(Кыргыз) Болочок соттор кимдер? 2-бөлүм

(Кыргыз) Миңдеген адамдардын тагдырын чечкен болочок соттор тууралуу макаланын 2-бөлүмүндө Сот адилеттигинин жогорку мектебине Чолпон Жакупова айткандай, чындап эле сот, прокурор жана башка бийлик өкүлдөрүнүн балдары окуйбу, же жокпу ушул тууралуу журналисттик иликтөөбүздү улантып жатабыз.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Сот адилеттигинин жогорку мектебине окуу үчүн алгач тесттен өтүү керек. Кийинки баскыч маектешүү. Бирок бул тандоо турлары ачык жана айкын жүргүзүлбөйт. Тест жана маектешүүнүн жыйынтыгында, чогулган упайлары боюнча сап башында 50 адам Сот адилеттигинин жогорку мектебине өттү деп эсептелет.

Factcheck.kg “Адилет” укуктук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупованын болочок сотторду окутуучу мектепке сот, прокурор жана башка бийлик өкүлдөрүнүн балдары окушаары тууралуу билдирүүсүн текшерүүнү улантууда. Эскерте кетсек, макаланын 1-бөлүмүндө сап башында турган болочок соттордун айрымдарынын жакын туугандары чындап эле сот жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү экендиги аныкталган. Демек, Чолпон Жакупованын айткандарына негиз бар. Factcheck.kg ресурсу бул маселе боюнча журналисттик иликтөөнү улантууда:

1. Чикеева Жамиля Марсбековна  – тизмеде экинчи. Болочок соттордун эң кенжеси, ал 1988-жылы туулган.

Одноклассники.ру соцтармагында “достору” жана туугандарынын профилдеринен төмөндөгү сүрөттү таап алдык.

Чикеева Жамиля оң тарабында

Сүрөттөгү эркек киши – Жакупов Марсбек Жакишевич, буга чейин Бишкек шаардык соттун төрагасы болуп иштеген.

Жакупов Марсбек Жакишевич

Жогорудагы үй-бүлөлүк сүрөттөрдөн чагылдырылган адам чындап эле Жакупов Марсбек экендиги жана Жамиля Чикееванын атасынын аты тууралуу маалыматтан экөө ата-кыз болушу толук мүмкүн. Бирок экөө жакын тууган деп айтууга бул маалымат аздык кылат. Салык кызматынын сайтынан экөөнүн жашаган дареги бир жерде болгондугун аныктоо менен биздин божомол анык экенине ынандык.

Марсбек Жакуповдун башка кызы Мээрим Марсбекова Фейсбукта баракчасында жазган маалыматтарына ишенсек, ал да сот органдарында эмгектенет. Соцтармактагы статусунда Бишкек шаарындагы район аралык сотто иштээрин белгилеген.

Марсбекова Мээрим Марсбековна

2. Баймуратова Күмүшай Шакировна – тизмеде үчүнчү

Күмүшай Баймуратова – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу 

Гугл издөө системасынан анын фамилиясын издегенде, дароо эле Жогорку Кеңешке “Рсепублика-Ата-Журт” партиясынан депутат болгон Баймуратов Калдарбек Шакировичтин аты чыгат.


Баймуратов Калдарбек Шакирович Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган 

Албетте, алардын фамилиясынын окшоштугу ата-кыз болушуна жетиштүү далил болуп бере албайт. Баймуратов Калдарбек Шакирович 1958-жылдын 19-сентябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Таштак айылында туулган. Расмий булактардан Күмүшай Баймуратова дагы ушул аймактан экендигин тастыктаган маалыматтарды таба алган жокпуз. Ошентсе да болочок сотттун соцтармактарда калтырган комментарийлеринен Барпы айыл аймагынан болушун тастыктоочу маалыматтарга күбө болдук. Күмүшай Фейсбукта Жалал-Абад щаарынын мэри Мураталы Тагаевдин (Барпы айыл аймагында туулган жана президенттин кудасы) сүрөтүнүн алдына “Барпылыктар күчтүүбүз” деген комментарий калтырган.

