(Кыргыз) “Ишеним” партиясы Садыр Жапаровдун кеңешчилерине, чиновниктерге жана ири бизнесмендерге таандык
“Ишеним” партиясы саясий айдыңда быйыл гана жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда айтылып баштаганы менен, июль айындагы кайра шайлоодо жеңишке жеткен. Саясий бирикме Бишкек шаардык кеңешинен алдыңкы үч партиянын катарына кирип, 8 мандат алган.
Саясий эксперттер “Ишенимди” бийликтин партиясы деп баалайт. Дал ушул себептен улам, аталган партия коомчулуктун көңүл чордонунда.
“Боло берет”
Партия быйыл гана эл оозуна алына баштаганы менен анын түптөлгөнүнө он жылдан ашуун убакыт болгон. “Ишеним” 2011-жылдын 10-октябрында негизделгенине карабай, он жыл бою “резервде” болуп, активдүүлүгүн үстүбүздөгү жылы гана баштаган. Саясий бирикмеде акыркы тапта үч ирет жетекчи алмашкан. Буга чейин партияны Ош облусунун мурдагы губернатору, учурдагы экономика министри Жарасул Абдураимов жетектеп келген. Андан соң Ысык-Көлдүн тургуну жана “Кумтор голд Компанинин” мурдагы кызматкери Мирлан Ибаковдун ысымы көрсөтүлгөн. Ал эми учурда “Ишенимге” Октябрь районунун мурдагы башчысы жана тизмекте номер биринчи орунда турган Азамат Дороев жетекчилик кылат.
“Ишеним” партиясынын БШКнын сайтында көрсөтүлгөн дареги (Калык Акиев көчөсү, 122а) Бишкек шаарынын бир дагы картасынан табылган жок. Ал эми көрсөтүлгөн телефон номердин ээси – “Биримдик” штабынын мурдагы кызматкерине таандык болуп чыкты.
Мындан тышкары, “Ишенимди” “Биримдик” менен байланыштырган жалпы талапкерлердин тизмеги дагы бар:
- Аманова Бурун Кушбековна – учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Аманова мандатын “Ата Мекендин” тизмегинен алган. Ал эми былтыркы парламенттик шайлоого “Биримдик” менен аттанган.
- Жусупов Эмилбек Рамидинович – “Эмаком Холдинг”ЖЧКсынын жетекчиси.
- Рахимов Мамыржан Тойчиевич – үстүбүздөгү жылдын май айында Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалган.
- Осмонова Айнура Шермаматовна – КСДП партиясынан мандат алган учурдагы депутат.
“Темиров Live” каналынын журналисттери “Ишеним” партиясы саясий программасын россиялык “Новые люди” партиясынын программасынын негизинде жазганын аныктап чыгышкан.
Партия тууралуу дагы бир кызыктуу факт: “Ишенимдин” шайлоо фонду учурда 23 млн сомду түзүп, “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан кийинки эң ири фонд болуп саналат. Шайлоого эки жума убакыт бар экенин эске алганда, шайлоо фондунун суммасы өзгөрүп кетиши ыктымал экенин белгилейбиз.
“Ишенимдин” артында кимдер бар?
Factcheck.kg партия негиздөөчүлөрүнүн тизмегине саресеп салып, алар чиновниктер, ири бизнесмендер жана президент менен байланышы бар саясатчылар экенин аныктады. Негиздөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү – ири бизнесмендер. Аларга жалпы жонунан 40 тан ашуун коммерциялык компаниялар жана коомдук бирикмелер таандык.
Букуев Медетбек Омошевич
Былтыркы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен аттанып, тизмекте №33 болгон. Учурда Букуев Жапаровдун кеңешчиси. Акыркы беш жылда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде дене тарбия борборунун башчысы болуп эмгектенген. 2020-2021-жылдары Евразия университетинин футбол клубунун кафедрасынын профессору, андан кийин дароо мамлекет башчысынын кеңешчиси болгон. “Ишеним” партиясынан тышкары 2010-жылдын июль айында түптөлгөн “Эл бийлиги” партиясын негиздеген.
Орозбаев Алмасбек Асанбекович
Садыр Жапаровдун президенттик шайлоо учурундагы ишенимдүү адамы. Орозбаев бизнес менен дагы алектенет:
- “СТРОЙБАТ” Кыргыз-Орус ЖЧКсы – имараттарды куруу. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн арасында Жарасул Абдураимов дагы бар.
