(Кыргыз) Украинада орус тилиндеги китептерге жана музыкага тыюу салындыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Орусиянын бир катар ЖМКлары Украинада Орусия жана Белоруссиядан келген китептерди киргизүү жана жайылтууга тыюу салынганын жазып чыгышкан.  Мындан тышкары коомдук жайларда жана медиа тармагында “орус” музыкаларга да тыюу салынганын  жаңылыктардан берип жатышат.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү:

Кандай китептерге тыюу салынган?

Украинанын “Басма иши жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Украинанын аймагына Беларусь, Орусия жана убактылуу оккупациядагы аймактарда даярдалган же басып чыгарылган китептерди киргизүүгө жана жайылтууга тыюу салынган.

Мындан тышкары мыйзамда 2023-жылдын 1-январынан тарта Украинада китептер украин, тамырлаш элдердин (крым татар, крымчак жана карайым) жана Евробиримдиктин расмий тилдеринде гана басып чыгарылышы керек деп, белгиленип турат. Котормо адабият дагы украин, тамырлаш элдердин жана Евробиримдиктин расмий тилдеринде гана чыгарылып жайылтылышы керек.

Ушул эле учурда Украинанын мыйзамы авторлору Орусиянын жана Белоруссиянын жарандары болбогон орус тилдүү китептерди киргизүүгө тыюу салган эмес.  Бирок алар Украинага каршы пропаганданы камтыбастан тийиштүү уруксаты болушу шарт. Мындан тышкары 1991-жылга чейинки орусиялык жана белоруссиялык авторлордун китептерин киргизүүгө уруксат бар.

Маалымкат-негиздемеде мыйзамдолбоорду кабыл алуу украиналык китеп басып чыгаруу жана жайылтуу тармагын “орус дүйнөсүнүн” кыйратуучу таасиринен сактоого, улуттук коопсуздукту бекемдөөгө, украин тилинин жайылышына жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө болот деп жазылган.

Украинада кандай музыкаларга уруксат берилген?

Украинанын  “Маданият жөнүндө” мыйзамына ылайык, Украинанын территориясында аймактык бүтүндүк толугу менен калыбына келгенге чейин коомдук жайларда жана медиа тармакта орусиялык аткаруучулардын концерттерине жана музыкаларына тыюу салынган.

Мындан тышкары мыйзамда белгиленгендей,  орусиялык аткаруучуларды эл алдында ырдатуу же ырлары менен клиптерин жарыялоого да болбойт. Бул норма Орусиянын мурдагы жарандарына тийиштүү эмес.

Эгерде орусиялык аткаруучу Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдосо жана бул оюн ачык билдирип жүргөн болсо анын концертин жана ырларын трансляциялоого жол ачык.  Бул үчүн мындай аткаруучулардын өз тизмеси түзүлөт. Тизмеге кирүү үчүн арыз жазуу керек.

Жыйынтык: жарым чындык. Украинага орус тилиндеги китептерди киргизүүгө тыюу салынган эмес. Бирок авторлору 1991-жылга чейинкилер болушу керек.  Мындан тышкары өлкө аймагына авторлору Орусиянын же Белоруссиянын жарандары болбогон орус тилиндеги китептерди  да киргизүүгө болот. Болгону Украинага каршы пропаганданы камтыбашы шарт. Өз кезегинде Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон Орусиянын аткаруучулары дагы концерттерди бере алат.  Ошондой эле Орусиянын мурдагы жарандарына да чектөө жок.