Болотбек Бийбосунов, “Кыргызстан жашылдар партиясы”: “Биздин партиянын 50%ы айым талапкерлер” – чындык

Бүгүн, 23-ноябрда коомдук телеканалда Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын өкүлдөрүнүн теледебаты өтүүдө.
Дебатта “Жашасын Кыргызстан”, “Кыргызстан жашылдар партиясы”, “Ата-Журт – Кыргызстан” жана “Азаттык” партияларынын өкүлдөрү беттешти.
Дебат учурунда “Кыргызстан жашылдар партиясынын” өкүлү Болотбек Бийбосунов партиянын 50%ын айым талапкерлер түзөрүн билдирди.
Factcheck.kg бул маалыматты текшерди.
БШК маалыматына ылайык, “Кыргызстан жашылдар партиясынын” тизмегинин 54 талапкеринин 27си айымдар.
Жыйынтык: чындык.