. Экс-депутатка «Байтур» ЖЧК, «ЭМФ Европа» ЖЧК, «Байтур Билдинг» ЖЧК, «Пансионат Керемет» ЖЧК, «Байтур Мебель» ЖЧК жана айыл чарбалык эмес 3.5 га жер таандык.

Конушбаев жакын туугандарынын менчиги катары үч батирди көрсөткөн.

Кирешелер рейтингинин бешинчи  орунунда VII чакырылыштын депутаты Айбек Осмонов. Анын 2021-жылдагы кирешеси 55 млн сомду түзгөн.

Анын 2.3 га участогу, 94 чарчы метр административдик имараты жана Mini Cooper маркасындагы автоунаасы бар.

Үй бүлөсүнүн активдерин декларациясында көрсөткөн эмес. Бир гана батир (125 чарчы метр), гараж (20 чарчы метр), участок (1 га) жана Lexus-200 маркасындагы автоунаа бар экенин жазган.

Алтынчы орунда VI чакырылыштын депутаты Исхак Пирматов. 2021-жылы ал 44 млн сом таап, 43 млн сом короткон. Пирматовдун дача үйү (37 чарчы метр), айыл чарбалык эмес жери (0.03 га), капиталдык курулушу (367 чарчы метр), «Кыргызнефтегаз» ААКтын жөнөкөй акциялары (0.56%) (жөнөкөй акциялар – жылдын жыйынтыгы боюнча аныктала турган дивиденддерди алууга мүмкүнчүлүк берген акциялар, – ред. түш.) бар.

Экс-аткаминердин туугандары 14 млн сом таап, 2 млн сом коротушкан. Алардын эки батири, үч гаражы, жогоруда көрсөтүлбөгөн турак жайы, капиталдык курулушу бар.

VII чакырылыштын депутаты Алишер Козуев жетинчи орунда. Анын кирешеси 37 млн сомду түзүп, 14 млн сомду короткон. Салык декларациясында депутат жер участогун (0.69 га), бир канча автоунааларын (BMW X7, Mercedes-Benz, Hyundai Porter), ири жана майда малын көрсөткөн.

Жакын туугандары 7 млн сом өлчөмүндө киреше көрүп, 505 миң сом коротушкан. Аларга батир (192 чарчы метр), гараж (22 чарчы метр) жана «Хан Строй» ЖЧК таандык.

Белгилей кетсек, osoo.kg сайтына ылайык, 2021-жылы Козуев “Россия Нефть” ЖЧКсынын негиздөөчүсү болчу. Азыр бул компания анын бир тууганы Семетей Козуевге катталган.

Сегизинчи орунда VI чакырылыштын депутаты Салайдин Айдаров турат. Ал өзү 36 млн сом, ал эми туугандары 3.8 млн сом тапкан. Анын атына турак жай (166 чарчы метр), айыл чарбалык эмес жер (1068 чарчы метр), дача үйү (179 чарчы метр) жана автоприцеп катталган.

Жакын туугандарына болсо үй (329 чарчы метр), административдик имарат (123 чарчы метр), жер участоктору (800 чарчы метр, 150 чарчы метр, 16.8 га) жана эки автоунаа (RAV-4, Lexus RX-350) катталган.

Тогузунча орунда VII чакырылыштын депутаты Коргонбай уулу Жусупбек. Анын кирешеси 31 млн сомду түздү. Депутат “Кейджи Восток сервис” ЖЧК (үлүшү 49%), “Көк-Жатык” ЖЧК (үлүшү 100%), “Жус-Бек компани” ЖЧК (үлүшү 25%) компанияларына ээлик кылат.

Жакын туугандарынын кирешелерин салык декларациясында көрсөткөн эмес.

Онунчу орунда VII чакырылыштын депутаты Жаныбек Абиров турат. Анын бир жылдык кирешеси 19 млн сомду түзүп, 8.6 млн сомду короткон. Эки үйү (422 чарчы метр, 48 чарчы метр), эки батири (122 чарчы метр, 25 чарчы метр), 13 жер участогу жана Lexus-570 маркасындагы эки автоунаасы бар.

Жакын туугандары 3.8 млн сом таап, 7.6 млн сом коротушкан.

Эскерте кетсек, Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абиров – ири ишкер. Ал көмүрдү сатуу менен алектенген “Инновационная компания «Гефест»” ЖЧКнын негиздөөчүсү. Фирма өзүнүн ишмердүүлүгүн 2018-жылы баштап, 2022-жылы салык түрүндө 119 млн сом төккөн. Бул компания бир нече жолу мамлекеттик тендерлерди утуп алганы менен да белгилүү.

Депутаттардын айлыгы канча?

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары айлык акыларын жогорулатып алышкан, ал тууралуу талкууну жабык эшиктин артында өткөрүшүп, айлык акыларынын өлчөмдөрүн айтышкан эмес. Кийинчирээк VII чакырылыштын депутаты Алишер Козуевдин сөзүнөн кийин белгилүү болгондой, анын айлыгы 25 миң сомго жакын көбөйгөн.

Ошондо эле журналисттер аныктагандай, депутаттардын транспорттук чыгымдарын жапканга, мобилдик байланыштарына жана кеңсе буюмдарына жумшала турган фонддун өлчөмү 40 миң сомдон 80 миң сомго чейин өскөн.

Белгилей кетсек, мурда депутаттардын оклады 25 миң сомду түзөт эле. Андан сырткары стажына жана класстык чинине карата кошумча төлөмдөр каралган.