(Кыргыз) Алексей Навальныйдын өлүмүнө эмдөө себеп болдубу? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Тергөө комитетинин кызматкерлери Алексей Навальныйдын энесине уулунун өлүмүнүн себеби азыркыга чейин «аныктала электигин» билдиришти. Эскерте кетсек, Навальный 2024-жылдын 16-февралында каза болгон.

Өз кезегинде орусиялык медиалар Алексей Навальный Pfizer вакцинасынын терс кесепетинен каза болгон болушу мүмкүн деп билдиришти. Factcheck.kg’нин редакциясы бул билдирүүнүн чындыкка жакындыгын текшерди.

Орусиялык ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, Twitter’дин (Х коомдук тармагы) батыш бөлүгүндө Навальный Pfizer вакцинасы себепкер болгон тромбоздон кайтыш болду деген божомолдор айтылууда.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, Pfizer вакцинасы шашылыш түрдө жасалган болчу. Компания тобокелдиктерди билген, ошондуктан Батыш өлкөлөрүнүн бийликтери менен вакцинаны колдонуу учурундагы терс кесепеттерге жооп бербей тургандыгы тууралуу келишимге алдын ала кол койгон. Ал эми мындай терс кесепеттер болгон, алар көп жылдан кийин да байкалып жатты», – дейт медиа.

Навальный кайсы вакцина менен эмделген эле?

Алексей Навальный качан, кайсы вакцина менен эмделгендиги тууралуу маалыматты ачык булактардан таба албадык.

Pfizer вакцинасын иштеп чыгуу канча убакытты ээлеген?

Pfizer’дин биринчи клиникалык сыноолору 2020-жылдын 23-апрелинде жүргүзүлгөн. Жылдын аягында, 2020-жылдын 11-декабрында, АКШнын Азык-түлүктүн жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы (FDA) каттап, колдонууга уруксат берген.

Ал эми орусиялык таажычаан вируска каршы Sputnik V вакцинасы 2020-жылдын августунда, б.а. төрт ай мурдараак катталган болчу.

Кийинчирээк, 2020-жылдын 18-декабрында АКШда Moderna вакцинасы каттоодон өткөн. Болжолдуу ушул эле убакытта, 2020-жылдын 30-декабрында Улуубританияда Oxford-AstraZeneca вакцинасы катталган.

Pfizer тромбозду жаратабы?

Улуттук саламаттык сактоо институтунун изилдөөсү боюнча, эмделген адамдарда баарынан көп ысытма, чыйрыгуу, чарчоо байкалган. Бардыгы болуп 1137 адам изилденген. Алардын 33.2% — эркектер болуп, орточо жашы — 21 жашты түзгөн. Изилденгендердин бардыгы жок дегенде бир жолу COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech вакциансы менен эмделген болчу. Алардын болжолдуу үчтөн бири эмдөөнүн биринчи, экинчи жана үчүнчү дозасынан кийин (34%, 33.6% жана 32.5%) эч кандай терс кесепеттер байкалбаганын билдиришкен. Баарынан көп даттануулар ысытмага, чыйрыгууга баш ооруга, чарчоого, инъекция болгон жердин ооруганына жана шишигенине, булчуңдардын жана муундардын ооруганына болгон. Эмделгендердин 12.7% аллергиялык реакциялар болгонун билдирген; мындан сырткары эмделгенге чейин эле аллергиясы барларда эмдөөдөн кийинки аллергиялык реакциялар бир кыйла жогору болгон.

Эмделген сегиз киши сейрек кездешкен терс кесепттер тууралуу билдиришкен, жети кишиде (эмделгендердин 0.6%ы) тромбоцитопения (кандагы тромбоциттердин төмөн деңгээли – ред. түш.) жана бир кишиде (0.1%) миокардит байкалган. 20 жашка чейин эркектер жана тамеки чеккендер терс кесепеттерге сейрегирээк даттанышкан. Вакцинанын экинчи дозасынан кийин биринчи дозага салыштырмалуу тер кесепттер көбүрөк катталган. Ал эми COVID-19га каршы вакцина менен эмделгенге чейин ооруп калгандар арасында ысытма, чыйрыгуу, энтигүү жана жөтөл сыяктуу терс кесепеттер кезиккен.

Белгилей кетүүчү нерсе, тромбоз – кан тамырларда тромб (уюган кан) жаралган абал болуп эсептелет. Тромб кандын жүгүрүшүнө тоскоолдук жаратып, инсультка алып келиши ыктымал.

Эмдөөдөн кийинки терс кесепеттерде тромбоз кезигеби?

Тромбоцитопения синдрому менен тромбоз сейрек кездешүүчү терс кесепет болуп саналат. ДСУ (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) AstraZeneca жана Johnson & Johnson менен эмдөөдөн кийин ушундай көрүнүштөр пайда болот деп билдирет.

Терс кесепеттер качан байкалат?

ДСУнун маалыматы боюнча, терс кесепеттер эмделгенден кийин алгачкы бир нече күндө байкалат. Биринчи массалык түрдө эмдөө программасы 2020-жылдын декабрынын башында башталган, андан бери миллиондон ашык эмдөө жүргүзүлдү, ал эми белгилүү болгон терс кесепеттер алгачкы бир нече күндө эле байкалышы керек болчу.

Тыянак: Алексей Навальный качан, кайсы вакцина менен эмделгендиги тууралуу маалыматты ачык булактардан таба албадык. Ал эми АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институтунун изилдөөсүндө келтирилген Pfizer вакцинасы менен эмдөөдөн кийинки терс кесепттердин тизмегинин арасынан тромбозду кезиктирүү мүмкүн эмес. Анан да, бул вакцинадан кийинки терс кесепеттер эмдөөдөн кийинки бир нече күн аралыгында эле байкалат.