(Кыргыз) Тажикстанда жер көчкү жүргөнү чын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясына Facebook колдонуучулары жер көчкү тартылган тасманы текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Видеонун мүнөздөмөсүндө окуя Тажикстанда болуп өткөнү айтылат.

8-майда Тажикстанда жер кыртышы эрозияга учурап, жыйынтыгында жер көчкү катталганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана алдыңкы басылмалары билдирген. “Озоди” (“Азаттык”) радиосунун Facebook баракчасында 8-майда Бишкек убактысы боюнча саат 18.37де тиешелүү тасма жарыяланган. Аны менен кыргызстандык колдонуучу бөлүшкөнүн көрсө болот.

8-майда Хатлон облусунун Ифтихор районунун Навобод айылында жер көчкү катталып, 15 турай жай жана 100 гектар айдоо аянты кыйроого учураган. Аймакта чатырлуу шаарча тигилип, адам өлүмүнө жол бербөө үчүн 167 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бийликтин айтымында Өзгөчө кырдаалдар жана геология боюнча мамлекеттик комитети абалды күнү-түнү көзөмөлдөөдө

 

Жыйынтык: 8-майда Тажикстандын Навобод айылында жер көчкү катталганы чын.