(Кыргыз) Дүйнө “Талибан*” кыймылын тааныганы жалган

Кытай, Пакистан жана Сауд Арабия өлкөлөрү “Талибан*” террористтик кыймылынын бийлигин тааныгандыгы тууралуу маалымат Twitter социалдык тармагында тарады. Буга далил катары Vodiybozor аттуу колдонуучу Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлигинин баракчасынын расмий билдирүүсүн жарыялаган.
Бирок Тышкы иштер министрлигин билдирүүсүндө “Сауд Арабиясы Афганистандагы окуяларга кылдат көз салууда жана ал жердеги абалдын эртерээк турукташуусуна үмүтүн билдирет” деп жазылган.
1996-жылы “Талибан*” кыймылы Кабулду багындырып, президент Бурхануддин Раббанини тактыдан кулаткан учурда Сауд Арабиясы алгачкылардан болуп согушкерлердин бийлигин тааныган.
1996-жылдан 2001-жылга чейин өкүм сүргөн Ооганстан Ислам Эмирлигин тааныган өлкөлөрдүн катарында Пакистан дагы бар эле. Анын үстүнө, “Талибан*” кыймылы Пакистандын атайын кызматтарынын тымызын колдоосу менен түзүлгөн.
Алгач бул кыймылдын курамында негизинен сунни исламынын ультра консервативдүү формасы жайылган ооган жана пакистан медреселеринин студенттери болгон.
17 -августта Кытай “бүт афган элине карата достук саясатын жүргүзгөнүн”, талиптер менен достук мамилеге даяр экенин жана афган өнүктүрүү долбоорлорун кубаттай турганын ырастады.
“Талибан*” өкмөтүн дүйнөдө кайсы бир өлкө расмий түрдө тааныганын тастыктаган маалымат жок. Тескерисинче, бир катар мамлекеттер талиптерге бир нече биргелешкен билдирүү жасашты. Бул билдирүүдө 72 өлкө өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандардын жана оогандардын коопсуз жана тартиптүү кетүүсүнө көмөктөшүүгө чакырды.
Европа Биримдиги, АКШ жана башка 20га жакын өлкө Ооганстандагы зомбулукту токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Билдирүүдө адам укуктарын, айрыкча аялдар менен балдарды коргоо жана сүйлөшүү жолу менен саясий чечим кабыл алуу зарылчылыгы баса белгиленген.
Жыйынтык: жалган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги ооган элинин тандоосун урматтап, өлкөдөгү кырдаалдын конструктивдүү чечилишине үмүттөнүп, талиптер менен байланышты үзбөй турганын билдирди. Жаңы өкмөттү таануу боюнча бир дагы өлкө расмий билдирүү жасай элек.
*“Талибан” кыймылынын ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган.