(Кыргыз) Депутаттыкка талапкерлердин билдирүүлөрүн онлайн-текшерүү

30 -сентябрь күнү коомдук телеканалдагы дебатка төмөнкү талапкерлер катышты:
Алтынбек Сулайманов – «Бир Бол»,
Асель Атабекова – «Кыргызстан»,
Мирлан Жээнчороев – «Республика»,
Темирбек Асанбеков — «Мекен Ынтымагы»,
Нуржигит Кадырбеков – «Ыйман Нуру»
Билдирүүлөргө баа берүүдө factcheck.kg төмөнкү көрсөткүчтөрдү пайдаланат:
- Ырастоолор.
Фактыларды камтыган ырастоолор же кандидаттардын ой-пикирин камтыган билдирүүлөр.
- Убадалар.
Сунуш түрүндөгү билдирүүлөр же убадалар.
Бул көрсөткүчтөр аныкталган соң, төмөнкү бүтүм чыгарылат.
Ырастоолор:
- Жалган – дооматтарды четке каккан фактылык далилдерге ээ. Жаңылуулар да бул категорияга кирет.
- Чындык – билдирүүлөрдү тастыктаган фактылык далилдерге ээ. Ошол эле учурда так эмес бирок тегеректелген, анчалык деле айырмачылыгы жок билдирүүлөрдү камтышы ыктымал (мүмкүн)
- Манипуляция – логикалык каталары бар билдирүүлөр, ошондой эле фактыларды атайлап бурмалоо же жашыруу.
- Жартылай чындык – так эмес жана фактылык каталар бар ырастоолор, бирок айтылган сөздөрдүн көпчүлүгү текшерилгенде тастыкталат.
Убадалар:
Ченемсиз – келечекте ырастап, тастыктоого мүмкүн болбогон убадалар.
Текшере турган так көрсөткүчтөр жок. Мисалы, “биз пенсияны көтөрүүнү пландап аатабыз”. Айтылган убадада пенсиянын канча сомго көтөрүлө турганы тууралуу маалыматты камтыбайт, пландаштырылган иш-чаранын конкреттүү көрсөткүчү жок.