(Кыргыз) Талибдер жаш кызды алып кетиштиби? Чуулгандуу видеону текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

15-августта Айбек Турдалиев аттуу Твиттер колдонуучусу талибдердин жаш кызды күч менен алып кетишкени тууралуу видео менен бөлүшкөн. Видеодогу каармандар  кыргызча сүйлөп жатканы айтылат.

 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Соңку убактарда интернет тармагында “Талибдер жаш секелектерди турмуш куруу үчүн алып кетип жатышат” деген видео активдүү бөлүшүлө баштаган. Биз, invid программасынан бул видеонун 2019-жылы тартылганын аныктадык.

Видеодо, 9-10 жаштарындагы кыздын ыйлап жатканын көрүүгө болот. Аны 40-45 жаштарындагы эркек киши күч менен кармап, алып кеткен. Кадр артынан, “Кой алып кетсин. Бергиле. Сен тийбе!” деген кыргызча сөздөр даана угулган.

Мындан сырткары видеодогу аялдардын кийимдери да Памир тоолорунда жашаган аялдардын кийимине окшош экенин байкоого болот.

Бирок, бул видеонун чын эле Ооганстандагы памирлик кыргыздардын жеринде тартылганы жана күч колдонуп кичинекей кызды алып кеткендердин, талибан кыймылынын мүчөлөрү экени далилденбей калган.

Белгилей кетсек, Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде. Алардын бир бөлүгү Кыргызстанга көчүрүлүп келсе, калганы Ооганстанда калган. Талибан кыймылынын Афганистанда күч алышы менен, кооптонгон 350 гө жакын Памирлик кыргыздар Тажикстанга качышкан. Бирок Тажикстан аларды кайра артка кайтарып жиберген.

Азыркы учурда кыргыз бийлиги, Ооганстандагы кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча тиешелүү кадамдарды жасай элек.

Талибдер жана аялдар

Талибан режими буга чейин аялдарга карата катаал режимде экенин көрсөткөн. Мисалы: Талибандар 1996-жылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин, аялдардын иштөөсүнө, 8 жаштан кийин көчөгө жалгыз чыгуусуна, чоочун кишилерге көрүүнүүсүнө жана бийик такалуу бут кийим кийүүсүнө жана башкаларга тыюу салышкан. Эгерде бул талаптар бузула турган болсо, аялдар өтө катуу жазаланып келген.

Азыркы учурда Афганистандын дээрлик бардык аймагын көзөмөлдөгөн жана Кабулда бийликти алган Талибдер, аялдардын укуктарын урматтоону жана аларды иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоону убада кылышса да бир топ активисттер мурдагы режим кайра орной турганын айтып келишет.

Мындан сырткары, “Daily Mail” басылмасы, 13-августта Талибан кыймылы 12 жаштагы секелек кыздарды аялдыкка алып жатат деген маалыматты жарыяланган. Бирок, азыр бул тууралуу так маалыматтар жарыялана элек.

Белгилей кетсек, 15-август күнү, “Талибан”* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулга келип, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

Жыйынтык: “Талибдер жаш секелектерди турмуш куруу үчүн алып кетип жатышат” деген видео 2019-жылы тартылган. Кадр артында, кыргызча сөздөр да угулган. Бирок, видео кайсы жерде тартылганы тууралуу маалымат жок.

Булак: ПолитКлиника