(Кыргыз) “Алабуга”: кантип кыргызстандыктарды иран дрондорун чогулткан жердеги жумушка кызыктырышууда

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Былтыр май айында КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Татарстан Республикасынын (Орусия) «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы (ӨЭА) кыргызстандыктардын Орусияда жумушка орношуусуна көмөктөшүү жөнүндө келишимге кол коюшкан болчу.

Кийин ЖМКларда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында чет элдик кыздарга бир убакта окуганга да, иштегенге да мүмкүнчүлүк ачкан «Алабуга Старт» деген дуалдык программанын иштей башташы тууралуу маалымат таркатыла баштаган.

Болжолдуу ошол эле убакытта «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында “Шахид-136” (“Шахед-136”) иран дрондору чогултулуп жаткандыгы тууралуу орусиялык “Протокол” басылмасынын жана “РЗВРТ” YouTube-каналынын бирлегешип даярдаган иликтөөсү жарыяланган болчу. 

Бул материалыбызда «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы деген эмне экенин, Украинадагы согуш үчүн иран дрондорун чогултууга студенттерди кантип тартышаарын, Кыргызстандын кыздары кандай роль ойноп жатканын жана «Алабуга Старт» программасынын буга кандай тиешеси бар экенин айтып беребиз.

Өткөн жылы жайында бир катар ЖМКлар «Алабуга Старт» программасынын аркасында кыргызстандык кыздар үчүн жумушка орношконго, окуганга жана саякаттаганга мүмкүнчүлүк ачылгандыгы тууралуу жазышкан болчу. .

Программа 18-22 жаштагы кыздарга эсептелген жана А.Н.Туполев атындагы Казан улуттук изилдөө университетинин технологиялык коллежинде окууну жана композиттик өндүрүштө иштөөнү караштырат. Программанын катышуучуларына Татарстан Республикасына чейин акысыз билет жана $620 (Улуттук банктын 2024-жылдын 25-апрелине карата курсу боюнча (≈55 миң сом) өлчөмүндө айлык убадаланган.

Кызыгы, ЖМКларда кыздар композиттик өңдүрүштө иштешет деген маалымат таркатылган болчу, Луиза Атабаева деген өзбекстандык журналист студент болгусу келген кыз катары «Алабугага» чалганда ага дагы бул маалыматты тастыктап беришкен. Ошол эле кезде дуалдык программанын Telegram-каналында композиттик өндүрүш тууралуу эч бир сөз жок.

Кыздарга кейтеринг, кызмат көрсөтүү жана конок күтүү, өндүрүш оператору багыттары боюнча жумуштар сунушталган. Бирок жарнамада негизги басым алгачкы эки кесипке кылынган. Аны менен катар ойго салган дагы башка жагдайлар бар: администратор болуш үчүн кыздар алгач клинер (жууп тазалагыч) ишинен баштап «ар бир жарым ай сайын кызматтык тепкич боюнча көтөрүлүп турушу керек» экен. Кызматтык тепкич мындай түрдө: жууп тазалагыч -> үй кызматкери -> супервайзер -> администратор. Башкача айтканда администратор болуш үчүн алгач эң кеминде бир жарым жыл иштеш керек болот.

«Алабуга Старт СНГ» telegram-каналында кыргызстандык кыздардын «Алабугадагы» жашоосу тууралуу видео-пикирлери да бар.

«Мен бул жерде октябрдан бери иштеп келем. Салыкты эсепке албасак, программада башында айтылгандай, айлыктарыбыз 60 миң рубль. Мен “Якитори” тойканасында иштегем. Башында официант болдум, анткени бизди ушинтип бөлүштүрүшкөн. Каякка баргыбыз келерин сурашкан… Биздин каалоолорубуздун бардыгын эске алышты», – дейт Сымбат.

«Мен өндүрүштө иштеп жатам. Жумуш оор эмес, айлык өз убагында берилет», – дейт башка видеодо мекендешибиз Нурайым.

«Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы тууралуу эмне билебиз?

«Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагы Татарстан Республикасынын Алабуга облусунда 2006-жылы ачылган, ал Орусия Федерациясындагы эң ири өнөр жай-өндүрүштүк ӨЭА болуп эсептелет. Инвесторлорду тартыш үчүн  «Алабугада» бардык шарттар түзүлгөн: киреше салыгы бул жерде 20% эмес 2%, мүлккө, жерге жана транспортко салык жок.

2016-жылы Татарстанга тарылган чет элдик инвестициялардын 74% «Алабугага» туура келген. Financial Times’га таандык  fDi Intelligence журналынын баасы боюнча, «Алабуга» бир нече жолу Европадагы эң мыкты экономикалык аймак деп таанылган болчу.

«Алабуга» ӨЭА Орусиянын эң натыйжалуу өзгөчө экономикалык аймактарынын катарына кирет жана дүйнөлүк ири компаниялардын кызыгуусун жаратып келет – алардын катарында Ford, 3M, Armstrong, Rockwool, Huhtamaki ж.б. дүйнөлүк бренддер бар. $3 млрд инвестициянын 80% чет элдик компаниялардыкы, – деп мүнөздөгөн «Алабуганы» fDi Intelligence журналы.

Экономикалык аймактын тез өнүгүүсү жана ага көп компаниялардын тартылышы адискөй кадрлардын таңсыздыгына алып келген. Ошону үчүн Татарстандын башчысы Рустам Минниханов 2021-жылы «Алабуга Политех» билим берүүчү борборун ачкан болчу. Студенттердин бир эле убакта билим алып да, «Алабугада» жайгашкан заводдордо жакшы айлык алып инженер болуп иштөөсү да караштырылган.   

Согуш «Алабугага» кандай өзгөрүүлөрдү алып келди

Украинадагы согуш башталганда көптөгөн чет элдик компаниялар санкцияларга байланыштуу Орусиядан кетүүгө аргасыз болушкан. Ошентип, «Алабуга» менен келишим түзгөн компаниялар аны бир жактуу бузушкан. Иликтөөнүн маалымат булагы билдиргендей, согуш «Алабуганын» жалпы өнүгүүсүнө жана «Алабуга Политех» коллежинин идеясына чоң залакасын тийгизген.

Чет элдик компаниялар кеткенине байланыштуу «Алабугада» техникалык жана каржылык маселелер жаралды, анткени так ушул компаниялар студенттер иштеген техника менен камсыздап, салыктарды төлөп турушкан, ал эми акыркынын эсебинен жаңы өндүрүштөр ачылып турган.

Согуш каржылык маселелерди гана жаратпастан, «Алабугада» кадрдык маселени да курчуткан, анткени мобилизациялоо кадрлардын санын кыскарткан. Маалымат булактын билдирүүсүндө, аскер комиссариаттарынын кызматкерлери кадрлар бөлүмүнө келип, «Алабуганын» жумушчуларын ал жакка чакырып, аларды заводдон түз эле аскер комиссариаттарына жөнөтүп турушкан.

Керектүү кадрларды сактап калыш үчүн «Алабуга» бир топ чоңураак айлыктарга фронтко кеткиси келген ыктыярчыларды жумушка алып, аларды аскер комиссариаттарына жумушчуларынын ордуна жөнөтүп турган.     

Кийин бул жол жабылганда «Алабуганын» жетекчилиги мамлекет тараптан аскерге чакырууну кийинкиге жылдырууну алуу үчүн жана аны мүмкүн болушунча узагыраак мөөнөткө созуш үчүн чакан аскердик заказды алууну чечет. Маалымат булактардын биринин айтымы боюнча, «Алабуга» башында кийме чопкуттарды өндүрүүнү пландаштырган, бирок эки жума аралыгында тийиштүү долбоорду иштеп чыга алган эмес. Жыйынтыгында аскердик дрондорду чогулта баштаган.

