(Кыргыз) Ош шаардык кеңешинин үч депутаты мандатын мыйзамсыз алышкан

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-июлда Ош шаардык кеңешине шайлоо өтүп, 45 депутат мандатка ээ болду. «Т-Медиа» алардын ичинен үчөө мандаттарын мыйзамсыз алганын аныктады.

Ош аймактык комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров 15-июлда шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгон.

30-июлда шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу Ош шаарынын жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмырза Эргешов, «Ошшаарсууканал» ишканасынын жетекчиси Дөөлатбек Кокочоров жана «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов кызматын тапшырды.

Бул жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга караманча каршы келет. Анткени бул мыйзамдын 51-беренесинин 1-пунктуна ылайык, эл өкүлү болуп шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн шайлоо жыйынтыкталган соң  үч күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиясына бериши керек болчу.

Эгер үч күндүн ичинде бул талапты аткарбаса, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте тизмедеги кийинки талапкерге мандаты өткөрүлүп бериши керек эле.

Бирок алар мыйзамда көрсөтүлгөн үч күн эмес 15 күндөн кийин жетекчилик кызматын тапшырышкан.

Деген менен «Ошшаарсууканал» ишканасын 10 жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келе жаткан Дөөлатбек Кокочоров кызматын тапшырган күнү эле ушул эле мекеменин инженери болуп дайындалганы белгилүү болду.

Экинчи депутат Бекмырза Эргешов да жетекчилик кызматтан кеткени менен Ош жылуулук берүү муниципалдык ишканасынан биротоло кеткен жок. Ал кызматын тапшырган күнү эле аталган ишкананын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Эргешов муну менен эле чектелип калбай, мурдагы иш бөлмөсүн депутаттык жеке иш бөлмөсүнө айлантып алганы да белгилүү болду.

Нурбек Исмаилов болсо «Ош-Тазалык» ишканасына 27-августта кайрадан жетекчи болуп дайындалды. Ал мандатын тапшырганын Ош мэриясынан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматованын айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамды жогорудагы үч депутат жана Ош аймактык шайлоо комиссиясы одоно бузуп, мандаттар мыйзамсыз берилген. Бул жагдайды Абдырахматова жергиликтүү деңгээлде саясий кызыкчылыктарды адалдаштыруу деп атады.

“Атамбаев Жээнбековду президент кылып, «менин жолумду улайт» деп алып келген. Анын планы боюнча Жээнбеков Англиянын ханышасындай болуп өлкөнү башкармак эмес. Атамбаев премьер-министр катары күчтүү укуктарга ээ болуп, бюджетти өзү каалагандай иштетүү анын колуна тиймек. Ошол эле ыкма эми жергиликтүү кеңештин деңгээлиндеги мыйзамдагы чектерди ашып өтүп, өзүнүн кандайдыр бир саясий кызыкчылыктарын адалдаштыруу схемасы болуп жатат”,- деди Абдырахматова.

Жыйынтык: Ош шаардык кеңешинин депутаттары Дөөлөтбек Кокочоров, Бекмырза Эргешов жана Нурбек Исмаилов мандаттарын мыйзамсыз алган.