(Кыргыз) Олег Газмановдун уулу Родионду Чикагодо “СССР” кофейнясы үчүн уруп сабаштыбы? Текшеребиз

Жакынкы күндөрдө Telegram-каналдарда Олег Газмановдун уулу Родионду Чикагодо сабап кетишти деген кабар таркады. Ага ишенсек, атасы уулуна «СССР» деп аталган кофейняны белек кылган имиш. Анын ачылыш салтанатында Орусиянын гимни ойнолгон, ошондо мекеменин жаңы ээсине америкалыктар кол салып, сабап кетишкен.
Бул жаңылык чоң резонансты жаратты, ал тууралуу коомдук тармактарда, ал эмес маалыматтык сайттарда жаза башташкан.
Factcheck.kg сайтынын редакциясы чындыгында эмне болгонун аныктады.
Белгилей кетсек, бул жаңылык өзгөчө 20-21-июлдарда катуу талкууга алынды, ошол эле кезде бир дагы Telegram-канал же сайт маалыматтын баштапкы булагын көрсөтпөдү.
Ал эми 21-июлда Родион Газманов «ВКонтакте» коомдук тармагындагы өз барагында ролик жайгаштырган. Роликте ал Москвадагы Ыйык Василийдин (Василий Блаженный) соборунун фонунда туруп алып, аны менен баардыгы жакшы экенин билдирген.
“Чикагодогу кофейня” тууралуу жаңылыкты таратып жаткан макоолордун баардыгына менден салам. Бул калп. Мени эч ким кескилеген да, урган да, аткан да жок. Азыркы учурда каржылык билими бар, акыл эси ордунда бир дагы адам штаттарда стартап ачпайт”.
Кийинчирээк белгилүү болгондой, бул жаңылыкты биринчи болуп Запорожьялык Виктор Приходько өзүнүн Tik-Tok каналында жайгаштырган. Бирок анын жаңылыгында “суу аккыч түтүк аркылуу McDonald’sдын имаратына чыкты” сыяктуу ишенүүгө оор болгон имиштер көп келтирилген. Ага карабай “жаңылык” бир нече күн вирустук болду.
@tolstyak.news♬ оригинальный звук – Приходько Виктор Запорожье
Тыянак: калп. Бул маалыматтын ишенимдүү булактары жок. Анан да бул маалыматты Родион өзүнүн видеосу менен жокко чыгарды. Ал видео Москвада тартылганы көрүнүп турат жана Родиондун бети-башында уруп сабоолордун эч бири изи байкалбайт.