(Кыргыз) Амантур Шергазиев: “Дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкерге каршы добуш берүүгө чакырууга мыйзам жол бербейт”

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президенттикке ат салышкан талапкерлердин дебаты учурунда алып баруучу Амантур Шергазиев Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусунан улам, дебатка келе албай калганын кабарларды. Мындан тышкары, алып баруучу БШКнын расмий билдирүүсүнө таянып, дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкердин дарегине ага каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга тыюу салынарын билдирген. Ал президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 22-беренесине шилтеме кылган. 

Жогорудагы чектөө чынында эле мыйзамда көрсөтүлгөн, бирок 22-берене эмес, 28-берененин 6-пунктунда бул тууралуу маалымдалат:

6. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;

3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;

4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.

Жыйынтык: чындык.