Орусия кеминде дегенде жарым жыл украиндик шаарларды “Герань-2” учкучсуз учактар менен аткылаган. 1945 интернет-басылмасы билдиргендей, “Герань-2” – бул ирандык “Шахид-136” учкучсуз учактардын башкача аталышы болуп эсептелет. Ал эмес, былтыр июндун башында америкалык Wall Street Journal басылмасы маалымдагандай, АКШнын бийлиги дрондорду чогултканга колдонсо боло турган электрониканы жана тетиктерди Иранга жибербөөгө чакырган. Муну алар Иран дрондорду Орусияга жиберип турганы менен түшүндүрүшкөн. Материалдын автору билдиргендей, Орусия менен Иран учкучсуз учактарды өндүрө турган заводду куруп жаткан «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагынын спутник сүрөтү жарыяланган. Расмий адамдардын маалыматы боюнча, бул завод 2024-жылдын башында ишке киргизилмекчи болгон.

 

Орусия менен Иран учкучсуз учактардын заводун «Алабуганын» аймагында куруп жатышат деп билдирет АКШ. Булак: АКШнын Улуттук Коопсуздук Кеңеши

Бул божомолду иликтөөнүн маалымат булагы да тастыктаган. Анын айтымында, ал Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу кол койгон ирандык дрондорду сатып алууга каражат бөлүү тууралуу документти өз көзү менен көргөн. Маалымат булактын ошол кездеги билдирүүсү боюнча, Иран менен контракттын суммасын болжолду түрдө 115-130 млрд рублга бааласа болот эле. Иран дрондордун тетиктерин берип турмак, ал эми «Алабугада» алар чогултулуп турмак.

Жетекчилик айрым ички жүгүртүүдөгү документтерде  «Шахиддерди» кайыктар, ал эми Иранды «Беларусь» деп атайт. «Протокол» ошондой ички жүгүртүүдөгү «Кайыктын долбоору» деген презентациядан айрым слайддарды келтирет, акыркы слайддардын биринде «Шахид» дронун көрсө болот.

«Алабуга» ӨЭАнын сайтында аскердик дрондор тууралуу эч бир маалыматты табуу мүмкүн эмес, бирок Factcheck.kg’нин журналисттери 2023-жылдын январында бир убакытта эки долбоор баштала тургандыгы тууралуу макаланы таба алышты.

Алардын биринчиси – «Дельфин Алабуга» ЖЧК – моторлуу кайыкты чыгаруу боюнча долбоор. Инвестициялардын көлөмү 80 млрд рублду түзүп, 2500 жумуш орунун ачуу каралган. «Альбатрос» деп аталган экинчи долбоор токой өрттөрүнө, айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзгөн, аэрофотосүрөттөргө тарта турган, көңүл ачуу жана илим тармактарындагы учкусуз учактарды, б.а. дрондорду чыгарууга багытталган.

Студенттердин жашоо шарттары жана коопсуздугу

«Алабуга Политех» коллежи ачылганына үч жыл да боло элек, бирок анын эки студенти өз жанын кыйган окуялар болгон. Жанын кыйгандардын тааныштары журналисттерге айтып бергендерине ишенсек, эки студент окуудан чыгарылып калам деп корккондуктан жана «Алабуганын» жетекчилигинин мамилесинен улам өз жандарын кыйганга барышкан.

«Протокол» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүндө студенттер окуу же жумуш менен эртеден кечке чейин алек болушканын билдирет. Башкача айтканда адам баласы үчүн зарыл болгон күнүмдүк кадыресе нерселерге да: тамак жасап ичкенге, кийимдерин жууп тазалаганга, эс алганга убактылары дээрлик калбайт эле. Андан сырткары студенттик ашкана «Алабуганын» офистик имаратында жайгашат жана башка корпустардагы студенттерге автоматтардагы кургак тамактар менен тамактанууга туура келет. Тамак-ашты сатып алууга да мүмкүнчүлүк жок, анткени эң жакынкы дүкөнгө барчу автобус жумасына бир гана жолу жүрөт. Медициналык маселелер да жаралат: Алабугада медайым гана бар, ал эми врачка барыш үчүн шаарга такси менен барыш керек болот, болгондо да алдын ала жазылып алып, ал эми такси бир тарапка эле 400 рубль алат.

