(Кыргыз) “Вашингтон Пост” Рахмонду кескин сынга алганы жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда АКШнын Washington Post гезити Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “диктатордук” ыкмалары үчүн кескин сынга алды деген макалалар жарыяланды. Ал фейсбук группаларда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын жагдайында тарады.

Макаланы орус тилинде   news.tajinfo.org сайты жазып чыккан. Аталган сайтта маалымат 2019-жылдын 3-ноябрында жарыяланганын көрүүгө болот.

 

Анда, «АКШнын эле эмес, дүйнөлүк басылмалардын эң таасирдүү гезиттеринин бири болгон Washington Post гезити «Тажикстандагы эркин басма сөзгө кысым жасоону токтотуш керек» деген макаласын жазды. Тажикстандын президентин кескин сынга алып, анын колдонуп жаткан ыкмаларын «диктатордук» деп атады. Вашингтон Посттун редакциясынын атынан жарыяланган макала “Эркин Европа Азаттык” радиосунун тажик кызматы Озоди радиосунун кабарчыларынын аккредитацияланбашына  байланыштуу кырдаалдан улам келип чыккан»- деп жазылган.

Мындан сырткары, Тажикстандагы басма сөз эркиндигине токтолуп андагы Washington Postко шилтеме берген.

Washington Postко кирсеңиз, Тажикстандын президенти тууралуу макала 2019-жылдын 31-октябрында «Пикир: Тажикстандын эркин басма сөздү кысымга алышын токтотуш керек» деген тема менен жарыяланганын көрүүгө болот.

Макалада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн чоң үй-бүлө мүчөлөрүн жогорку кызматтарга дайындаганы, 2016-жылы президенттин кызына Тышкы иштер министрлигинен кызмат орду берилгендигин жарыялаганы үчүн “Эркин Европа / Эркин Европа / Азаттык” үналгысынын тажик кызматы “Озоди” радиосунун кызматкерлеринин аккредитациясын жокко чыгарганы жазылган.

Муну менен Эмомали Рахмон  диктаторлук кылып, басма сөз эркиндигине тоскоол кылып жатканы айтылган.

Мындан тышкары “Озоди”  радиосу Борбор Азиядагы мурдагы советтик республика болгон Тажикстандагы маанилүү жаңылыктардын булагы болуп санала турганын жазышкан.

Ал эми Washington Post гезитинде Эмомали Рахмон тууралуу жаңы макалалар табылган эмес:

Жыйынтык: Washington Post гезити Эмомали Рахмонду “диктатордук” ыкмалары үчүн кескин сынга алганы чын. Бирок бул кыргыз-тажик чек ара чыры учурунда жарыяланган эмес.