Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган - Factcheck
Расследования

Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган

03.07.2020

Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган

Коргонуучу кийимдер, маскалар, жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттар – бул аталгандар пандемия учурунда дүйнө жүзү боюнча эң керектүү, таңкыс товарларга айланды. Бул товарлардын баалары заматта кымбаттай түштү. Бирок, Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери сатып алган баалар базардагы баага караганда өзгөчө асмандап кеткен.

17-июнга карата маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктан 60,5 млн доллар кредит алынса, анын млн доллары, коронавирус менен күрөшүүгө медициналык каражаттарды алууга кеткен. Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан грант катары 41 млн доллар алынса, анын 10 млн доллары, 94 млн кредит алынса, анын 10 млн доллары, COVID-19 менен күрөшүү үчүн – медициналык сатып алууларды каржылоо үчүн керектүү буюмдар жана дары-дармектерди алууга сарпталган. Жалпысынан эл аралык финансылык уюмдардан грант катары 165,8 млн доллар, кредитке 461,5 млн доллар алынган.

Ошол акчалар канчалык деңгээлде рационалдуу пайдаланылып жатат деген суроону бергендер көп. Бирок биринчи вице-премьер министр Эркин Асрандиев бул акчалар кандай жумшалып жатканын биздин система деталдуу көрсөтө албайт деген жообу сын-пикирге кабылган.

ПолитКлиника бул дата макаласында 2020-жылдын январь айынан май айына чейинки ишке ашырылган мамлекеттик сатып алууларды анализдеп көрдү. Анализ үчүн мамлекеттик сатып алуулардын ичинен индивидуалдык коргонуу каражаттарын (СИЗ), маскаларды жана ИВЛ аппараттарын бөлүп алдык.

Бул аралыкта биз тандап алган категорияларда жалпысынан 163 974 315 млн сомго тендерлерди уюштуруу пландалган. Жалпысынан 2136 тендер уюштурулса, алардын 1075 ийгиликтүү ишке ашкан, башкача айтканда, тендерлердин жарымы ишке ашып, акча которулган. Ишке ашкан тендерлердин жалпы суммасы 116 607 925 млн сомду түзгөн.

Маска саткан курулуш компаниялары, коргонуучу кийимдерге өтүп кеткен туристтик компаниялар

Мамлекеттик сатып алууларга 443 тарап катышкан. Алардын ичинен 310 катышуучу юридикалык тарап, 113ү жеке адамдар. Ал эми тендерге катышкан компанияларды карап көрсөк ичинде медицина тармагына тийешеси жок багытта иш алып барган фирмалар бар. Мындай фирмалар тендерге катышкандардын 34%ын түзөт.

107 компаниянын 52си, башкача айтканда, 48%ы курулуш компаниялары. Мисалы, “Ахмад Строй” курулуш компаниясы, маска-респираторлорду сатып алуу боюнча лотту утса, “Горизонт Тур” туристтик компаниясы дезинфекциялык жана индивидуалдык коргонуу каржаттарын алуу боюнча лотту женген. Ал эми иш чараларды, майрамдарды өткөрүүчү “Event m” компанияcы медициналык маскаларды сатып алуу боюнча лотту жеңген.

Карантин учурунда капчыгы толгон фирмалар

Жарыяланган 2136 лоттун 46%ы түзмө-түз келишим түзүү жолу менен өткөн. КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзамдын 21-беренесине ылайык, өлкөдө өзгөчө абал болгон учурда мамлекеттик сатып алуулар түз келишим түзүү аркылуу ишке ашырылганына жол берилет. Ал эми тендерлердин 41%ы болсо бир этаптуу, 13% жөнөкөйлөтүлгөн ыкмалары менен өткөрүлгөн.

Тендерлерден эң көп жолу жеңүүчү болуп, ири суммага ээ болгон компаниялардын биринчи орунунда “Кокомерен” ЖЧКсы турат. Ал компания 19 млн 292 миң сомдук тендерлерди уткан.

