(Кыргыз) Даараттын кереметтүү касиети тууралуу видео — фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандагы атактуу аалым Өзбек ажы Чотоновдун Фейсбук баракчасында “Даарат менен жүрсөнөр ушундай болот” аттуу тасма жарыяланган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/8869b72a9748086fd65a36fd6989752e03503e39.png?resize=640%2C366&ssl=1

 

Анда “швейцариялык 63 жаштагы профессор Роберт Кензи термал камерасынын жардамында даараттуу мусулмандардын денесинен тараган ысыктык жана нурларды сүрөткө алып, тажрыйба өткөрдү… даараттуу мусулмандарды уруп турган нурдуу сызыктарды көргөн соң, мусулмандар жер жүзүндө жашаган эң таза жана пакиза инсандар экени аныкталды”, – деп айтылат.

Изилдөөлөрдөн кийин, 67 жашында Кензи Куран кармап, исламды кабыл алганы айтылат. Тасманын аягында анын автору Абибула ажы Кадырбердиевдин ысымы айтылат.

Facebook социалдык тармагында бул видеону 9 миң колдонуучу көрүп, 623 адам аны менен бөлүшкөн.

Factcheck.kg тасмада айтылган маалыматтарды текшерип көрдү.

Тасмадагы башкы каарман, изилдөөчү Роберт Кензинин сүрөтү көрсөтүлгөн. Сүрөт аркылуу издөө салсак, төмөнкү шилтемелер  чыгат:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/4e9e971c0d8a7b11eadbbcaa1eccdc8be29834f6.png?resize=640%2C294&ssl=1

Роберт Кензи тууралуу айтылган эки сайтка туш болобуз.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/fa7018dc5a1d8c5af64eb01d1bcffc39e930e6e2.png?resize=640%2C235&ssl=1

 

Экөөндө тең Кензини акыркы сапарга узатуу Детройт шаарында болуп өткөнү айтылат. Бул маалыматтан улам, ал чындап Швейцариядан экени күмөн жаратат. Мындан тышкары, Кензи 63 жашында каза болгону тууралуу маалымат бар. Демек, ал 67 жашында Ислам динин кантип кабыл алмак?

Роберт Кензи чын эле окумуштуу беле? 

Анын социалдык баракчасында достору жана туугандары эскерүүлөрдү калтырганын көрсө болот. Ал билдирүүлөрдөн улам, Кензи Дженерал Моторс заводунда гигиена бөлүмүн жетектегени аныкталат. Демек, Кензи бул кызмат менен катар эле ири швейцариялык окумуштуу боло албайт.

Мындан тышкары, ачык булактарда 50 миң адамдын катышуусунда термал камерасынын жардамы менен изилдөө өткөрүлгөндүгү тууралуу бир да маалымат табылган жок.

Жыйынтык: фейк

  • Роберт Кензи 63 жашында каза тапкан, демек, 67 жашында ислам динин кабыл алды деген маалымат – жалган.
  • Роберт Кензи термал камерасынын жардамы менен изилдөө өткөрдү деген маалымат — жалган.