(Кыргыз) COVID-19 илдети атайлап жасалганы далилдендиби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Массалык маалымат каражаттарында коронавирустун пайда болушу тууралуу жаңы маалымат кызуу талкуу жаратты. Анда англиялык профессор Ангус Далглиш жана норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирустун жасалма жол менен келип чыккандыгынын далили бар экенин билдирди деп айтылат.  

Жаңылыкта SARS-CoV-2 вирусун Ухань лабораториясындагы кытай окумуштуулары иштеп чыккан, ал эми тиешелүү далилдер жок кылынган, коомчулукка вирус табигый жол менен пайда болгону тууралуу маалымат жайылган деп айтылат.

Норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен (сол тарапта) жана англиялык профессор Ангус Далглиш (оң тарапта)

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Макаланы жарыялаган бардык орус тилдүү басылмалар Daily Mail сайтына шилтеме берген.

Бул сайтта коронавирус тууралуу «ЭКСКЛЮЗИВ: COVID-19дун табигый ишенимдүү булагы жок» аттуу макала жарык көргөнү чын. Анда илдет кытай окумуштуулары тарабынан иштелип чыкканы жана жасалма жолдун издери «ретро-инженериянын» жардамы менен жок кылынганы айтылат. Коомчулукка бул жасалма эмес, табигый жол менен пайда болгон деген өңүттө атайлап маалымат таратылганы жазылат.

Басылма англиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык окумуштуу-вирусолог Биргер Соренсен жазган 22 беттик изилдөөгө шилтеме берген. Ага ылайык, кытай окумуштуулары үңкүр жарганаттар кабылган коронавирусту алып, аны кадимки COVID-19га айландырган.

Мындан тышкары, бул изилдөөдө «маалыматты атайлап жашыруу жана жок кылуу» тууралуу айтылып, ага катышкан окумуштуулар кийин бул тууралуу айта албай калганы жана жок болгону жазылат.

Далглиш менен Соросендин айтымында алар тыянактарын жарыялоо аракетин көргөн, бирок алар вирус табигый жол менен жарганаттардан же башка жаныбарлардан адамдарга жуккан деп эсептеген ири илимий журналдар тарабынан четке кагылган.

Буга далил катары Daily Mail басылмасы изилдөөнүн айрым баракчаларынын скриншотторун да жарыялаган. Анда тыюу салган тиешелүү белгини көрсө болот.

Окумуштуулардын пикири чындыкка дал келерин тастыктаган далилдер жок.

Бир нече күндөн соң айрым окумуштуулар британиялык жана норвегиялык адистердин сөздөрүн сынга алган.

8-июнда эң беделдүү илимий журнал деп эсептелген The Nature басылмасында «COVIDдун лабораториялык иштердеги ачыкталган гипотезасы: окумуштуулар эмне кылууда жана эмнени билишпейт» аттуу макала жарыяланып, анда SARS CoV-2 Кытай лабораториясынан сыртка чыккандыгы жана ага тиешелүү далилдер бар экендиги тууралуу маалымдалат.

Анда көпчүлүк окумуштуулар коронавирусту табигый жол менен пайда болгон деп эсептегенине карабай, анын лабораториялык жол менен пайда болушу мүмкүн экенин эске ала жүрүү керек деп белгиленет.

Бирок The Nature макаласынын авторлору  SARS-CoV-2  вирусунун лабороториялык жол менен пайда болгондугу учурда жөн гана божомол деген жыйынтык чыгарган. Бул гипотезаны төгүндөө же четке кагуу үчүн бир нече убакыт талап кылынат. 

SARS-CoV-2 вирусунун лабороториялык жол менен пайда болгону тууралуу маалымат акыркы учурда кызуу талкуу жаратты.  Бул тууралуу дүйнөлүк ири басылмалар жазып чыкты. Дал ушул мезгилде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана 200гө жакын мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда COVID-19 пандемиясын талкуулаган жыл сайын өткөрүлүүчү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы болду

26-майда АКШнын президенти Джо Байден АКШнын чалгындоо агенттиктерине SARS-CoV-2нин кайдан келгендигин билүү үчүн биригип, 90 күндүн ичинде отчет берүүнү тапшырды.

Буга жооп катары Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицян пресс-конференцияда вирустун лабороториялык келип чыгышы жөнүндөгү айыптоолорду четке кагып, АКШны “вирус лабороториядан чыккан” деген теориясын жардырып атат деп айыптады.

“Кытайда жүргузүлгөн терең изилдөөдө ДСУнун эксперттери вирустун лабороториядан чыгып кетиши күмөн деп бир добуштан кабыл алышты“, – деп билдирди Чжао. Мындан тышкары, ал АКШны пандемияны саясий манипуляция үчүн колдонууга аракеттенип атат деп айыптады.

Жыйынтык: далилденген жок. SARS CoV-2 вирусунун жасалма жол менен келип чыккандыгы тууралуу маалыматтын илимий далилдери жок.