(Кыргыз) Атамбаев Венера Жуматаевага үй бергенби?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаев “Эркин Европа/Азаттык” Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаевага турак-жай сатып берди деген маалымат тарады. Factcheck.kg маалыматтын чын-бышыгын текшерди.

Бишкектин элиталык жеринде жайгашкан үй тууралуу маалыматты соцтармактын колдонуучулары 183 жолу бөлүшүп, 30 ирээт пикир калтырган.  Ал эми ага реакция кылгандардын саны 56 га жеткен.

Анонимдүү автор «Атамбаев “Азаттыкты” колдонуп жатабы?»  деген суроо узатып, ага дароо «Атамбаев “Азаттык” радиосунун Прагадагы директору Венера Жуматаеваны сатып алган» деген жообун берет.

Тасмада Атамбаев “сатып берген” үйдүн дареги көрсөтүлөт: Бакаев көчөсү, 146 б.

Окуя эмнеден башталган 

19-августта айрым коомдук ишмерлер “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жетекчиси  Джейми Флайга  «Азаттык» үналгысынын Кыргыз кыматынын ишин текшерип коюу өтүнүчү менен кайрылган.

Венера Жуматаева 2001-жылдан тарта Прагада жашап, «Эркин Европанын» башкы кеңсесинде эмгектенет. Ал эми 2010-жылдан тарта «Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматын жетектейт.

Турак-жай кимге таандык?

Тасмада көрсөтүлгөн дарек боюнча үч үй катталган. Башкача айтканда 146-үй үч бөлүктөн туруп, ар биринин ээси башка:

  1. Бакаев көчөсү, 146;
  2. Бакаев көчөсү, 146 а;
  3. Бакаев көчөсү, 146 б.

Акыркы объект Венера Жуматаеванын уулу Эрмекке катталганын Кадастр кызматынын маалыматы тастыктайт.

Жуматаев Эрмек Съезбекович Beeline уюлдук компаниясында Маркетинг байланыштар бөлүмүн жетектеген жана USAID эл аралык уюмунда коомчулук менен байланышуу боюнча координатор болуп эмгектенет. Тиешелүү маалымат анын Facebook соцтармагындагы баракчасында көрсөтүлгөн.

Турак-жай келишим боюнча сатылып алынганын Кадастр кызматынын маалыматы тастыктайт. Социалдык тармакта айтылгандай, үй белекке алынган болсо, тиешелүү маалымат документтерде көрсөтүлмөк.  

 

Ал эми үйдүн 2/3 бөлүгүнүн ээлери бөлөк.  Бакаев көчөсү, 146 дарегинде орун алган объект Асанкулова Алина Акылбековнага таандык.

Үйдүн үчүнчү бөлүгү Бакаев, 146 а дареги боюнча жайгашкан жана ага Орозалиева Гульсагира Онолбековна ээлик кылат.

 

Турак-жайдын баасы

Соцтармакка жайылган тасмага ылайык, Венера Жуматаевага таандык делген үйдүн баасы 360 миң доллар турат. Бирок Эрмек Жуматаев анын үчтөн бирине гана ээ экенин жана үйдүн жайгашкан жерин эске алып, кыймылсыз мүлктүн баасын болжолдуу эсептейбиз.

 «Ваш эксперт» баалоо компаниясы редакциянын суроосу боюнча биз кызыккан аймактагы турак-жайлардын бир квадрат метри  710-870  долларды түзөт деген бүтүм чыгарды. Демек, үйдүн баасы 360 миң долларды түзөөрү бышык.

Документтерге ылайык, Жуматаевге үйдөн үчтөн бири гана — пайдалуу аянты 153 чарчы метрди, ал эми анык аянты 292 чарчы метрди түзгөн объект таандык. Эксперттердин баамында анын баасы 135 миң доллар.

 

Атамбаевдин белегиби?

Тасмада тартылган үй Венера Жуматаевага Атамбаев тарабанан, ага “жан тарууга” берилген деп айтылат. Бул маалыматты далилдөө кыйын болгонуна карабай, Эрмек Жуматаев турак-жай куруу келишимин 2015-жылдын 19-майындп түзгөнүн белгилеп кетүү зарыл. Ал эми 2016-жылдын сентябрь айында ал жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актка ээ болгон.

Видеороликте «Атамбаев “Азаттык” радиосунун Прагадагы директору Венера Жуматаеваны сатып алган» деген доомат коюлат. Эскерте кетчү жагдай, 2017-жылдын март айында мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаева Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо максатында бир нече ЖМКны, анын ичинде «Азаттыкты» 10 млн. сомго сотко берет. Арыз-доонун себеби «Ата Мекен» партиясынын пресс-конференциясын чагылдырган макала болгон. Анда «атамекенчилер» Дача Судагы кырсыктын себеби болгон кандуу жүк Атамбаевге таандык дешкен.

Медиакоомчулук мурдагы президентти арыздарынан баш тартууга үндөгөнүнө карабай, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын май айына чейин кебелген эмес. Ошол кезде «Эркин Европа» үналгысын жетектеп турган Томас Кент менен болгон жолугушуудан кийин гана мурдагы президент Башкы прокуратурага арыздардан баш тартууну сунуштайт.

Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын жаз айларына чейин «Азаттыкка» доомат койгон эмес. Эң оболу, ал тууралуу сөз кылган жок. Демек, 2015-жылдын май айында Венера Жуматаеваны “сатып алууга” негиз болгон эмес. Чоң белекти берген соң, мурдагы президенттин 2017-жылы «Азаттыкты» сотко бериши жана «Азаттыктын» Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин пресс-конференциясын чагылдырышы эч бир логикага туура келбейт.

Жыйынтык:

– Венера Жуматаеванын уулу Бакаев көчөсү, 146 б дарегинде жайгашкан үйгө ээлик кылат – ЧЫНДЫК;

– Үйдүн баасын камтыган маалымат – ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ чын. Турак-жайдын баасы 360 миң сомду түзөт, бирок Эрмек Жуматаевге анын 1/3 гана таандык жана  эксперттердин баамында ал 135 миң долларды түзөт.

– Алмазбек Атамбаевге “жан тартууга” арналып, белекке берилген үй. Бул маалыматты ДАЛИЛДӨӨ МҮМКҮН ЭМЕС.

Эгерде чындап Атамбаев 2015-2016-жылдары «Азаттыкты» “сатып алган” болсо, 2017-жылы Дача-Судагы кырсык чагылдырылат беле? Макаланын кесепетинен миллиондорду өндүрткөн башпрокурордун арызы катталат беле?