(Кыргыз) Болотбек Бийбосунов, “Кыргызстан жашылдар партиясы”: “Биздин партиянын 50%ы айым талапкерлер” – чындык

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн, 23-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.

Дебатта “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү беттешти.

Дебат учурунда “Кыргызстан жашылдар партиясынын” өкүлү Болотбек Бийбосунов партиянын 50%ын айым талапкерлер түзөрүн билдирди.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.

БШК маалыматына ылайык, “Кыргызстан жашылдар партиясынын” тизмегинин 54 талапкеринин 27си айымдар

Жыйынтык: чындык.