(Кыргыз) Өлкөнүн тышкы карызы бир жылда 950 млн долларга өстүбү? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

18-февралда президент Садыр Жапаров мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу пост жарыялады. 

“Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур.
Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат”, – деп билдирди ал.

 

Жапаров тышкы карыз жана аны төлөө мөөнөттөрү тууралуу тиешелүү графиктерди жарыялаган. Буга жооп катары “Социал-демократтар” партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбеков Жапаровдун билдирүүсү чындыкка дал келберин жазып, графиктердеги маалыматты төгүндөгөн.

“сиз президент болуп турган жыл ичинде мамлекеттик карыз 960 миллион долларга өстү (Атамбаевдин кезинде 6 жыл ичинде 950 миллион долларга өскөн) […]”, – деп билдирген Султанбеков.

Ал постун өзүнүн графиги менен толуктаган. Анда 2020-жылкы мамлекеттик карыз 4.2 млрд доллар, ал эми 2021-жылкы карыз 5.1 млрд долдарды түзгөнүн көрсө болот.

Factcheck.kg эки саясатчынын билдирүүсүн текшерип көрдү.

Тышкы карыз

Финансы министрлигин сайтында мамлекеттин тышкы карызы тууралуу маалымат жарыяланган. Документ pdf форматында жайгаштырылып, 1992-жылдан тарта 2021-жылга чейинки маалыматты камтыйт.

Финансы министрлигинин сайтынан алынды

Документке ылайык, 2020-жылы өлкөнүн тышкы карызы 4.2 млрд долларды, ал эми 2021-жылы 4.3 млрд долларды түзгөн. Демек, бир жыл ичинде тышкы карыз 77.1 млн долларга өскөн.

Мамлекеттик карыз 

Ал эми мамлекеттик карыз (тышкы жана ички карыз) тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында жайгаштылырган. Анда 2006-жылдан 2020-жылга чейинки маалымат бар. Ачык булактардан Финансы министрлигине шилтеме берүү менен 2021-жылдын жыйынтыгын да көрсө болот. 2021-жылдын жылдын жыйынтыгына карата мамлекеттин тышкы жана ички карызы $5.1 млрд долларды түзгөн.

Демек, 2021-жылдын жыйынтыгында бир жыл ичинде мамлекеттик карыз 221 млн долларга өскөн.

Султанбековдун графигинде 2020-жылы мамлекеттик карыз 4.217 млрд доллар, ал эми 2021-жылы 5.147 млрд долларды түзгөнү маалымдалат.

Бирок расмий булактардагы маалыматка ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз 4.2 млрд долларды эмес, 4.9 млрд долларды түзгөн.

Ал эми 4.2 млн доллар - бул мамлекеттик карыз эмес, тышкы карыздын өлчөмү болуп саналат. 

Жыйынтык: Фактыларды бурмалоо, манипуляция. 

Мамлекеттик карызды эсептөөдө Темирлан Султанбеков 2020-жылдын тышкы карызы жана 2021-жылдын мамлекеттик карызынын айырмасын эсептеген. Жыйынтыгында сандар бурмаланып, мамлекеттик карыз 4 эсе көп болуп көрсөтүлгөн.

2021-жылы мамлекеттик карыз 950 млн долларга эмес, 221.4 млн долларга, ал эми тышкы 77.1 млн долларга өскөн.