Тендер өткөрүү боюнча чемпион мекемелер
Жалпысынан 234 мамлекеттик мекеме тендерлерди уюштурган. Алардын ичинен эң көп мамлекеттик сатып алууларды уюштурган мекемелердин биринчи катарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталь турат. Алар 21 млн 370 миң сомго мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырган.
Коргонуучу кийимдер 6000 сомго чыккан, базар баасы 2000 сом

Биз Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин сайтындагы маалыматтарды анализдеп, базар баалары менен салыштырып чыгып, мамлекеттин акчасы каражаттарды 10 эсеге чейин кымбат сатып алууга кеткенин байкадык.

Мисалы, индивидуалдык коргонуу каражаттарынын 500 комплектиси үчүн 3 млн сом бөлүнгөн. Аталган лотту “Фарватер” ЖЧКсы утуп чыккан. Башкача айтканда, ар бир комплект 6000 сомдон алынган.

Бул СИЗдерди 6000 сомдон саткан “Фарватер” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Жанторо Турдубаев костюмдар сапаттуу болгондугу үчүн кымбат алынганын айтат:

“Алардын эки түрү бар да. Биз алган чумага каршы (противочумный) костюм. Көп жолу колдонулат. Бардык техникалык талаптар менен тигилген. Азыр адамдар түшүнүп, түшүнбөй эле айтып жатышпайбы, жукасын деле калыңын деле. Тигип эле ар жакка сатып жатышат. А биздикин 10 жолу колдонсо болот. 1000 сомдукту 6000 миңден сатканга анча-мынча адамдын “духу” деле жетпесе керек. Тендер өткөргөн адамдар деле коркот. Булар бул жакта эле тигилет”,- деп билдирди.

Тендер өткөргөндөр коркобу, коркпойбу биз билбейт экенбиз, бирок ушундай эле комлект башка лотто 2500 сомдон алынган. Айырмасы 3500 сом.

Биз Бишкектеги ушундай эле көп жолу колдонула турган, чумага каршы коргонуучу кийимдердин бааларын карап көрсөк, бир комплекттин баасы 1990 сомго чейин чыкты.

Мисалы, көп жолу колдонулуучу индивидуалдык коргонуучу костюм 650 сом, медициналык көз айнек 450 сом, респиратордук маска 150 сом, кол кап 730 сом болду.

Балким, карантин учурунда кымбат болсо керек деп ойлосоңуз, биз карантин учурунда ушундай эле көп жолу колдонуучу костюмдар Түркиядан 13 доллардан келери тууралуу жазган элек.

Он эсе кымбат алынган маскалар

Ошондой эле FFP3 респиратордук маскаларынын бир даанасы 300 сомдон сатылып алынган. Жалпысынан 600 даана маскага 180 000 сом акча которулган. Бул лотту “Пегасс” ЖЧКсы жеңип чыккан. Ушундай эле маскаларды башка жактан 5-6 эсе арзан баага табууга болот.

“Пегасс” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Нурсултан Болотбеков маскаларды Кытайдан алып келишкенин, карантин учурунда бул маскалар кымбат болгонун айтты:

“Карантин учурунда маскалар кымбат болчу. FFP2 350-400 сомдон, FFP3 800 сомго чейин жеткен. Маскаларды Кытайдан эле алып келгенбиз”,- деп билдирди Болотбеков.

Дагы башка лотто ушундай респиратор маскалар 400 сомдон алынган, тендерди жогоруда аталган “Фарватер” ЖЧКсы жеңген. Бирок ушул эле маскалардын баалары Бишкекте 30 сомдон башталып, ашып баратса 150 сомго чыгат.

Ал эми 3 катмар болуп тигилген бир жолу колдонулуучу маскалардын даанасы 25 сомдон сатылып алынган. Бирок,ошондой маскаларды башка жерлерден 10 сомдон табууга болот.

Миллионго миллион кошулуп
ИВЛ аппаратынын бир даанасы 2 млн 500 мң сомдон алынган. Сатып алуулар боюнча порталда көрсөтүлгөн VENTIlogic LS аппаратын интернет дүкөндөрдөн 1 млн сомго чейин табууга болот. Бул лотту “Кокомерен” ЖЧКсы уткан. “Кокомерен” компаниясынын өкүлдөрү комментарий берүүнү убада берип, бирок материал жарыяланган убакытка чейин беришкен жок.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин үстүнөн арыз
Сүрөттө: Бермет Барыктабасова

Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова баалар өтө эле асмандап кеткени боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин үстүнөн башкы прокуратурага арыз жазып кайрылган. Анын айтымында, баалар 20-30% га чейин асмандап кеткен.