“Сиздей агаларыбыз менен сыймыктанабыз! Дегеле өзү Барпылыктар күчтүүбүз”

Ал эми 2017-жылы президенттик шайлоо алдында “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун сүрөтүнүн алдында дагы “Дай Аллах” аттуу комментарий жазганы белгилүү.

“Дай Аллах” комментарийди Өмурбек Бабановдун постунун алдына калтырган.  Постто “Бул жылы 15-октябрда, кечки саат сегизде жаңы президенттин ысмы белгилүү болот. Ал Өмүрбек Бабанов” , – деп жазылган.

3. Тажибаев Нурбек Рашидович – тизмеде бешинчи. Ал 1983-жылы туулган. Фейсбукта профилинде иштеген жери катары Жогорку Сотту көрсөткөн.

Нурбек Тажибаев тууралуу кызыктуу үч факт. Биринчиси, анын атасы Рашид Тажибаев мурда Кара Кулжа районунун акими болуп иштеген. Экинчиси, Рашид Тажибаев Ош облустук администрациянын аппарат жетекчиси (Сооронбай Жээнбеков облустун губернатору болуп турган кезде) болгон. Үчүнчүсү, Рашид Тажибаев Президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен бир убакта жана бир факультетте (Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридикалык факультети) окуган.

4. Салиев Канатбек Камчыбекович – тизмеде кырк алтынчы. Атасы Салиев Камчыбек Жаныбекович – Ош облустук администрациянын мурунку жетекчиси.

 Салиев Камчыбек Жаныбековичтин Ош шаарында Мамархивдин кызматкерлери менен чогуу түшкөн сүрөтү  

5. Мусаева Айке Рахманбердиевна – тизмеде жыйырма бешинчи.  Атасы Мусаев Рахманберди – Ош шаарынын жана Ош облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы (Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган кезде).

6. Толонов Кадырбек Сооронбекович – тизмеде он сегизинчи. Атасы Толонов Сооронбек Абдилазизович Кара-Кулжа районунун каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

7. Курманалиева Аида Абдынасаровна – тизмеде отуз тогузунчу. Атасы Абдуназар Курманалиев – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мурдагы акими.

8. Касымалиева Айтурган Байышевна – тизмеде сегизинчи. Атасы Байыш Касымалиев – Жалал-Абад облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы. Агасы Касымалиев Бекболот – Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаты (КСДП).

9. Жолдошова Мээрим Адамжанова – тизмеде жыйырма сегизинчи. Атасы Жолдошев Адамжан Жолдошевич – КР Мамлекеттик каттоо  кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары.

10. Кошокова Гулжан Жарматовна – тизмеде жыйырманчы. Ал озү Өнүгүү-Прогресс партиясынан сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.

11. Култаев Кубанычбек Зулуевич – тизмеде кырк жетинчи. КР өкмөтүнүн коргоо ,укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурунку инспектору, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары.

12. Жанболотов Улан Кубанычбекович – тизмеде кырк төртүнчү. Атасы Кубанычбек Жанболотов – Кара-Балта шаардык Кеңешинин депутаты (“Ак Шумкар” партиясынан).

Бүтүм: 

– болочок соттордун арасында чындап эле мурунку сот жана башка бийлик өкүлдөрүнүн жакын туугандары бар;

– Президент менен байланыш 4 учурда байкалды. Тактап айтканда 4 талапкердин жакын туугандары Сооронбай Жээнбеков губернатор болуп турган кезде Ош облустук администрациясында иштеп кетишкен. Мындан тышкары, тизмеде эки талапкер Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Алмамбет Салиев менен бир убакта жана бир факультетте окушкан;

– болочок соттордун басымдуу бөлүгү – сот жана укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери;

– аз бөлүгү – адвокат, нотариус жана юристтер;

– сот адилеттигинин жогорку мектебине окууга тандалып алынгандардын ичинен бейөкмөт уюмунун бир да өкүлү жок.