- “ШУМКАР-УЯ и К” Кыргыз-Орус ЖЧКсы. Куруу, курулуш материалдарын чыгаруу жана сатуу.
- “Вкус Иссык-Куля” Кыргыз-Орус ЖЧКсы, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервациялоонун башка ыкмалары. Саруу айылында жайгашкан бул ишкананын түзүлгөнүнө бир жыл дагы боло элек.
- “Улут-Ордо” саясий партиясы 2017-жылы негизделген, 10 негиздөөчүсү бар.
- “Υч-Ата” – коомдук фонду 2019-жылы каттоодон өткөн, 7 негиздөөчүсү бар.
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич
Үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери экономика жана каржы министринин орун басары кызматын аркалып келет. Ал эми 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин дароо Ош облусунун губернатору болуп дайындалган.
Губернаторлукка чейин Азия өнүктүрүү банкынын “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү – мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу” долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп эмгектенген. 2019-жылдын майынан сентябрына чейин Экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси болгон.
2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компаниде” жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
Мындан тышкары бизнес менен дагы алектенет:
- «БАХЧА» Кыргыз-Орус ЖЧКсы— ишмердүүлүгү белгисиз. 2004-жылдын 24-февралында катталган, 4 негиздөөчүсү бар.
- «Югтехмаш» Кыргыз-Орус ЖЧКсы — ишмердүүлүгү белгисиз. 2004-жылдын 24-февралында катталган, 5 негиздөөчүсү бар.
- «Каолин» Кыргыз-Орус ЖЧКсы — ишмердүүлүгү белгисиз, 3 негиздөөчүсү бар.
- «Келишкен» Кыргыз-Орус ЖЧКсы — ишмердүүлүгү белгисиз, 5 негиздөөчүсү бар. 2004-жылдын 19-августунда каттоодон өткөн.
- «Водхоз» Кыргыз-Орус ЖЧКсы— сууну чогултуу, тазалоо жана бөлүштүрүү (суу менен камсыздоо). 2003-жылдын 23-январында о10 негиздөөчү тарабынан катталган.
- «Криогентех» Кыргыз-Орус ЖЧКсы— өнөр жай газдарын өндүрүү. 10 негиздөөчүсү бар. 2003-жылдын 7-мартында каттоодон өткөн.
- «Коммунтопэнерго» Кыргыз-Орус ЖЧКсы —отундун, кендердин, металлдардын жана химиялык заттардын дүң соода жүргүзүү. 2003-жылдын 4-апрелинде каттоодон өткөн, 8 негиздөөчүсү бар.
- “СТРОЙБАТ” – Кыргыз-Орус ЖЧКс, имараттарды куруу иштери менен алектенет.
- «Кристалл» ачык акционердик коому— башка металл цистерналарды, резервуарларды жана контейнерлерди жасоо. 2017-2020-жылдар аралыгында дээрлик 71 миллион сом салык төлөгөн. Компания 2005-жылдын 19-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо маалыматында акционерлердин саны көрсөтүлгөн эмес, ишкананын директору – Абдураимов.
- «Лесотехнический институт» мекемеси — 2006-жылы каттоодон өткөн. Негиздөөчүлөр — Жарасул уулу Элдияр жана Жарасул Абдураимов.
- «Институт Путей Сообщения» мекемеси дагы 2006-жылы катталган.
- «Институт Нанотехнологий» мекемеси 2005-жылы катталган.
- «Институт кибернетики и информационных технологий» мекемеси 2003-жылы каттоодон өткөн.
- «Элмаш» ЖЧКсы—автомобилдерди жана жеңил автотранспортторду дүңүнөн сатуу менен алектенет. 2020- жылы негизделген.
- «Корпорация «Жарасул» ЖЧКсы— башка жыгач курулуш конструкцияларын жана жыгач буюмдарын жасайт. 2007-жылы кайра каттоодон өткөн.
- «Кыргызкомпозит» ЖЧКсы— минерал продукциясын өндүрүү. 2019-жылы кайра каттоодон өткөн.
- Студия «ARALASH» ЖЧКсы —адистештирилбеген дүң соода менен алектенет. Фирма 2001-жылдын 24-апрелинде негизделген.
