КР Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечегин аэрозолдук инфекция деп жатат. Текшеребиз.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Оорулардын алдын алуу департаментинин билдирүүсүндө маймыл чечеги – бул аэрозолдук инфекция жана ал, биринчи кезекте, аба аркылуу жугат. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Анара Мамбетисаева билдирген. Ушундай эле маалымат Департаменттин сайтында илинип турат.

Factcheck.kg бул маселени тактаганга аракет кылды.

Анара Мамбетисаева Kaktus.media сайтына комментарий берип жатып маймыл чечегин аэрозолдук инфекция деп атаган. Бирок, анын айтымында, чечек анчалык жугуштуу эмес. Ага кошумча бул ооруну аныктаганга жеңил, анткени ага мүнөзүү тери исиркектери пайда болот.

Оорулардын алдын алуу департаментинин сайтында илинип турган маалыматтык бюллетенде да чечек, биринчи кезекте, аба аркылуу таркай тургандыгы айтылат. Андан кийин гана биологиялык суюктуктар жана бейтап колдонгон үй-тиричилик буюмдары тизмектелет.

БДССУнун пикири

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) маалыматтык бюллетенинде маймыл чечеги тери жаралары, дене суюктуктары, бейтап колдонгон буюмдар (мисалы, төшөк) жана ошондой эле аба аркылуу жугушу мүмкүн деп айтылат.

Аба аркылуу жуктуруш үчүн эки адам көп убакыт бетме-бет чогуу болушу керек, ошондуктан медиктердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана бейтап менен тыгыз байланышта болгондордун ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги жогору.

Бирок акыркы жылдары бир жамаатта адамдан адамга жугуунун эң узун тизмеги алты адамдан тогуз адамга чейин узарды. Бул чечекке каршы эмдөөлөрдүн токтотулушуна байланыштуу адамдардын чечекке каршы жалпы иммунитетинин төмөндөшү менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

“Тыгыз физикалык байланыш маймыл чечегин жуктуруп алуу жолдорунун бири болгонун билгенибиз менен, аталган оору жыныстык катнаш аркылуу жугабы же жукпайбы биз эч нерсе айта албайбыз. Аны аныкташ үчүн кошумча изилдөөлөр керек”, – деп айтылат бюллетенде.

Мындан тышкары, 23-июлда БДССУ маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралгандыгын моюнга алганда, аталган уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус маймыл чечегинин бүт дүйнөгө тез тарашынын жолдорун БДССУ жакшы билбей тургандыгын айткан.

Тыянак: далилденбеген. Ал эмес Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги – аэрозолдук инфекция жана ал негизинен аба аркылуу жугат деп кескин айта албайт. БДССУнун адистери оорунун тарашынын жолдорун “жакшы билишпейт”, ошондуктан так бир нерсе айтуу эрте.