(Кыргыз) Мамлекеттик ЖМКларга КҮНҮНӨ дээрлик 1.5 миллион сом сарпталат

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жыл сайын салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жүздөгөн миллион сом бөлүнөт. Бул ЖМКлар “коомдук” деген наамга татыктуу болуп, кайсы гана бийлик болбосун, бийликтин камчысын чаппай, элдин көйгөйүн ачык көтөрүп чыгуусу керек эле. Бирок, иш жүзүндө дал ушул мамлекеттик ЖМКлар окуяны бир тараптуу чагылдырганы үчүн коомчулуктун сынына кабылып келет. Factcheck.kg буга чейин алардын сюжеттеринде манипуляция ыкмалары колдонулуп, кесиптик этиканын бузулганын аныктаган жана бул тууралуу “Медиасын” рубрикасынын алкагында бир нече макала жарыялаган.

Бул ирет редакция мамлекеттик ЖМКларга бюджеттен канча сом сарпталарын аныктады. Open data порталындагы маалыматка ылайык (2019-жылкы гана маалымат бар) “Эркин Тоо” гезитине бюджеттен дээрлик жарым миллион сом же 481 миң сом бөлүнгөн. “Мир” мамлекеттер аралык телерадиоберүү компаниясынын улуттук филиалына 35 млн сом сапрталган. 

ЭлТР телеканалы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 101,5 млн сом короткон. Ал эми КТРКнын чыгымы 390,4 млн сомду түзгөн. 

 Жалпы жонунан 2019-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик ЖМКларга 527 млн 330 миң сом бөлүнгөн. Демек, алардын бир күндүн чыгымы 1 млн 444 миң сомду чапчыйт. 

Бул каражаттын жарымынан көбү айлык акыга, Соцфондго жана салыкка сарпталган. Ал эми калган бөлүгү товарларды жана кызматтарды колдонууга, сатып алууга жана коммуналдык кызматтарга жумшалган. 

Жыйынтык: 2019-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик ЖМКларга кеткен чыгым 527,3 млн сомду түзгөн. Бул каражат салык төлөөчүлөрдүн эсебинен бөлүнөт жана күнүмдүк чыгым дээрлик 1,5 млн сомду түзөт.