(Кыргыз) КРде алтындын экспорту рекорддук санга азайды

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтор Голд Компани» ЖАОдо алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия ишкананын Кыргызстанга берилгенден берки ишмердүүлүгүн текшерет. «Кумтор Голд Компани» ЖАО 2021-жылдын 17 майынан бери бийликтин башкаруусунда иштеп келет. 

Factcheck.kg редакциясы Кыргызстан үстүбүздөгү жылда алтынды каякка жана канча көлөмдө экспорттоп жатканын аныктады.

Улуттук статистикалык комитеттин (УСК) маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-август айларында Кыргызстан болгону 65,4 кг алтынды (667 миң АКШ долларына) экспорттогон. Былтыр ушул эле убакта 18,8 тонна алтын экспорттолгон болчу.

2022-жылы көрсөтүлгөн убакытта Кыргызстан 65,4 кг алтын саткан. Анын басымдуу бөлүгү Түркияга (64 кг) жана болбогон бөлүгү Бириккен Арабдар Эмиратына (1,4 кг) сатылган. Белгилей кетиш керек, 2022-жылы Кыргызстан Түркияга экспорттун көлөмүн өстүрө алган. Жыл боюнча санай турган болсок, 2021-жылга салыштырмалуу бул өлкөгө экспорт 2 эсе, ал эми 2020-жылга салыштырмалуу – үч эсе өскөн.

Эскерте кетсек, мурда коомчулукту 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз алтынын эң көп сатып алган жак “белгисиз өлкө” катары көрсөтүлгөнү тынчсыздандырган болчу. Ал эми Улуттук статкомитет 2021-жылы экспорттолгон алтындын басымдүү бөлүгү (жалпы көлөмдүн 70%) тууралуу маалыматты жашырып койгон. Журналисттердин кайсы өлкө тууралуу сөз болуп жаткандыгы тууралуу суроосу жоопсуз калтырылган.

Садыр Жапаров сатып алуучулар тууралуу маалымат коопсуздук кызыкчылыгында жашыруун бойдон калаарын билдирген.

“Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат”, – деген мамлекет башчы.

Factcheck.kg кийин аныктагандай, Кыргызстан алтындын рекорддук көлөмүн – 1,2 млрд долларга (бардыгы 21 тонна) – 2021-жылы Швейцарияга экспорттогон, бул алтындын 1 тоннасынын баасы $57 млн түзгөн. Маалыматтар Trademap соода-сатык боюнча эл аралык маалыматтар базасынан алынган. Белгилей кетүү керек, мурда көп жылдан бери Швейцария Кыргызстандын алтынын негизги сатып алуучуларынан болгон.

Тыянак: Кыргызстан 2022-жылы (январь-августта) рекорддук аз өлчөмдө, болгону 65 кг, алтын саткан.