(Кыргыз) Темирлан Султанбековдун түз эфирдеги калпы
Коомдук телерадиокомпанияны түз эфиринде парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын жаш өкүлдөрүнүн арасында дебаттар уланууда.
16-сентябрь күнү болуп өткөн дебаттарда «Социал-демократтар», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Республика» жана «Ордо» партияларынын жаш талапкерлери катышты.
Дебат учурунда «Социал-демократтардын» өкүлү Темирлан Султанбеков төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү жасаган:
«Бишкек шаардык кеңешинин дээрлик бардык депутаттары — курулуш компанияларынын өкүлдөрү, ал жакка элден чыккан адамдар керек, социал-демократтар керек».
Мындан тышкары, алып баруучунун “шаар көйгөйүн бир гана шаардык кеңештин депуттары чечүүсү керекпи” деген суроосуна: “албетте, алар ошон үчүн айлык алат”, деп так кесе айткан эле.
Биз бул билдирүүлөрдү текшерип көрдүк.
Алгач Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына баш бактык. Шаардык кеңештин курманыда 5 партиядан шайланган 45 депутат кирет. Алардын ичинен 2016-жылда өткөн шайлоодо КСДП өкүлдөрүнүн саны көп— 13 мандат. Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров да КСДП партиясынан шайланган.
“24.kg” сайтындагы маалыматка ылайык, шаардык кеңештин 14 депутаты курулуш бизнесине түздөн-түз тиешеси бар.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын айлык алары тууралуу маалымат да чындыкка дал келген жок. Алар мыйзам чыгаруу иштери менен алектенбейт.
Жыйынтык: жалган.
- Бишкек шаардык кенешинин депуттарынын дээрлик бардыгы курулуш компанияларга тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт.
- Шаардык кеңештин депутаттары коомдук негизде иш алып барат жана айлык маяна албайт.