“СИЗ костюмдардын баасы 350-400 сом турат. Баасы жогорулады дегенде 500-600 сомго чыгышы мүмкүн. Алар 6000 сом болушу таптакыр мүмкүн эмес”, – дейт Бермет Барыктабасова.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу биринчи муктаждыктагы товарларга карата баа жогорулап кетпешин өкмөт көзөмөлгө аларын билдирген эле.

Жасалма тоскоолдуктар
Сүрөттө: Тилек Токтогазиев. Фейсбук баракчасынан алынды

Ишкер Тилек Токтогазиев баштаган жарандык активисттер карантин учурунда коргонуучу кийимдерди, маскаларды таратышкан. Алар ошол учурда кандай баалар менен алып келгенине кызыгып көрдүк.

Аларга Кыргызстандын “Good solutions group” компаниясы СИЗдерди тигип берип жатышкан экен.
“Биз алардан СИЗ костюмдарды 240 сомдон 360 сомго чейинки баада сатып алып аттык. Америкадагы, Кытайдагы жарандарыбыз “респиратор KH 95” респиратордук маскаларды сатып алып жиберип жатышты. Алардын Кыргызстанга келген баасы орто эсеп менен 110 сомдон айланды”, – дейт Тилек Токтогазиев.

Ошол эле учурда мамлекеттик сатып алууларга катышкысы келген компанияларга тоскоолдуктар көп экенин айтат:

“Мисалы, лоттор аркылуу. СИЗ + маска респиратор кн95, кол кап, чепчик кылып кошуп, баарын бир лот кылып коюшат. Ушулардын ичинен бир нерсеси жок болуп калса, тендерге катыша албай калат”, – дейт Токтогазиев.

Компаниялардын кимдер менен байланышы бар?

“Фаворит-Сервис” жоопкерчилиги чектелген коому 28 лотко катышып, алардын 11инен жеңип алган. Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, компаниянын негиздөөчүсү жана директору Садыкова Индира Тофиковна. Бул айымдын аты “Биримдик” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн арасында да бар.

Индира Садыкова партиянын негиздөөчүсү болгону менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди:

“Ооба, мен Фаворит-Сервис компаниясынын негиздөөчүсүмүн. Көп эле тендерге катышканбыз, канча экенин деле билбейм. Партия шайлоого катышса керек. Бирок, мен парламентке барбайм. Саясаттан алысмын”,- деп билдирди Индира Садыкова.

“Биримдик” партиясы алдыдагы шайлоодо бийликтин долбоору боло турганы айтылып келет. Алардын катарын, азыркы курамдагы КСДП депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Улан Примов, Марат Аманкулов, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Аида Касымалиева, Айнуру Алтыбаева, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Тазабек Икрамов, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Бир-Бол партиясынан Исхак Пирматов толуктай тургандыгы боюнча маалыматтар жазылган.

Сүрөттө: Жанторо Турдубаев. Ондоклассники баракчасынан алынды
“Фарватер” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Турдубаев Жанторо Таирович. Ал ошондой эле “Тоготой” Ынтымак коомунун 10 негиздөөчүсүнүн арасында бар. Бул уюмдун негиздөөчүлөрүнүн ичинде Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк аймактар аралык метрология бөлүмүнүн башчысы Уметалиев Аллаберди Турсункулович, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздук коркунучун талдоо жана болжолдоо кызматынын мурунку директору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Байымбетов Жакыпбек Мамадиевич дагы бар.

ТОП-10го кирген дагы бир компания “Юнит-Реактив-Фарма” ЖЧКсы “ЮРФА” деген ат менен белгилүү болгон жеке менчик клиниканын ээси. Бул фирманын аты гемодиализ сатып алуу боюнча кылмыш иште аталып жүрөт. Мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев министр болуп турган кезинде (2014-2018) мамлекеттик акчага гемодиализ кызматтарын сатып алууда мамлекетке 107 млн сом зыян келтирилген деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыгында аудит белгиленип, эсептөө палатасы 107 млн сом мамлекетке зыян келтирилген деген жыйынтык чыгарган. Бул каражаттар “Юнит Реактив Фарма” компаниясына которулган.

Авторлор: Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова
Башкы сүрөт: Дарья Удалова