Студенттердин иштеген жумушу менен окутуу программасынын да бири бирине  такыр дал келбегени байкалган. Студенттер эч кандай квалификация талап кылынбаган жумуштарга тартылышат: телефон чалууларга, жөнөкөй документтерди түзүүгө, каттарды жөнөтүүгө.

Политехтеги окутуу программаларынын көбү жогорку технологиялуу өндүрүшкө байланыштуу. Ошол эле кезде учурда «Алабугада» 20 чакты адам гана иштей алган робоподдондор долбоору эле калган, ал эми студенттер миңдеп саналат. Ошондуктан дуалдык тутумдун принциптерин сакташ үчүн студенттерди башка бөлүмдөргө бөлүштүрүшөт, ал эми ал жактагы кызматкерлер болсо өзүлөрү жасаганга жетишпей жаткан иштерди студенттерге тапшырып коюшат.

Студенттерге карата мамилени жакшы мүнөздөгөн көрсөтүчтөрдүн дагы бири – окуу жылынын башында уюштурулуп турган пейнтбол оюну. Иликтөө булактарынын айтымында, бул иш-чара үчүн пейнтбол топтору жүктөлгөн бир фура заказ кылынган, бирок аны түшүрүүгө техника жок болчу. Ошондуктан аны студенттер бир күн кечке чейин, эс алуусуз, тамактануусуз түшүрүшкөн.    

2022-жылы оюн эки ай катары менен ар бир дем алыш күндөрү өткөрүлүп турган. Окууга өтүп жаткандагы келишим боюнча, студенттер иш-чараларга сөзсүз катышуусу керек. Катышкысы келбегендерге сөгүш берилет, же алар окуудан чыгарылат.

Пейнтбол оюнунда утулуп калган команда үчүн жаза каралган. Андай жазалардын бири – «атууга алуу»: студенттерди үч метр аралыктан пейтнбол топтору менен аткылашат. Утулуп калган студенттер жаанда кечке чейин политехти айланып чуркаган учур да болгон. Жазалардын дагы бири – жаан жаап жатканда окопторду казуу:

«Бизди жаан жаап жатканда 0°С суукта окоп казганга мажбурлашты. Бизге казганга ыңгайсыз кичинекей сапер күрөктөрүн карматып, казгыла дешти. Эртеден түнгө чейин каздык, түшкү тамактанууга 1-2 саат гана убакыт беришти», – деп айтып берген студенттердин бири 116.RU сайтына.

«Алабуга Политехтин» жазаланган студенттери окоп казып жатышат. Булак: v1.ru

Ата-энелердин прокуратурага даттануусунан кийин «Алабуга» бардыгы мыйзам чегинде болгонун, студенттер өз эрки менен оюнга катышкандарын жана окопту казгандарын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Иликтөөнүн бир маалымат булагы билдиргендей, пейнтбол оюндарынан кийин 2022-жылы 50 студент окутуудан чыгарылган.

Быйыл апрелдин башында «Алабуга» ӨЭАнын аймагындагы жатакана дрондун чабуулуна дуушар болгон. Жыйынтыгында 13 адам жабыр тарткан, алардын арасында кыргызстандык да бар. ЖМКлар билдиргендей, дрон «Шахеддер» чогултулган цехке 300-400 метр жетпей кулаган.

Студенттердин дрондорду чогултууга тартылышы

«Протоколдун» иликтөөсү чыккан учурда, б.а. былтыр июлда, бир канча жүз студенттер ирандык «Шахеддерди» чогултууга тартылган болчу. Мындан тышкары, бул долбоорго мүмкүн болушунча көбүрөөк студенттерди тартууга аракет кылып жатышкан, анткени, маалымат булактын билдирүүсүндө, «Алабуганын» бардык каражаттары бул ишке жумшалган болчу. Айрым долбоорлорду убактылуу токтотуп коюшкан, ал эми кээ бирлерин такыр эле жоюп салып, студенттерди дрондорду чогултууга жиберишкен.

Бул долбоордо орточо айлык 30-40 миң рублду түзгөнү менен эмгек келишимдин шарттары такай бузулуп турат болчу. Студенттер ашыкча иштешчү, бирок анысы үчүн акча төлөнбөчү.

