(Кыргыз) Видеочек: Фрунзе жөнүндө кадрлар качан тартылган, 1951-жылыбы, же 1959-жылыбы?

Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз кайрылып, Facebook’та жарыяланган видероликти текшерип берүүнү өтүндү. Видеодон Фрунзе шаарынын архивдик кадрларын көрсө болот. Ролик “Мамлекеттик Архив” барагында жарыяланган. Аны жарыялаган автор видео 1951-жылы тартылган деп билдирген, бирок айрым колдонуучулардын пикиринде, тасма кечирээк, 50-жылдардын аяк ченинде жарык көргөн.
Factcheck.kg редакциясы архивдик кадрларды талдап чыкты.
Биз аныктагандай, бул роликтеги кадрлар Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын артисттери ойногон “Чолпон” тасма-балетинен алынган экен. Тасманы Ленфильмдин Ленинграддык студиясы жана Көркөм жана документалдуу фильмдер боюнча Фрунзе киностудиясы 1959-жылы тартышкан.
Ошентип, “Мамлекеттик Архивде” жарыяланган видеоролик 1951-жылы тартылбаган болот.
Ошондой эле кадрга түшкөн айрым объектилер боюнча тасма 1951-жылы тартылышы мүмкүн эмес экенин айтсак болот. Анын жандырмагы жөпжөнөкөй: ал объектилер ал кезде жок болчу.
Гидромелиоративдик техникум. Анын курулушу 1954-жылы аяктаган. 1960-жылдан баштап ал Полтехникалык техникум болгон.
Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры. Ал согушка чейин эле курула баштаган, бирок курулуш иштери 1955-жылы бүтүрүлгөн.
Кыргыз ССРинин Мамкурулушунун фонундагы ГАЗ-21 “Волга” автоунаасы. Бул модель расмий түрдө 1956-жылдын күзүнөн тартып чыгарыла баштаган – анда ноябрь майрамына карата беш автонуаа чогултулган болчу. Бирок анын конструкциясында айрым кемчиликтер болгондуктан ал маасалык түрдө 1957-жылдын жазынан бери гана чыгарыла баштаган. Фрунзедеги эң биринчи бул автоуна кадрга түшкөн күндө да, ал 1957-жылы же жазында, же жайында болгон.
Тыянак: калп. Жарыяланган кадрлар 1959-жылы жарык көргөн “Чолпон” тасма-балетинен алынган. Ошондой эле 1951-жылы али жок болгон айрым объектилер кадрга түшүп калган.