(Кыргыз) Египет фараонунун «паспортун» текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Египет фараону Рамзес II ге паспорт берилген деген маалымат менен бир нече жылдан бери бөлүшүп келет. Анда төмөнкүдөй айтылат:

«Паспортундагы сүрөтүнө канааттанбаган көпчүлүк фараон Рамзес II ге паспорт ыйгарылганы тууралууу билбесе керек». Бул маалымат тиешелүү сүрөт менен коштолуп, интеренет айдыңында кеңири жайылып жүрөт. Египет фараонунун денеси Каирдеги музейде 1974-жылга чейин сакталган. Бирок археологдор мумия кыйроого алдында турат деген тыянак чыгаргандыктан, ал Адам аталыштагы Музейге которулган деп жазылып жүрөт.

Дал ошол мезгилде фараондун денесин көчүрүү тез жана ыңгайлуу болсун үчүн, ага паспот берилген имиш.  Божомол тиешелүү сүрөт менен коштолгонуна карабай, сүрөт 70-жылдарга таандык эмес, заманбап деген ой калтырат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/5496f9b36c974f66e3bdd268e66023b7a3889a72.jpeg?resize=640%2C304&ssl=1

 

Factcheck.kg буга күмөн санап, маалыматтын чын-төгүнүн бышыктап көрдү.

«Ramses II passport» деп издөө салып, ар түрдүү сайтта паспорттун көрүнүшү ар кыл экенин байкайбыз.

 

Screenshot_1

Ал эми 70-жылдарда паспорттор кандай эле? Аныктап көрөлү.

Алгач «egyptian passport» деп издөө салып, Египетте 2008-жылдан тарта сканерлөөгө мүмкүн болгон жаңы үлгүдөгү паспорт ишке киргенин аныктайбыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/97b3d4ec1e12bea359134f778c04ff60d03f3916.jpeg?resize=640%2C359&ssl=1

Ал кочкул жашыл түстө. Паспортто Египеттин герби тартылып, анын төмөнүндө  «جواز سفر»,  ал эми жогору жагында «جمهورية مصر العربية» деген жазууну көрсө болот. Документ 52 беттен туруп, оңдон сол тарапты көздөй жайгашкан. Араб жазуусу англис тилиндеги котормо менен коштолгон. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин жазуу араб жана француз тилинде болгон.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2f9e4ce7ef455497e4371b8c75374780ece97568.jpeg?resize=640%2C361&ssl=1

Демек, 1974-жылы паспорттогу текст англис тилинде эмес болгон, мындан тышкары, ID-карта түрүндө болгон эмес деп тыянак чыгарабыз.

Паспорттогу сүрөттү анализдеп, фараондун «портрети» орун алган жай сүрөттүн башка аймактары менен дал келбегенин байкайбыз.  Мындан тышкары, паспорттун төмөн жагы даана ажыратылып турганын көрөбүз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/01c0cf773448c175a306e6969785f03320782a42.jpeg?resize=640%2C453&ssl=1

Эми фараонго паспорт берилген жагдайды текшеребиз. Тиешелүү сөздөр аркылуу издөө салсак, буга чейин сүрөт аркылуу издегенде чыккан макалалар кайрадан эле пайда болот.

Мындан тышкары, National Geographics журналы 1974-жылы көчүрүлгөн мумия тууралуу баяндаган. Бирок, бул макалада биздин текшерүүгө кабылган сүрөт пайдаланылган эмес эле.

Жыйынтык:

Маалыматтын жарымы төгүн, жарымы чын. Фараондун денесинин көчүрүлүшү тууралуу окуя— чындык. Ал эми окуяны коштогон паспорт —фейк.