(Кыргыз) Кытай кыргызстандыктардын эмделишин талап кылды деген маалымат – фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кытай кыргызстандыктардын кеминде 70%ынын эмделүүсүн талап кылды деген маалымат социалдык тармактарда жана жаңылык агенттиктеринде тарады. Бул билдирүүнү Кытай элчилиги четке какты. 

Эске салсак, буга чейин “Кытайдын ультиматуму. Чек арада транспорттун өтүүсүн көбөйтүү үчүн Кытай Кыргызстандын 70%ынын эмделүүсүн талап кылды” деген баштема менен жаңылык чыккан.

Маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Алгач бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Кыялбек Мукашев билдирип, Кытайдын жүк ташуучу унааларды чек арада аз өлчөмдө (күнүнө 30-35 унаа) өткөргөнүнүн себеби катары түшүндүргөн.

Мындан көп өтпөй Мамлекеттик бажы кызматы эмдөө жалпы кыргыз элине эмес, эки мамлекеттин чек арасындагы бажы кызматкерлерине, айдоочуларга жана товар ташууга катышкан башка жарандарга гана тиешелүү экенин кошумчалаган.

Ал эми Кытай элчилиги резонанстуу жаңылыкты фейк катары баалап, расмий сайтында тиешелүү билдирүү жарыялаган.

 

“Кытай тарап башка мамлекеттердин эмделүүсүн талап кылбайт жана кыла албайт”, – деп айтылат билдирүүдө. 

Жыйынтык: жалган. Кытай кыргызстандыктардын 70%ынын эмделишин талап кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.