(Кыргыз) Жанар Акаев, “Альянс”: “Мамлекеттик карыз 4.5 млрд долларды түзөт” – жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 22-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Аруузат-Эл-Куту” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

“Альянс” партиясынын өкүлү Жанар Акаев мамлекеттик карыз 4.5 млрд долларды түзөрүн билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, июнь айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 4 миллиард 921 миллион долларга жетип, улуттук валютада мамлекеттик карыз 416 миллиард 629,9 миллион сомду түздү. Жалпысынан 84,5% өлкөнүн тышкы кредиттери, 15,5% ички кредиттер.

Жыйынтык: жалган. Чынында Кыргызстандын мамлекеттик карызы Жанар Акаев билдиргенден да көп.