(Кыргыз) Бишкек ооруканасына өлүктөр толгону тууралуу тасма —фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда жана айрым сайттарда үрөй учурган тасма тарады. Анда Бишкектеги ооруканалардын биринде өлүктөр эшикте жатат деп кабарланат.

Factcheck.kg маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Argument.kg  сайты макаланы 2020-жылдын 6-июлунда жарыялап,  алгачкы булак катары Asia-times.org  басылмасын көрсөткөн.

The Asia Times макаласы да 6-июлда жарык көргөн.

“Азия Таймс” өз учурунда Life басылмасына шилтеме бергени менен, ал сайттан тиешелүү маалымат табылган жок.

«Кара пакетке оролгон өлүктөр» («трупы в черных пакетах») деп издөө салсак, көптөгөн казакстандык басылмаларга туш болобуз.

Алардын дээрлик бардыгы freedom_kz2020  аттуу инстаграм каналга шилтеме берген.  Тасма 2020-жылдын 5-июлунда жарык көргөн жана андагы комментарийде окуя Актау шаарындагы ооруканалардын биринде болгону айтылат.  Freedom_kz2020 инстаграм баракчасынын ээси тасманын автору эмес экенин кабарлаган.

Ошол эле күнү Мангистау облусунун акимиаты (Актау – Мангистау облусунун борбору – Factcheck.kg)  инстаграм-аккаунтунан бул маалыматты төгүндөгөн.  Мындан тышкары, тасма Мангистау облусунун полиция департаменти тарабынан текшерүүгө алынган.

Белгилей кетсек, Argument.kg  жана  Asia-times.kg сайттары буга чейин да жалган маалыматты таратып келгенин factcheck.kg аныктаган.

Жыйынтык: Фейк. 5-июлда казакстандык инстаграм-баракчасында Актау ооруканасындагы окуя катары жарыяланган.  Ал эми кыргызстандык сайттарда тасма 6-июлда гана тараган.