(Кыргыз) Кара тумоо пандемиясынын коркунучу жок
Социалдык тармактарда Кытайдагы жаңы кара тумоонун жайылышы тууралуу маалымат тарады.
2020-жылдын 9-январында Uygur.tv маалымат агенттиги Баян-Нур шаарында (Ички Монголия) кара тумоого кабылган жаран бир нече органдары иштебей калып, өлүмгө дуушар болгону тууралуу маалымдаган.
Кытай бийлиги ал менен контактыда болгондордун баарын карантинге алып, жыл аягына чейин жарандарга жаныбарлардын этин жегенге жана мергенге чыгууга тыюу салган.
Колдонуучулардын көбү жаңы илдеттин жайылышына кооптонгонун Google издөө системасы тастыктайт. Маселен, 7-июлда эле “Кытайдагы кара тумоо” (“бубонная чума в Китае” ) деп издегендердин саны 24 сааттын ичинде 4000%га өскөнүн көрсө болот.
Чынында кара тумоо адамзатына канчалык деңгээлде зыян? Factcheck.kg териштирди.
Эл оозунан COVID-19 пандемиясы кете электе кара тумоо тууралуу алгач кытайлык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Ал эми илдетке кабылган жаран тууралуу 6-августта BBC, The New York Times, Euronews, CNN, Reuters сыяктуу дүйнөлүк ЖМКлар кабарлаган.
Эске салсак, бир ай мурун биздин редакция Монголиядагы кара тумоо тууралуу маалыматты текшерген эле. Монгол бийлиги илдет тараган аймакты дароо көзөмөлгө алып, бейтаптарды бөлгөнгө жетишкен. Жыйынтыгында оору андан ары тараган эмес. Андыктан, Кытай менен Монголияда катталган илдеттердин бири-бири менен байланышы жок.
Кооптонууга себеп барбы?
Чума — бул Yersinia pestis бактериялары себепкер болгон илдет. Ал сүт эмүүчүлөр менен кемирүүчүлөрдө кездешип, айрым учурларда адамга жугуштуу болот. Чуманын ичинен көп кездешкени — кара тумоо.
Эгерде өз убактысында тиешелүү чаралар көрүлбөсө, оору 30% дан 100% учурга чейин өлүмгө алып келиши ыктымал. Бирок, илдетти антибиотиктердин жардамы менен оңой жеңсе болорун заманбап изилдөөлөр далилдейт.
“Кара тумоо катталган учурлар нормалдуу көрүнүш. Өзгөчө Кытайда. Илдет Ички Монголия провинциясында жана АКШнын түштүк-батышында маал-маалы менен чыгып турат. Оору көбүн эсе майда сүт эмүүчүлөр жана биттер менен контактыда болгон учурда козголот”, — деп билдирген твиттер баракчасында дарыгер, Глобалдык саламаттык сактоо, илим жана коопсуздук борборунун доценти Александра Фелан.
Жаңы пандемия бизге да жетеби?
“Албетте, өлүмгө алып келген жаңы инфекция ооруларына элдин кыжалат болгону табигый көрүнүш. Бирок, ага себеп деле жок. Илдетти оңой жеңсе болот. Ал жайылып кетпейт, оңой эле көзөмөлгө алынат”, — деп билдирген Euronewsка берген интервьюсунда дарыгер Александра Фелан.
АКШдагы Илдеттерди көзөмөлдө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматына ылайык, 2000-жылдан 2018- жылга чейин АКШда жыл сайын чума оорусу катталып турган. Кытайда илдет 2009-жылы Зикетан шаарында (Цинхай провинциясы) эң көп катталган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2010- 2015-жылдары дүйнө жүзүндө 3248 учур катталып, өлүмгө алып келген учурлардын саны 584кө жеткен.
“Азыр XIV кылым эмес, илдет изилденген. Covid-19 оорусунан айырмаланып, кара тумоону вирус эмес, бактерия козгойт жана илдет анитибиотиктердин жардамы менен натыйжалуу дарыланат. Чума пайда болгон жерди көзөмөлгө алып, бейтаптарды бөлүп коюу оңой. Анын жайылышын токтотуу жолу жеңил” – деп билдирген Heathline маалымат агенттигине Стэнфорд медициналык борборунун инфекционисти, дарыгер Шанти Каппагода,
Жыйынтык: Кытайда кара тумоо катталганы чын. Бирок пандемия коркунучу жок. Себеби илдет окумуштуулар тарабынан жакшы изилденип, антибиотиктердин жардамы менен оңой жеңилет.