(Кыргыз) Зеленский студенттерге да мылтык карматкан жатабы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Россиянын “Россия 1” телеканалында “Зеленский ок алдына студенттерди чыгарууну каалап жатат” (ред. – “Зеленский захотел поставить под ружье студентов”) аттуу материал   жарык көргөн. Мында Зеленский украиналыктарга армияга чакыруунун жаңы эрежелерин убадалаганы айтылууда.  

Мисал катары Израиль алынды. Ал жакта аскерге милдеттүүлөр деп баары эсептелет. Мобилизациялык кем жыйноо шартында жогорку билим алуу үчүн аскерде кызмат өтөөнү милдеттүү талап кылуу идеясын Киев жактырып жатат”.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү:

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин расмий сайтында  23-июнда израилдик студенттер менен жолугушуунун видеосу жайгаштырылган. Мында Зеленский студенттин “согуш аяктагандан кийинки Украинанын 5-10 жылда жашоосун кандай элестетесиз?” аттуу суроосуна жооп берип жатып армияга чакыруу системасы өзгөрүлө турганын айткан.

Анын айтымында өлкө бийлиги Израилдин аскерге чакыруу моделин, тактап айтканда эркек жана аялдарды армияга мөөнөттүү кызматка чакырууну ЖОЖдордо билим алууу алдында ишке ашырууну, караштырууда. Ошентсе да Украинанын Куралдуу күчтөр реформасы (27:44 – 29:31) азырынча кароодо гана турганын кошумчалады:

Мен дал ушул модель болот, деп ишенем, бирок биз аны коомчулук менен чогуу карап талкуулайбыз” , – деди Владимир Зеленский. 

Мындан тышкары, согуш өлкөдө жүздөгөн адамдарды курал кармап ок атууга аргасыз кылгандыгын кошумчалады. Ушундан улам көптөгөн украиналыктар курал колдонгонду жана согушканды өздөштүрүп калды. Бул Украинада аймактык коргонууга жүздөгөн жарандар тартылганына да байланыштуу.

«Мамлекетти жана армияны коргоо, ошондой эле аскердин санын да алып караганда эми мурдагыдай болбойт, студенттерге карата чара да өзгөрөт” – деди Украинанын президенти.

Израилде армияга чакыруунун модели кандай?

Израиль армиясында 18 жаштан 27 жашка чейинки жарандардын бардыгы кызмат өтөөгө милдеттүү. Эркектер үчүн кызмат өтөө мөөнөтү – 36, ал эми аялдар үчүн  – 24 ай.

Кызматы аяктаган соң жаштар резервчилердин курамына киргизилет жана келишим негизинде иштөө каалоосу да эске алынат.

Аскерге чакыруудан төмөнкү категориядагы адамдар бошотулушу мүмкүн:

  • Диний мектептердин окуучулары
  • Аскерге чакыруу курагында турмушка чыккан келиндер
  • Аскерге чакыруу маалында 20 жаштан жогору кыздар жана 23 жаштан жогору жигиттер мөөнөттүү кызматка чакырылбайт, бирок ЦАХАЛдын (ред. – Израилдин коргонуу армиясы) катарына өз ыктыяры менен кошулат.
  • Балалуу келиндер
  • Балалуу репатрианттар (ред. – Мекенине кайтуучулар)
  • Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө диний көз караштары жол бербеген кыздарга альтернативдүү кызмат өтөө сунушталат
  • Ден-соолугунун айынан кызмат өтөй албаган адамдар

Эгерде Израиль жараны чакыруу кампаниясы учурунда жогорку окуу жайда билим алып жаткан болсо анда анын кызмат өтөө мөөнөтү жылдырылат.

Жыйынтык: жалган. Украинанын бийлиги Куралдуу күчтөрдүн реформасын караштырып жатат, бирок өзгөрүүлөр согуш аяктагандан кийин гана болушу мүмкүн.