(Кыргыз) Социалдык фонддун асман чапчыган чыгымы

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2019-жылы Социалдык фонддун борбордук аппараты товарларды жана кызматтарды сатып алам деп 30,6 млн сом коротууну пландаштырат. 

Булардын ичинен эң кымбаты 1291 компьютерге орнотулчу 14 миллион сомдук программа болгон. 

Мындай кымбат сатып алуулар Соцфонд үчүн кадыресе көрүнүш. Биз анын асман чапчыган чыгашалары канчалык деңгээлде негиздүү экенин теришитиргенге аракет кылып  көрдүк. Акыркы тендерге тиешеси барлардын баары менен байланыштык, алардын ар бири жоопкерчиликти башкасына оодарып атты. Эмесе, сөз башынан болсун.

Кымбат баалуу программа 

2019-жылдын март айында Соцфонд аты жөнү анчейин белгисиз болгон ViPNet Policy Manager атту программа сатып алууга тендер жарыялаган.

Биз бул программа тууралуу кененирээк маалымат билүү үчүн бир нече тажрыйбалуу айти адисине кайрылдык. Бирок алар анонимдүү комментарий бергенден да негедир кооптонгондой. Бир гана нерсе бизге даана белгилүү болду: 

Кымбат баалуу программа Соцфонддун кызматкерлеринин арасында коопсуз маалымат алмашууну камсыз кылат. Бул үчүн жыл сайын ондогон миллион сом жумшалат.

5 жыл ичинде сиздердин, биздин  төлөмдөрүбүздүн эсебинен Соцфиалдык фонд маалымат коопсуздугун камсыз кылган дээрлик 80 миллион сом сарпталган. 

Коррупция барбы?

Биз акыркы тендерди эки себептен улам текшерүүнү туура көрдүк.

Биринчиден программаны иштеп чыккан россиялык  компаниянын сайтындагы бааны карап, Кыргызстанга келүүсүн эске алып, эки эсеге көбөйтсөк да Соцфонд сатып алган баага жетпейт экен.  

Экинчиден, биз Соцфонд сатып алган товарга куюп койгондой окшош дагы бир россиялык компаниянын сатып алган товарын таптык. Анын аталышы да, андагы лицензиялардын саны да куп эле биздикилердикиндей. Бирок, бул үчүн россиялык компаниянын капчыгынан бир нече эсе аз каражат төлөнгөн.

Биз бул суроолорду Соцфонддун өзүнө узатканыбызда тендерде мүчүлүштүк жок деп жооп беришти дагы россиялыктарга дүңүнөн сатылган үчүн жеңилдиктер каралганын айтышты.

“Жоопкерчилик менде эмес”

Андан соң биз тендер документтеринде кол койгон Соцфонддун үч кызматкерин таап, алар менен байланыштык. Ар бири биздин суролордон буйтаганга аракеттенди. 

Акылбек Байдылдаев аппараттын мурдагы жетекчиси. Ал биздин бардык сурообузга азыр Соцфонддо иштебей калгам деп жооп бере берди.

 Байдылдаев 2020-жылы Соцфонддун райондук бөлүм башчыларынан системдүү түрдө акча талап кылган деп айыпталган. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Анын колу тендерде турса да, бизге бул тууралуу комментарий берген жок. Кийинки кызматкер Улукбек Самыйбеков. Тендер жарыяланган мезгилде ал маалыматтык тутумдар бөлүмүн жетектеп турган. Программанын баасын андан сураганыбызда бул коммерциялык сыр деп жооп берди. Мындан тышкары Соцфондду УКМК текшерип атканын айтты. Тендерде толук маалымат көрсөтүлбөй калганын кошумчалап, бардык жоопкерчилик менин мойнумда деген. 

Самыйбеков тендердин алкагында Канча лицензия орнотулганын так билбесе да, бардык компьютерлерде маалымат коопсуздугу сакталган деп жооп берди. Кенжебек Кыязов аттуу дагы бир кызматкердин тендерге тиешеси бар. Ал документтин баары ага чейинки чиновниктер даярдаганын айтып өзү болсо жөн гана кол койгонун кошумчалаган. Кыязовдун айтымында тендердин суммасын Байдылдаев аныктаган.

Тендерди жеңген компания эмне дейт?

Чиновниктерден суроолорубузга жооп ала албай, тендерди жеңип чыккан  DOS TEK GROUP компаниясына кайрылдык. Бул компания ишкерлерге жана уюмдарга электрондук санарип кол тамгасын сатып алууну камсыз кылгандыгы менен белгилүү.

Биздин сурообузга DOS TEK GROUP компаниясы буйрутма бергендер кайсы бааны сунуштаса, биз ошол баага иштедик деп гана кыска нуска жооп берди.  Алардын айтымында калган маалымат коммерциялык сыр. Акырында программаны иштеп чыккан россиялык Infotecs компаниясына кайрылдык. Алар бизди жергиликтүү дистрибьюторлого кайрылгыла деп тим болушту. 

Чиновник сөзүнөн танды

Биз жакында эле УКМКнын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын билүү максатында Улукбек Самыйбековго кайрадан чалдык.  Ал болсо УКМК ViPNet Policy Manager программасын текшербейт деп, буга чейинки айткандарынан баш тартып, оозубузду ачырды. Көрсө УКМКнын териштирүү иштери Соцфонддун ички коопсуздугуна эмес, тышкы коопсуздугуна тиешелүү экен. 

Биз тендердин жыйынтыгын тастыктоочу документти сураганыбызда, “бул финансылык документ, аны сот аркылуу гана ала аласыңар” деп жооп берди. Бирок Россия менен и Казакстанда мындай күбөлүк ачык жарыяланат. Бул эмнеден кабар берет? Учурда Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар чиновниктердин каалаган нерсесин каалаган баада каалаган жерден сатып алуусуна жол ачат.  Ал эми мыйзам болсо журналисттердин жана коомчулуктун текшерүүлөрүнөн чиновниктерди сактайт.  Бугүнкү күндө Кыргызстанда Мамлекеттик сатып алууларды толук түрдө көзөмөлдөп текшерүүчү жолдор жок