Ибаков Мирлан Таштандиевич
Ысык-Көл облусунун тургуну. 2015-жылкы шайлоого “Замандаш” партиясынын курамында аттанган. Бирок шайлоо алдында тизмектен чыгарылган. 2013-2015-жылдары “Кумтор Голд Компаниде” эмгектенген.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда “Ишенимдин” жетекчиси катары көрсөтүлгөн.
Мирлан Ибаков алты компания- уюмда негиздөөчү:
- “ГАЛОГЕН” ЖЧКсы– Таш-Көмүрдө жайгашкан, шаардык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жер үстүндөгү транспорттун ишмердүүлүгү менен алектенет. Учурда 4 негиздөөчүсү бар. 2015-жылы незигдөөчүлөрдүн катарында Жарасул Абдураимов дагы бар болгон.
- “KGZ SKY GOLD” ЖЧКсы (КГЗ СКАЙ ГОЛД) – кенен ассортименттеги товарларды сатат, Бишкек шаарында катталган.
- “Гранд Азия Метал”ЖЧКсы -жарандык объектилерди куруу. Ибаков жалгыз негиздөөчү.
- “Эстейт Авто” ЖЧКсы, Бишкек шаарында башка автотранспорттордун чекене соодасы.
- “Эстейт Силвер” ЖЧКсы,сааттарды жана зер буюмдарын дүңүнөн сатуу. Бишкек шаарында катталган, Ибаков компанияны жалгыз ээси.
- “Центр развития Футзала” коомдук бирикмеси Бишкекте жайгашкан.
Сайназаров Муратбек Тажибаевич
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Сайназаров 2011-жылы президенттикке талапкер Марат Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал бизнес менен дагы алектенет:
- “СПЕЦКОМПЛЕКТ” ЖЧКсы- жеңил металлдан таңгактарды чыгаруу.
- “ТРАНСУНИВЕРСАЛ” ЖЧКсы- товарлардын кеңири ассортиментин дүңүнөн сатуу.
- “MISTER” (МИСТЕР) ЖЧКсы – сыра өндүрүү.
- “SMART TEC” (“СМАРТ ТЕК”) ЖЧКсы – дүң соода.
Нефедов Дмитрий Владимирович
2017-жылкы президенттик шайлоодо Темир Сариевдин өкүлү болгон. Ал тууралуу ачык булактарда башка маалымат табылган жок.
Сулайманов Нуркул
Марат Иманкуловдун дагы бир ыйгарым укуктуу өкүлү (2011-ж). ЖМКларда ал “юрист” катары айтылат. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал беш компаниянын жана эки коомдук фонддун тең негиздөөчүсү болуп саналат:
- “Семетей-Интер” Ички мигранттарды колдоо фонду.
- “УЛУУ БИРИМДИК-ККК” ЖЧКсы- турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу, 2018-жылдан бери Бишкек шаарында иштеп келет.
- “Семетей-Биримдик” ЖЧКсы- турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу, 2018-жылдан бери Бишкек шаарында иштеп келет.
- “Партнер Инвест Фонд” ААКы- траст компанияларынын, инвестициялык фонддордун жана ушул сыяктуу финансылык институттардын ишмердүүлүгү. Аталган компания дагы 2018-жылы Бишкек шаарында катталган.
- “Зулпукор” жеке коопсуздук уюму 2019-жылы Бишкекте катталган.
- “Жашыл Мейкин” эл аралык коомдук фонду 2019-жылы каттоодон өткөн.
- “Тигрис-интер” жеке коопсуздук уюму – үстүбүздөгү жылдын март айында түптөлгөн.
Жумабаева Гүлай Амандыковна
2011-жылкы шайлоодо Иманкуловдун өкүлү болгон. Ал эми 2007-жылы парламентке “Ар-Намыс” партиясынын курамында аттанган. “ЦУМ-Айчүрөк” ААКнын ишкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча коомдук бирикмеде Жумабаева директор жана негиздөөчү катары көрсөтүлгөн.
Жапаров Аскарбек Амандыкович
Былтыркы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын ишенимдүү адамы болгон.
Арстанбеков Максатбек Орозбаевич
Ачык маалыматтарда Арстанбеков айыл-чарба илимдеринин кандидаты экендиги тууралуу гана маалымат табылды.