(Кыргыз) Видеочек: Авиашоуда Экинчи дүйнөлүк согушка тиешеси бар эки учак кагылыштыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Учуп бараткан эки учак кагылышкан видеоролик Интернетте таркатылып жатат. Ага түшүндүрмөдө учактын бири – Экинчи дүйнөлүк согушта бекемдиги үчүн Flying Fortress  (“Учуучу чеп”) деп атыккан атактуу америкалык бомбалоочу учак Boeing B-17 деп айтылат.

Factcheck.kg редакциясы бул видеонун аныктыгын текшерди, анткени колдонуучулар арасында бул видеофейк болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Биз аныктагандай, чынында эле Техас штатында өткөн Wings Over Dallas («Далластын асманындагы канаттар») америкалык авиациялык шоуда эки учак кагылышкан трагедия болгон. Бул тууралуу уюштуруучулар өз сайтында жазышкан.

“Ишембиде,12-ноябрда, Даллас аэропортунда эки учактын кагылышы болду. Бул B-17 Flying Fortress жана P-63 Kingcobra болчу, экөө тең Хьюстон районунан. Учурда учкучтардын абалы тууралуу бизде маалымат жок, шашылыш куткаруу кызматтары дагы эле иштеп жатышат. Эскерүү аба күчтөрү жергиликтүү бийликтер менен иштешүүдө,  FAA жана NTSB авариянын себептерин дыкат иликтеп чыгышат. Бардык маалыматтар бул жерге жарыяланат. Ойлорубуз жана тиленүүлөрүбүз кырсыкка кабылгандар жана алардын үй-бүлөлөрү менен”.

Эки учактын кагылышын тарткан башка видеодон P-63 Kingcobra истребители B-17 бомбалагычтын куйрук жагына урунганын, ага байланыштуу учактын куйругу бөлүнүп, эки учак кулаганын көрсө болот.

Аба күчтөрүнүн басылмасы кийинчирээк билдиргендей, Даллас округунун соту Клей Дженкинс бул трагедияда алты адам курман болгонун айткан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн билдирүүсү боюнча, жердеги адамдардын эч кимиси жабыр тарткан эмес.

Тыянак: чындык. Экинчи дүйнөлүк согушта өңдүрүлгөн эки раритет учак B-17 Flying Fortress жана P-63 Kingcobra чынында эле Техас штатында өтүп жаткан авиашоуда бири-бири менен кагылышып талкаланган.