«Студенттердин айтымында, алар кээде бир нече күн катары менен уйкусуз, дээрлик тамактанбай иштешет эле. А эмне үчүн алар мындай мамилеге нааразычылыктарын билдиришпейт деген суроого студенттердин бири: «Баары коркот. Мен бул тууралуу унчукпашым керек болчу. Жетекчилик бизди катуу коркутуп алган», – деген», – деп жазат «Протокол» журналы.

Белгилүү болгондой, дрондорду чогулткан студенттерге иши тууралуу сүйлөгөнгө тыюу салынган. Бул талапты бузган студенттер бир жарым миллиондон эки миллион рублга чейин төлөшү керек болот.

Коллеждин бир студенти билдиргендей, окуудан чыгарылган учурда гана бул долбоордон чыкса болот. Бирок бардыгы эле документтерин алганга даяр эмес, анткени мындайда 170 миң рублга жакын өлчөмдөгү компенсация төлөш керек болот.

Кантип «Алабугага» чет элдик студенттерди тартышат

Согуш башталганда «Алабуганын» жетекчилиги «үчүнчү дүйнө» өлкөлөрү менен кызматташууну чечет. Бул идеяны «Алабуганын» генералдык директору, ошол эле учурда Татарстандын мамкеңешинин депутаты Тимур Шагивалиев көтөрүп чыккан.

Африкадан студенттерди тартуу кампаниясы уюштурулган, бирок ал жакшы жыйынтыктарды берген эмес. Анда жетекчилик жаңы схеманы иштеп чыгат. Студенттерди “Tinder” жана “Badoo” таанышуу тиркемелери аркылуу африкалык кыздар менен таанышууга мажбурлашкан. Андан кийин кыздарга «Алабугага» окууга чогуу баруу сунушталат жана аларга окууга өтүү тууралуу арыз калтырса боло турган сайтка шилтеме жөнөтүлөт. Басым кыздарга кылынган, анткени эркек балдар «өтө эле агрессивдүү жана коркунучтуу болушу мүмкүн» болчу.

Ушундай ыкма менен 2022-жылдын күзүнө чейин «Алабугага» бир нече ондогон африкалык студент кыз тартылган. Иликтөөдө айтылгандай, чет элдик кыздарды башкалардан бөлүп алып, аларды өзүнчө корпустарда жашатып окутушкан. Алар эң кара жумуштарды жасашат эле: пол жуу жана таштанды чогултуу.

«Алабуга» ӨЭАдагы жумуш орундар тууралуу маалыматты HeadHunter жумуш издөө сайтынан таба алдык. Бүгүнкү күндө «Алабугага» 70 кесиптик багыт боюнча үч миңден ашык жумушчу керек.   

headhunter.ru сайтынан скриншот

«Алабугада» пол жуугучтарга 60 миң рубль, ал эми инженерлерге – 300 миң рублга чейин айлык сунушталууда.

Тыянактар:

  1. Украина менен согуш башталганда бир кезде Европадагы эң мыкты ӨЭА «Алабуга» жабылып калбашы үчүн аскердик заказдарды ала баштаган.
  2. «Алабуганын» жетекчилиги дуалдык программа боюнча билим алып жаткан студенттерди каалашынча иштетип келет. Студенттердин көбү окуудан куулуп калбашы үчүн бир нерсе айткандан тартынышат.
  3. «Алабуга» чет элдик студент кыздарды, негизинен, кара жумуш үчүн тартканга аракет кылып келет.

Өзгөчө экономикалык аймак деген эмне? Маалымат

Өзгөчө экономикалык аймак – ишкердик жүргүзүү үчүн жеңилдик режими колдонулган, ошондой эле эркин бажы зонасынын тартиби колдонулушу мүмкүн болгон аймак.

ӨЭАлар экономиканын өндүрүш жана жогорку технологиялык тармактарын, туризмди, курортторду, порт жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, технологияларды өнүктүрүү жана коммерциялаштыруу, ошондой эле продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүү үчүн түзүлөт.