Кыргызстан 1.2 млрд долларга алтынды “белгисиз” өлкөгө эмес, Швейцарияга саткан

Кыргызстан былтыр рекорддук суммага – 1,4 млрд долларга алтынды чет мамлекетке саткан. Бирок кыргыз алтынынын 70% экспорттолгон өлкө (өлкөлөр) көрсөтүлбөгөн. Муну “Азаттык” радиосу аныктады.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы Кыргызстан 1.1 млрд долларга алтынды кайсы өлкөгө жибергенин аныктоо менен бирге Улуттук статистикалык комитеттин иш алып баруусундагы кемчиликтерди ачты.

Эч кимге “сырыбызды” айтпайбыз

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалыматтык агенттигине берген интервьюсунда “Кумтор” кенинде өндүрүлгөн алтын чет өлкөгө сатылып жатканын айткан. Бирок ошол эле кезде ал билдиргендей, коопсуздукту камсыздоо максатында сатып алуучулар тууралуу маалымат сыр болуп сакталып калмакчы.

“Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат”, – деди мамлекет башчы.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү манипуляция болоорун белгилейбиз. Жапаровго алтын кайсы убакта, кайсы борт менен жөнөтүлөөрү тууралуу суроо берилген эмес болчу. Аталган маалыматты билүү коомчулукка да, ЖМКларга да зарыл эмес, анткени бул маалыматтардын жашыруун экенин жакшы билишет.

Журналисттер менен активисттер алтын кайсы өлкөлөргө сатылып жатканын бийлик өкүлдөрүнөн сураган, анткени буга чейин бул маалыматтар ачык болгон. Отчеттор менен статистикалык маалыматтар алтын Кыргызстандын аймагынан чыгарылып кеткенине көп убакыт болгондон кийин даярдалат.

Дагы белгилей кетүүчү нерсе, алтындын экспорту боюнча маалымат Садыр Жапаровдун бийлик башына келээри менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жашырылды. Алтындын экспортуна байланыштуу мурдагы жылдар боюнча статистиканы бул жерден көрсө болот.

Алтын каякка экспорттолгон?

Factcheck.kg сайтынын редакциясы Trademap соода-сатык боюнча эл аралык маалыматтар базасын талдап чыкты. Статистикаларды салыштыруу чоң айырмачылыктар бар экенин көрсөттү.

Мисалы, андагы маалыматтар боюнча Кыргызстан 2021-жылы Швейцарияга рекорддук өлчөмдөгү алтынды экспорттогон – 1,2 млрд долларга (баардыгы 21 тонна). Бир тоннанын баасы $57 млн. түздү.

Өз кезегинде Кыргызстан, Улуттук статкомдун расмий маалыматы боюнча, Швейцарияга 1 тонна гана алтынды жиберген, ал эми “белгисиз өлкөгө” – 19,2 тоннаны.

Ошондой эле Trademap маалыматтарына ылайык, Таиланд менен Кытайга 1 тоннадан алтын жиберилген, ал эми Улуттук статкомдо бул өлкөлөр көрсөтүлбөгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган өлкөлөр үчүн алтындын баасы кыйла төмөн болгон – 1 тонна алтын $36 млн жана $37 млн.

Расмий статистикада көрсөтүлбөгөн дагы бир канча мамлекет бар – Сингапур жана Кытайдын атайын административдик району – Гонконг. Алардын экспорттологон алтындагы үлүшү кичинекей – 0.1 жана 1.4%

Улуубританияга 4 тонна алтын жиберилген, бул көрсоткүч боюнча Trademap менен Улуттук стакомдун маалыматтары окшош, бир гана алтын бааларын эсепке албасак. Расмий статистика боюнча, алтындын тоннасы 57 млн долларга сатылган, ал эми Trademap маалыматы боюнча 58 млн. долларга.

Биз ошондой эле Швейцариянын алтынды импорттоо боюнча маалыматтарын текшердик. Бул өлкөгө алтын саткандардын жалпы рыногундагы Кыргызстандын үлүшү болгону 1.3% түзөт.

Алтынды саткан эң ири өлкөлөр: Улуубритания, АКШ, БАЭ, Туштүк Африка жана Буркина-Фасо.

Вывод: Trademap маалыматтар базасы боюнча, Кыргызстан 2021-жылы Швейцарияга 21 тонна алтынды экспорттогон.