(Кыргыз) Таажычан вирустун «Аэтерна» деген түрү тууралуу бизге эмне белгилүү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Таажычан вирустун «Аэтерна» деген түрү бул күздө эң көп кездеше баштайт. Америкалык эсперттер ушундай тыянакка келгенин Fortune Well билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, октябрдын биринчи жумасында АКШда таажычан вирустун эң көп аныкталган түрү «Аэтерна» болгон, анын үлүшү 14%га жеткен.

Factcheck.kg редакциясы таажычан вирустун жаңы түрү «Аэтерна» (BA.4.6) жөнүндө маалыматтарды издеп көрдү.

«Аэтерна» жөнүндө эмне белгилүү?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча, «Аэтерна» же ВА.4.6. Omicron’дун түрү болуп эсептелет. Ал рекомбинациянын негизинде пайда болгон. Рекомбинация SARS-CoV-2 (COVID-19’дун себепкери болгон вирус) вирусунун эки түрү бир убакта адамга жукканда пайда болот.

Белгилей кетүүчү жагдай, Omicron бейтаптын өлүмүнө же анын ооруканага жатышына сейрек гана учурда алып келет.

Таажычан вирустун бул түрү – BA.4.6 – биринчи жолу Түштүк Африкада 2022-жылдын январында катталган болчу. Ошондон бери ал дүйнөгө жайыла баштады.

BA.4.6 түрүн жуктургандардын саны өзгөчө тез АКШда (7-октябрга карата жуктургандардын 12%) жана Улуу Британияда (5-сентябрга карата BA.4.6 өсүү темпи 36%ты түзгөн) өсүүдө.

Ал канчалык коркунучтуу?

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо агенттигинин (UK Health security agency) изилдөөсү боюнча, Omicron’дун BA.5. түрүнө караганда BA.4.6 батыраак жайылууда.

Учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Omicron’дун BA.4.6 түрүнүн белгилерин (симптомдорун) изилдей элек.

Өз кезегинде, КРдин Таажычан вирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабы билдиргендей, бүгүн эмдөө гана COVID-19ду, анын ичинде анын эң акыркы түрлөрүн да, жуктуруп алуудан сактай алат.

Тыянак: таажычан вирустун жаңы түрү «Аэтерна» бул күздө эң көп кездеше башташы мүмкүн, бирок ал анчалык деле катуу кесепеттерге алып келбейт.