(Кыргыз) Шайлоо-2021: фейк-аккаунттардын “колдоосуна” арзыган партиялар

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Өткөн жылкы парламенттик шайлоодон кийин Facebook социалдык тармагы партияларга колдоо көрсөткөн 400дөй фейк-аккаунтту өчүргөн. Белгилүү болгондой “троллдор фабрикасы” аларга буйрутма берген саясатчылардын кызыкчылыгын коргоп, социалдык тармактарда ызы-чуу жаратат.

Фейк-аккаунттардын дээрлик жарымынын өчүрүлүшүнө kloop.kg басылмасынын журналисттеринин жана Медиа полиси институтунун 800дөн ашуун аккаунтка саресеп салганы жана алар тууралуу “Фейсбуктун” өкүлүнө кабар бергени себепкер болгон. 

Эки жума мурун Кыргызстанда кайрадан шайлоо өнөктүгү башталып, партиялар жергиликтүү кеңештерге аттанды. Factcheck.kg  “Фейсбуктан” 600 аккаунтту изилдеп көрүп, фейктердин кайрадан ишке кызуу киришип, капчыктуу саясатчылардын камчысын чаап атканына күбө болду. 

 

Асман чапчыган троллдор

Бишкек шаардык кеңешке аттанган 25 партиянын ичинен шайлоо өнөктүгүнө эң көп каражат сарптаган партиялар: “Ынтымак”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ак-Бата”,“Эмгек”,  “Социал Демократтар”  жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясы. Эки жумага жетпеген убактын ичинде бул партиялар 3 миллиондон 7 миллион сомго чейин каражат коротконго үлгүргөн. 

Дал ушул капчыктуу партиялар фейк-фабрикаларды жалдап аткан жокпу? Текшерип көрүүнү чечтик. 

 

Троллдордун лидерлери

Биз шаардык кеңешке аттанган партиялардын жана алардын лидерлеринин “Фейсбуктагы” баракчаларына баш багып көрдүк. Бул баракчаларда жарыяланган постторго колдоо иретинде калтырылган комментарийлердин авторлорун тизмектеп, аларга саресеп салдык. 

6 партиянын ар биринен 100дөн аккаунт чогултуп, жалпысынан 600 профилди текшердик. 

Алардын каттоодон өткөн күнү, баракчасында жарыяланган посттору, жана сүрөттөрү тыкыр изилденди. 

Дал ушул критерийлер аркылуу биз аккаунттардын фейк же фейк эмес экенин аныктай алдык. Анткен менен, айрым колдонуучулар тууралуу маалыматты так кесе айтуу мүмкүн болгон жок. 

Посттордун астында колдоо көрсөткөн комментарий калтыргандардын арасынан эң эле көп фейктер “Ынтымак” партиясынын баракчасынан табылды. Маселен, бул партияга 4 адам колдоо көрсөтсө, анын үчөө, башкача айтканда 72%ы фейк болуп чыкты. 22%ы реалдуу колдонуучу, ал эми 6%ын аныктоо мүмкүн болгон жок. 

Фейктердин колдоосуна арзыган экинчи партия — “Эмгек” партиясы. “Эмгектин” тарапташтарынын дээрлик жарымынан көбү — троллдор, болгону 16%ы чыныгы колдонуучулар, ал эми 24%ы шектүү.  

Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын колдоочуларынын дээрлик жарымы фейк, андан азыраагы — чыныгы аккаунт, ал эми 5%ы шектүү. “Ак-Бата” партиясында да дал ушул сымал көрүнүш. 

Тарапташтарынын арасынан реалдуу колдоонуучулар басым жасаган партиялар “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Социал Демократтар”  болуп чыкты.