(Кыргыз) Аdidas фирмасынан акысыз бут кийим же тиркемелерден келген маалыматты текшерүү зарылчылыгы жөнүндө

Июль айынын башында Аdidas фирмасы өзүнүн 95 жылдыгына карата 3000 бут кийим таратат деген маалымат WhatsApp тиркемесинде жайылган. Белекти алуу үчүн берилген ишлтеме аркылуу өтүү керек эле.
Factcheck.kg күмөн санаткан шилтемени изилдеп көрүп, жарнаманын чын-төгүнүн аныктады.
Алгач маалыматты аталган фирманын расмий сайтынан издейбиз. Adidas.com сайтынан да, фирманын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө таандык Adidas.ru сайтында да, акция тууралуу тиешелүү маалымат табылган жок.
Андан соң, жарнама качан пайда болгонун, жана ага колдонуучудар кандай пикир калтырганы тууралуу маалымат издейбиз.
«Adidas раздает 3000 бесплатных пар обуви» (Adidas 3000 түгөй бут кийимди акысыз таратат) деп издөө салганыбызда, эбегейсиз көп шилтеме чыкты.
Маалыматтын көбүн анализдеп көрүп, жогоруда айтылган жарнамага окшош билдирүүлөр 2017-жылдан тарта жайылып келатканын аныктадык. Фирманын 93 жылдыгына карата жана 2018-жылдын биринчи жарымында да, мындай жарнамалар көбүн эсе россиялык колдонуучуларга таратылган. Ал эми быйыл июлда билдирүүүлөр Кыргызстанга жана Казакстанга жетти.
Жарнама тууралуу Google аркылуу издөө салганыбызда, сап башында чыккан nur.kz жана tengrinews.kz макалаларында шилтеме аркылуу өтүү кооптуу экенин эксперттер эскерткени тууралуу жазылган. Мындай билдирүүлөр «желедеги шылуундардын интернет-ресурсу/фишинги» деп бааланган.
Мындан тышкары, убакыттын өтүшү менен шилтеменин дареги өзгөрүп турганын белгилеп кетүү зарыл. 2018-жылы билдирүүлөрдүн көбүндө төмөнкү дарек жазылат:
Бир караганда дароо көзгө илинбеген даректин аталышындагы “а” тамгасынын алдында чекит белгисин көрсө болот. Дал ошол чекитти колдонуучулардын көпчүлүгү байкабагынан улам, шылуундардын капкагына түшкөн. Ал кадимки “а” тамгасы эмес, кеңири латын алфавитиндеги башка символ.
Белгилүү бир жазуунун/бренддин тамгаларына окшош болгон символдор коюлуп, окурмандарды таптакыр башка сайтка азгырып кеткен ыкмалар шылуундар арасында жайдары колдонулары анык.
2019-жылы шилтемелердеги “белек берчү” дарек алмашылып, adidas-sports.club жана adidas-footwears.club деген сайттар колдонула баштаган.
Шылуундар кантип акча табышат
Эгерде компьютердин браузерине аталган даректерди жазсак, атактуу фирманын анык adidas.com/us аттуу сайты ачылат. Ал эми ошол эле дарекке мобилдик телефон аркылуу өтө турган болсок, таптакыр башка сайт ачылат. Алгач, колдонуучуга салам жолдогон билдирүү пайда болуп, андан соң ага бир нече суроого жооп берүү сунушталат.
Мисалы: “буга чейин биздин бут кийимди кийгенсизби”, “ал сизге жактыбы же дооматыңыз барбы” деген сыяктуу суроолорго жооп берүү шарт.
Мындан тышкары, маалыматты соцтармактагы 20 доско же WhatsApp тиркемесиндеги тайпаларга жайылтуу, бут өлчөмү тууралуу маалымат калтыруу жана убада кылынган белекти 3 күн күтүү сунушталат.
«Калган бут кийимдердин саны» (оставшиеся пары) аттуу бөлүмүндөгү маалыматтын бат-бат өзгөрүп турарын баса белгилеп кетүү зарыл. Болгондо да, бут кийимдер жөн гана азайбастан, көбөйүп турары логикага сыйбайт.
WhatsApp деген жазууну баса турган болсок, система колдонуучунун телефонундагы контакттарына мүмкүнчүлүк алары тууралуу кабарлайт.
Андан ары башка баракча ачылат:
Баракчанын дареги adidas-offer.club болуп алмашып калганын белгилейбиз.
«Акысыз улантуу» (продолжить бесплатно) баскычын баса турган болсок, түрдүү даректеги дагы башка шилтемелер ачылып, белгилүү бир аракеттерди ырастоо талап кылынат.
ир
Бардык сунуштарды аткарган учурда, «белек берүүчүлөрдүн» чыныгы максаты – телефондо болгон тиркемелерге мүмкүнчүлүк алуу жана колдонуучуга түрдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө ырастоо алуу экени билинет.
Буга чейин белек буйрук кылган учурда система колдонуучунун банк картасынын номери жана паролу тууралуу маалымат талап кылганы боюнча билдирүү тараган. Айрым колдонуучулар сунушталган талаптарды аткарып, анын кесепетинен материалдык чыгым тартканын айтышат. Шылуундардын колуна түшүп, банк картасынан кайсы бир бразилиялык сайттын эсебине 2600 рубль которулганын кабарлаган адамдын видеосу жайылган.
Автордун айтымында, ага буга чейин картадан акча алынганы тууралуу SMS билдирүү келген эмес жана онлайн банкта да акча которулганы тууралу маалымат жок. Видеонун каарманы шылуундардан жапа чеккенин банкомат аркылуу каражат алайын деген учурда гана байкаган.
Factcheck.kg жарнамадагы скриншотто көрсөтүлгөн adidas-sports.club, adidas-footwears.club жана adidas-offer.club аттуу сайттарды текшерип көрүп, алардын жакында гана, июнь-июль айларында катталганын аныктады.
Эмнеге көңүл буруу керек?
Шылуундар тарабынан биз изилдеген жарнама сымал ыкмалар кеңири колдонулат. Анын кесепетинен материалдык чыгым тарткандардын саны арбын. Мындай жарнамага туш болгон учурда, төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
1. Билдирүүнүн мазмуну. Биз кеп кылган жарнамада мааниси жок сөз айкалыштары жана грамматикалык каталар кездешет. Дүйнөлүк ири бренддер мындай кадамга чоң жоопкерчилик менен аттанып, билдирүүнүн мазмунун кылдат текшерери маалым.
2. Шилтемелер. Тексттеги даректер атайын символдорду камтыганына маани берүү.
3. Бир шилтеменин артынан улам кайра башкасы пайда болсо (редирект), ошол замат башка даректи ачуудан баш тартуу.
4. Сунушталган даректерди антивирус орнотулган компьютер же ноутбуктан текшерүү. Себеби,
антивирустун фишинг- дарек тууралуу маалыматты ачуу мүмкүнчүлүгү чоң.
Жыйынтык:
– Акысыз бут кийим жана футболкалар тууралуу билдирүүлөрдүн Adidas фирмасына эч кандай тиешеси жок;
– Жарнама желедеги шылуундар тарабынан кеңири колдонулат. Башкача айтканда, сунушталган даректер аркылуу өтүү менен колдонуучу шылуундарга өзүнүн жеке маалыматын ачат.