
Factcheck.kg ресурсунун бүтүмү:
Кыз кооптуу абалда болгон;
Кыз жардам сурап кайрылганда жол коопсуздук кызматкерлери ага көңүл бурушкан жок;
Жол коопсуздук кыймылынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кыздын аты Камила деп жаңылыштык кетирди;
“Тимур” аттуу жигит түшүнүк катында төлөгөн айып пул тууралуу калп маалыматтарды жазган.
Маалымат кызматтын машинанын айнектери “караңгылатылган” болчу, – деген билдирүүсү – манипуляция.
Окуянын хронологиясы.
2018-жылдын 2-декабрында Руслан Харизов аттуу журналист Фейсбуктагы баракчасында эркек киши аялды сабап жатканда милиция кызматкерлери жардам берген жок, – деген маңызда пост жазган. Кыздын атын жашыруу үчүн журналист анын атын “Камила” деп атап койгон. Мындан соң, Жол коопсуздук кыймылынын маалымат кызматы алардын уюмуна карата айыптоолордон улам Инстаграм соцтармагындагы өздөрүнүн баракчасына “Камила” аттуу кыз анын эч кандай дооматы жок экендиги тууралуу арыз жазды деп билдирүү таратышкан. Алардын маалыматы боюнча, “Камила” жөн гана күйөөсү менен урушуп кеткен имиш. Бул билдирүүгө арыз, протокол жана айып пулдун квитанциясы тиркелген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Окуя муну менен бүтүп калган жок. “Кайгуул” көрсөтүүсүндө (НТС телеканалы) Жол коопсуздук кыймылынын кызматкерлери B 8888 AU мамлекеттик номурундагы автомашинаны токтоткондугу, терезелери караңгылатылган машинадан кыздын жардам сурап кыйкырган видео көрсөтүлгөн. Айдоочунун сөзү боюнча машинанын ичинде анын агасы аялы менен урушуп жатат. Бирок артынан кыздын “Мен мунун аялы эмесмин”, – деп кыйкырганы даана угулат.
Видеодо көрүнүп тургандай, милиция кызматкерлери машинанын ичин жөн гана карап коюп, эч кандай аракеттерди көргөн эмес. Айдоочу машинанын эшигин жаап алган, ал эми милиция кызматкери ары жылып кеткен.
Бул видеону көп адамдар көрүүгө жетишти жана алдында жазылган комментарийлерде көбүнчө милиция кызматкеринин көңүл коштугуна нааразы болгондор байкалат. ЖМКларда бул факт боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар тарай баштады. Бирок тергөө аяктагыча эле, жол коопсуздук кыймылынын маалымат кызматы Инстаграмдагы баракчасында Тимур Баженов аттуу бир жигиттин видеосун жайгаштырышкан. Видеодо Тимур ошол автомашинанын артында кыз менен чогуу отуруп келе жаткан жигит экендиги айтылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кыргызстандын ЖМКларына окуянын катышуучуларынын түшүнүк каттары таратылган. Видеодо айдоочу кызга “Вика, тынчтанчы”, – деп кайрылганы бар. Бирок мекеменин маалымат кызматы түшүнүк кат Камила Исмаилова аттуу кыздын атынан жазылгандыгын коомго таратууда. Бул нерсе албетте шектенүүнү жаратпай койбойт. Аны Болот Ибрагимов аттуу блогер дагы байкады.
Тимур Бажановдун түшүнүк катында мындай деп жазылган: “биз айып пул төлөдүк, андан соң бизди кое беришти”. Бул окуя мындай ирээт менен жүрбөшү керек болчу. Инцидент саат 01:30да катталган. Ал эми айып пул эртең мененки саат 07:22де Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Оптима” банкынын терминалы аркылуу төлөнгөн.
Жол коопсуздук кыймылынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө жазылгандай, машинанын караңгылатылган айнектери ошол жерден эле тонировкасы сыйрылып алынган. Бирок НТС каналындагы видеоматериалда көрүнүп тургандай, автомашина караңгылатылган айнектери менен эле андан ары узап кеткен.
Factcheck.kg муну анализдеп көрүп, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарды:
1. Тимур Баженов жана Камила Исмаилова аттуу адамдардын атынан жазылган түшүнүк каттар шектенүү жаратат, ошондуктан, машинанын ичинде чындыгында эле ушул адамдар болгондугу тууралуу далилдер жок. Машинаны токтоткон ЖКККББ кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү далил болуп бериши керек. Ошондой эле “Паб 501” тарабынан видеожазууда кыз менен жигиттин мерседес машинасына отургандыгын көрүүгө болот. Коомчулук учурда бейтааныш кыздын тагдырына кабатыр болуп жатат жана буга негиз бар.
2. Тимурдун түшүнүк катында жазылгандай, “инспекторлорго айып пул төлөдүк, андан соң бизди кое беришти”, – деген маалымат калп. Жогоруда биз аныктагандай, окуя түн ортосунда болсо, ал эми айып пул эртең менен төлөнгөн.
3. Тимур Бажанов видеодо айткандай, инспекторлор кыз кооптуу абалда болбогонуна ынангандан кийин кое беришкен. Бирок социалдык тармактарда тараган видеого ылайык, кыз машинанын ичинен милиция кызматкерлерине жардам сурап кыйкырган, бирок формачандар көңүл кош мамиле жасап коюшкан.
4. ЖКККББнын маалымат кызматынын билдирүүсүндө жазылгандай, Камила Исмаилованын эч кандай дооматы жоктугу тууралуу маалымат чындыкка коошпойт. Анткени, салондо отурган кыздын аты Камила эмес, Вика.
5. ЖКККББнын маалымат кызматынын билдирүүсүндө жазылгандай, машинанын тонировкасы сыйрылган деген маалымат дагы чындык эмес. Видеодо көрүнүп тургандай, кое берилген автомашинанын айнектери тонировкаланган боюнча кеткен.
Айнектери караңгылатылган машиналарды кимдин балдары айдап жүргөндүгү тууралуу журналисттик иликтөөнү factcheck.kg ресурсунун кийинки макаласынан окуй аласыздар.