(Кыргыз) Токтайым Үмөталиева, “Жашасын Кыргызстан”: “Биздин программанын негизги өзөгүн пенсиялык реформа түзөт” – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 23-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

Дебат учурунда “Жашасын Кыргызстан” партиясынын өкүлү Токтайым Үмөталиева шайлоо программасынын негизги өзөгүн пенсиялык реформа түзөрүн билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын программасы А4 баракчасы менен эсептегенде дээрлик 9 беттен турат. Программада пенсия реформасына 5 сүйлөм арналган:

“Ар бир адамдын татыктуу пенсиялык камсыздоо укугу! Төрөгөн эненин, эмгек МИГРАНТЫНЫН эң татыктуу пенсиялык камсыздоо укугу. Совет мезгилиндеги эмгекти эске алуу менен пенсияларды индексациялоо. Институционалдык реформа пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча иштин айкындуулугуна жана натыйжалуулугуна багытталган. Эмгек стажына ээ болгон эненин баласын баккан убактысын мамлекет тарабынан ай сайын минималдуу өлчөмдө төлөп берүү менен келечекте пенсия менен камсыз кылууну моюнга алуу».

Үмөталиева Жогорку Кеңешке келсе, пенсиянын өлчөмүн 20 миңге жеткирерин кошумчалады.

Жыйынтык: жалган. “Жашасын Кыргызстан” партиясынын программасында пенсиялык реформага башка маселелердей эле көңүл бурулган.